КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы №424 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 4-июну № 208 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартууну токтотуу жөнүндө Республикада жарандарды жањы үлгүдөгү улуттук паспорттор мененкамсыздоо процесси турукташкандыгына байланыштуу, ошондой эле КыргызРеспубликасынан тышкары жүргөн жарандардын кызыкчылыктарын камсыз кылуумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү пас-портунун колдонуу мөөнөтүн узартуу 2007-жылдын 1-сентябрынан тартыптоктотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү, аныничинде белгиленген тартипте узартылган паспорту анын колдонуумөөнөтүнүн аягына чейин анык экендиги белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети мененбирдикте Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарга Кыргыз Рес-публикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун узартуу2007-жылдын 1-сентябрынан тартып токтотула тургандыгы жөнүндө маалымдообоюнча иштерди жүргүзсүн. 4. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү пас-портунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындага № 178 токтому 2007-жылдын 1-сентяб-рынан тартып күчүн жоготту деп табылсын. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри А.Атамбаев