Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы N 425 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИшкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 20-декабры N 704 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын ишининнатыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын масе-лелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнунда-гы N 212 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук аттес-тациялык комиссиясы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: - 7-пунктта: экинчи абзацтагы "диссертациялык" деген сөздөн кийин "эксперттик"деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "- УАКтын ишин маалыматташтыруу жана УАКтын маалымат түйүнүн түзүүбоюнча иштерди жүргүзүү; - УАКтын иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт."; - 19-пункт "республикалык бюджеттен" деген сөздөрдөн кийин "атайынкаражаттардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршыкелбеген каржылоонун башка булактарынан" деген сөздөр менен толуктал-сын; - VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын: "19-1. Атайын каражаттар бюллетендерди сатуудан, илимдин докторло-рунун жана кандидаттарынын дипломдорунун жана алардын кошумча баракта-рынын, профессор, доцент жана улук илимий кызматкерлердин аттестаттары-нын бланктары үчүн акы төлөөдөн, чет өлкөлүк жарандардын, из-денүүчүлөрдүн, менчик жана коммерциялык окуу жайлардын жана илимий ме-кемелердин аттестациялык иштерин жана диссертацияларын экспертизалоо-дон, докторлук диссертациялардын аннотацияларын жарыялоолордон түшкөнкаражаттардын эсебинен түзүлөт.". Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов