Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 20-декабрындагы № 704 токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор II. УАКтын милдеттери III. УАКтын функциялары IV. УАКтын укуктары V. УАКтын ишин уюштуруу VI. УАКтын мүлкү жана аны каржылоо VII. УАКтын ишин токтотуу 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы (мынданары - УАК) бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана жогорку ква-лификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо-чу, аларга окумуштуулук даражаларды берүүнү, окумуштуулук наамдарды ый-гарууну, ошондой эле ушул чөйрөдө башкарууну ишке ашыруучу Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик илимий-эксперттик орган бо-луп эсептелет. 2. УАК өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын жана Кыргыз Респуб-ликасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ушул Жобону жетекчиликкеалат. 3. УАК уюштуруучу-укуктук формада түзүлгөн мекеме катары юридика-лык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, эсеп-кысабы, ага беки-тилип берген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүтүшүрүлгөн, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылганмөөрү бар. 4. УАКтын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. 5. УАКтын расмий аталышы - "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттес-тациялык комиссиясы", кыскартылганы - "УАК". II. УАКтын милдеттери 6. УАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу, жогорку квалифика-циялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатын-дагы ишмердикти контролдоону жана координациялоону ишке ашыруу; - Кыргыз Республикасынын илимий потенциалын калыптандырууга каты-шуу, илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын сапаттык курамын жак-шыртууга, аларды даярдоонун натыйжалуулугун жана коом менен мамлекеттиккеректөөлөрүн, илимди, билим берүүнү, техниканы жана маданияттыөнүктүрүү келечектерин эске алуу менен пайдаланууну жогорулатууга көмөккөрсөтүү: - жогору квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар-ды аттестациялоо жаатындагы башкаруу функцияларын жүзөгө ашыруу; - жогору квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар-ды аттестациялоо жаатындагы мамилелерди ченемдик-укуктук жөнгө салуунукамсыз кылуу; - жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадр-ларды аттестациялоо жаатындагы эларалык кызматташтыкты уюштуруу жанаөнүктүрүү, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет-тердин, Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бир-диктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө катышуу. III. УАКтын функциялары 7. УАК өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функциялардыаткарат: - өз компетенциясынын чегинде диссертациялык эксперттик кењештердитүзүүнүн жана алардын ишин уюштуруунун тартибин аныктайт; - илимдин докторунун, илимдин кандидатынын окумуштуулук даражала-рын берүүнүн жана профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердинокумуштуулук наамдарын ыйгаруунун тартибин аныктайт; - доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча дис-сертациялык кењештерди түзөт, ушул кењештердин персоналдык курамын бе-китет жана диссертацияларды коргоого кабыл алуу укугу берилүүчү илимийадистиктердин тизмесин аныктайт; - Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер-дин жана Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бир-диктүү илимий-билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташтыктыөнүктүрүү максатында мамлекеттер аралык диссертациялык кењештердитүзүүгө катышат; - диссертациялык кењештердин ишмердигине контролдук кылат, алардынтажрыйбасын үйрөнүү жана жалпылоо максатында ушул кењештердин жетекчи-леринин отчетторун угат, ошондой эле Илимий кызматкерлердин адистикте-ринин номенклатурасына киргизилчү өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен ар бирилимий адистик боюнча диссертациялык кењештердин тармактарын кайра ка-райт; - тийиштүү диссертациялык кењештин өтүнмөсүнүн негизинде илимдиндокторунун, илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасын берет; - тийиштүү окумуштуулар (илимий-техникалык) кењештин сунушу боюнчапрофессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамда-рын ыйгарат; - республикада корголгон диссертациялардын эсебин алат, аларгаталдоо жүргүзөт жана алар боюнча белгиленген тартипте кызыккан уюмдаргатийиштүү маалыматтарды берет; - диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын жарыялоо үчүнилимий журналдардын жана басылмалардын тизмесин аныктайт; - эксперттик кењештерди түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибинаныктайт; - окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жөнүндөгү мам-лекеттик үлгүдөгү документтердин формаларын иштеп чыгат жана бекитет,бул документтердин Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайыкчет өлкөлөрдө ырасталышы, таанылышы жана эквиваленттүүлүгү менен байла-нышкан маселелерди чечет; - белгиленген тартипте илимдин докторунун жана илимдин кандидаты-нын дипломдорун, профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердинаттестаттарын толтурат жана берет; - чет мамлекеттерде алынган окумуштуулук даражалар жана окумуштуу-лук наамдар жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн таануу тартибинаныктайт, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайыккөрсөтүлгөн документтердин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдү бе-рет; - окумуштуулук даражалардын жана окумуштуулук наамдардын эквива-ленттүүлүгүн таануу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен келишимдерди (ма-кулдашууларды) түзбөгөн мамлекеттерде берилген (ыйгарылган) окумуштуу-лук даражалары (окумуштуулук наамдары) бар республиканын илимий жанаилимий-педагогикалык кадрларын кайрадан аттестациялоону ишке ашырат; - өз компетенциясынын чегинде окумуштуулук даражалардын жана оку-муштуулук наамдардын эквиваленттүүлүгүн таануу жөнүндө Кыргыз Республи-касы менен келишимдерди (макулдашууларды) түзгөн башка мамлекеттердеалынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын окумуштуулук даражалардыберүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү документтерин ност-рификациялоону (тењештирүүнү) жүргүзөт; - маалымат технологияларынын өнүгүшүнүн бүгүнкү дүйнөлүк дењгээлинэске алуу менен илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестация-лоо жаатындагы маалыматташтырууну ишке ашырат; - илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселе-си боюнча эларалык уюмдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынынталамдарын көздөйт, ошондой эле ведомстволор аралык мүнөздөгү эларалыккелишимдерди түзөт жана УАКтын компетенциясына кирген маселелер боюнчаКыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринин долбоорун даярдоого ка-тышат; - жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадр-ларды аттестациялоо маселелери боюнча чет мамлекеттер менен түзүлгөнкелишимдерден, эларалык кызматташтык программаларынан, ошондой эле ве-домстволор аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан Кыр-гыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат; - өз компетенциясынын чегинде ЖОЖдордун, илимий мекемелердин, бас-малардын, аларга жогорку окуу жайлардагы билим алуудан кийинки програм-малардын жүзөгө ашырылышына (докторантуранын, аспирантуранын, из-денүүчүлүк) жана илимий басма продукция чыгарууга укук берүүчү алардынстатусун аныктоо жагында аккредитациясына катышат; - таламдаш министрликтер, ведомстволор жана уюмдар менен бирдиктеилимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасын жакшыртуу боюнчаиш жүргүзөт; - белгиленген тартипте жогорку квалификациялуу илимий жана илимийпедагогикалык кадрларды даярдоо боюнча нормативдик жана укуктук доку-менттерди иштеп чыгууга катышат; - УАКтын ишин маалыматташтыруу жана УАКтын маалымат түйүнүн түзүүбоюнча иштерди жүргүзүү; - УАКтын иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт. (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 20-декабрындагы № 704 токтомунун редак-циясына ылайык) IV. УАКтын укуктары 8. УАК төмөндөгүдөй укуктарга ээ: - " - диссертациялык жана окумуштуулар (илимий-техникалык) кењеш-тердин жетекчилеринин иш тажрыйбасын үйрөнүү жана жалпылоо максатындаалардын отчетторун угууга; - диссертацияларды коргоонун аныкталган тартибин одоно бузганучурда диссертациялык кењештерди диссертацияларды коргоого алуу укугу-нан ажыратууга жана алардын ишмердигин токтотууга; - зарыл болгон учурда расмий оппоненттерди дайындоого, диссертаци-ялык иштерди экспертизалоо жана диссертациялык кењештердин ишмердигинтекшерүү үчүн жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга; - ведомстволук таандыктыгына карабастан диссертацияларды коргообоюнча кењештер жана илимий (илимий-техникалык) кењештер иштеген уюмдарменен мекемелерден ар жылдык илимий-уюштуруу жана статистикалык отчет-торду жана зарыл учурларда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынанилимий жана илимий-педагогикалык кадрларды - аттестациялоону өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жанажүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды белгилеген тартипте алууга; - жогору квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар-ды аттестациялоонун мамлекеттик системасын өркүндөтүү, диссертациялар-дын илимий дењгээлин жана колдонуу баалуулуктарын жогорулатуу мененбайланышкан маселелерди талкуулоо боюнча белгиленген тартипте кењешме-лерди чакырууга; - өз компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк аттестациялык уюмдар ме-нен эларалык кызматташтыкты жүргүзүүгө, жогору квалификациялуу илимийжана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселеси боюнча эла-ралык уюмдардын ишине катышууга; - УАКтын бюллетенин басып чыгарууга жана таратууга, ошондой элежогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды ат-тестациялоо менен байланышкан башка материалдарды жарыялоо үчүн даярдо-ого. V. УАКтын ишин уюштуруу 9. УАКка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу төра-га жетекчилик кылат. УАКтын төрагасынын бир орун басары - УАКтын башкыокумуштуу катчысы болот, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининбуйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. УАКтын тө-рагасы УАКка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жооп берет жа-на анын ишине жетекчилик кылат. 10. УАКтын курамынын ыйгарым укугуна УАКтын башка башкаруу орган-дарынын компетенциясына тиешелүү маселелерден башка ушул Жободо карал-ган маселелер боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу кирет. УАКтынтүзүмү жана штаттык саны УАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. 11. УАКтын курамынын иш формасы болуп жыйын эсептелет. УАКтын жы-йыны зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.УАКтын жыйыны УАКтын төрагасы тарабынан чакырылат жана анын курамынынжарымынан көбүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. УАКтын чечими жыйынга ка-тышкан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 12. УАКтын курамынын жыйындарынын аралыгында аттестациялоонунучурдагы маселелерин тез чечүү үчүн 15 мүчөдөн: УАКтын төрагасы (кызматорду боюнча) жана төраганын орун басары - УАКтын башкы окумуштуу катчы-сы (кызмат орду боюнча), башка көрүнүктүү окумуштуулар, илимдин, техни-канын, билим берүүнүн, маданияттын негизги багыттарынын адистери, жо-горку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даяр-доону активдүү ишке ашырып жатышкан министрликтер менен ведомстволордунжетекчилеринен турган УАКтын президиуму иш жүргүзөт. УАКтын президиуму-нун персоналдык курамы УАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. УАКтын президиумунун чечимдери жыйынга УАКтын президиуммүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда толук укукка ээболот. УАКтын президиумунун чечимдери жыйынга катышуучу УАКтын президи-ум мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык же жашыруун до-буш берүү аркылуу кабыл алынат. 13. УАКтын президиумунун компетенциясына тиешелүү негизги маселе-лердин ичине төмөнкүлөр кирет: - доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча дис-сертациялык кењештерди түзүү, алардын персоналдык курамын бекитүү жанадиссертацияларды коргоого кабыл алуу укугу бериле турган илимий адис-тиктердин тизмесин аныктоо; - эксперттик кењештердин корутундуларынын негизинде диссертациялыккењештердин ишин токтото туруу же биротоло токтотуп коюу; - диссертациялык кењештердин ишмердигине контролдук кылуу, алардыниш-тажрыйбасын үйрөнүү жана жалпылоо максатында диссертациялык кењеш-тердин жетекчилеринин отчетторун угуу; - тийиштүү диссертациялык кењештин өтүнүчүнүн негизинде илимдиндокторунун жана кандидатынын окумуштуулук даражасын берүү; - тийиштүү окумуштуулар (илимий-техникалык) кењешинин сунушу боюн-ча профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин наамдарын ыйгаруу; - өз компетенциясынын чегинде окумуштуулук даражаларды берүүнү жа-на окумуштуулук наамдарды ыйгарууну таануу жөнүндө Кыргыз Республикасыменен келишимдерди (макулдашууларды) түзгөн башка мамлекеттерде окумуш-туулук даражалар жана окумуштуулук наамдар ыйгарылгандыгы жөнүндө доку-менттерди нострификациялоо (тењештирүү) жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; - өз компетенциясынын чегинде окумуштуулук даражаларды жана оку-муштуулук наамдарды таануу жана алардын эквиваленттүүлүгү жөнүндө Кыр-гыз Республикасы менен келишимдерди (макулдашууларды) түзбөгөн мамле-кеттерде берилген (ыйгарылган) окумуштуулук даражалары жана окумуштуу-лук наамдары бар Кыргыз Республикасынын жарандарын кайрадан аттестация-лоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; - окумуштуулук даражаларды берүү менен байланышкан диссертациялыккењештердин, ошондой эле окумуштуулук наамдарды ыйгарууга байланышканокумуштуулар (илимий-техникалык) кењештердин чечимдерине апелляцияларбоюнча чечим кабыл алуу; - эксперттик кењештерди түзүү. 14. Диссертациялык кењештерди түзүү (кайра бекитүү, алардын ишинтоктото туруу же токтотуп коюу) жөнүндө УАКтын президиумунун чечимдериУАКтын төрагасынын буйруктары менен таризделет. 15. УАКтын төрагасы: - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен УАКтын системасын-дагы иштерди каржылоонун көлөмү жана тартиби боюнча сунуштарды даяр-дайт, УАКтын аппаратынын кызматкерлеринин белгиленген санынын жана эм-гек акы фондунун чегинде УАКтын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндөжобону, ошондой эле тиешелүү мезгилге бекитилген бюджеттик каражаттар-дын чектеринде аны күтүүгө чыгымдардын сметасын бекитет; - УАКтын, президиумдун жана УАКтын аппаратынын ишин уюштурат,төраганын орун басарынын - УАКтын башкы окумуштуу катчысынын милдетте-рин аныктайт; - УАКты каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын чектеринде кредиттердибөлүштүрүүчү болуп саналат; - өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана жогорку квалифика-циялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо, оку-муштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу маселе-лери менен байланышкан нускамаларды чыгарат. Алардын аткарылуусунаконтролду жана текшерүүнү ишке ашырат, ошондой эле өз компетенциясынынчегинде УАКтын курамынын (мүчөлөрүнүн), Президиумдун жыйындарында кабылалынган чечимдерге, окумуштуулук даражалардын берилгендиги жөнүндөгүдипломдорго жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү аттестаттаргакол коет; - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дары, башка мамлекеттик, коомдук жана эларалык уюмдар менен өз ара бай-ланыш түзүү маселелери боюнча УАКтын атынан чыгат. Төраганын орунбасары - УАКтын башкы окумуштуу катчысы түздөн-түзтөрагага баш ийет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чектериндежүзөгө ашырат. 16. Диссертациялардын илимий дењгээлине, алардын илимий жана прак-тикалык баалуулугуна, диссертациялык кењештердин ишине, аттестацияжүргүзүүдөгү талаптардын бирдиктүүлүгүнө контролдукту камсыздоо макса-тында, ошондой эле УАК үчүн рекомендацияларды даярдоо үчүн УАКтын пре-зидиуму илим, техника, билим берүү жана маданият жаатындагы көрүнүктүүилимпоздордун жана адистердин ичинен эксперттик кењештерди түзөт. Эксперттик кењештер жогорку окуу жайлардын, академиялык жана тар-мактык илим-изилдөө институттарынын, илимий жана илимий-өндүрүштүк би-рикмелердин, башка уюмдардын сунуштарын эске алуу менен түзүлөт жанаУАКтын төрагасынын буйруктары менен бекитилет. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо система-сынын ишине окумуштуулардын жана адистердин катышуусу алардын коом-дук-илимий ишмердигинин маанилүү жагы катары каралат жана эсепке алы-нат. 17. УАКтын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестация-лоо, диссертациялардын жана аттестациялык иштердин экспертизасын камсызкылуу жана уюштуруу, УАКтын президиумунун жыйындарында иштерди кароогодаярдоо маселелери боюнча УАКтын ишин уюштуруу жана техникалык жактанкамсыз кылууну жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдөрдү камтыган өз аппаратыбар, алар илимдин, техниканын, билим берүүнүн жана маданияттын тиешелүүбагыттары боюнча аттестациялоо жүргүзүүнүн сапаты үчүн жоопкерчиликтеболот. УАКтын аппаратынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды ат-тестациялоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетектөөчү кызмат-керлеринин кызмат орундарын илимий даражасы бар адистер гана элей алат. VI. УАКтын мүлкү жана аны каржылоо 18. УАКтын имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттикменчик болуп саналат жана УАКка оперативдүү башкаруу укугунда бекити-лет. 19. УАКтын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жанакаржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт. 19-1. Атайын каражаттар бюллетендерди сатуудан, илимдин докторло-рунун жана кандидаттарынын дипломдорунун жана алардын кошумча баракта-рынын, профессор, доцент жана улук илимий кызматкерлердин аттестаттары-нын бланктары үчүн акы төлөөдөн, чет өлкөлүк жарандардын, изденүүчүлөр-дүн, менчик жана коммерциялык окуу жайлардын жана илимий мекемелердинаттестациялык иштерин жана диссертацияларын экспертизалоодон, докторлукдиссертациялардын аннотацияларын жарыялоолордон түшкөн каражаттардынэсебинен түзүлөт. (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 20-декабрындагы № 704 токтомунун редак-циясына ылайык) VII. УАКтын ишин токтотуу 20. УАКты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 21. УАКты кайра уюштуруу учурунда мүлк, материалдар жана жабдууларанын укугун мурастоочуга берилет. 22. УАКты жойгон учурда ал иштеп жаткан мезгилде келип чыккан до-кументтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.