Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-июлу № 446 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июлу №424
Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын камсыздоо, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү төмөнкүдөй узартылсын:
- 60 жашка чейинки курактагыларга 2011-жылдын 31-декабрына чейин;
- 60 жаштагы жана андан жогорку курактагыларга мөөнөтсүз.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы N 213 токтомунун редакциясына ылайык )
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү, бузулган (химиялык, механикалык жана башка бузулуулар) паспортторду кошпогондо, жарактуулук мөөнөтү бүткөн паспорту узартылаары;
- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы N 213 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту акысыз, жарандын каалоосу боюнча, берген арызына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылаары.
- жарактуулук мөөнөтү ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык узартылган, Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту 2012-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга чыгуу үчүн жараксыз, буга Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуулук мөөнөтү аяктай элек паспорттору кирбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жарактуулук мөөнөтүн узартууда зарыл шарттарды түзсүн жана жарандардын натыйжалуу тейленишин уюштурсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрликтерине Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин узартылганы жөнүндө кабарласын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-июнундагы №208 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартууну токтотуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулушу, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | И.Чудинов |