КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 29-июну № 252
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү
стратегиясын жүзөгө ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2007-2010-жылдарга өлкөнү
өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" 2007-жылдын 16-майындагы N 249 Жарлыгын
ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Рес-
публикасынын борбордук органдарынын, жеке сектордун, өкмөттүк эмес уюм-
дардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2007-2010-жылдарга
өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын иш-чараларынын планын (мындан ары -
Иш-чаралардын планы) жүзөгө ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктир-
бестен Иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпылоо
үчүн Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлигине отчет берип турушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чара-
лардын планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган отчет берсин.
3. 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу-
нун жүрүшүн жана мониторингин чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин тиркелген планы бекитилсин.
4. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, облустардын мам-
лекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруунун
жүрүшүн жана мониторингин чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн иш-аракеттеринин тиркелген планын аткарууга алышсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жүктөл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 29-июнундагы
N 252 токтому менен
бекитилген
2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын
(ӨӨС) жүзөгө ашыруунун жүрүшүн жана мониторингин
чагылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
ИШ-АРАКЕТТЕРИНИН ПЛАНЫ
-----------------------------------------------------------------------
|N| Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу | Жооптуу |
| | | мөөнөтү | аткаруучулар |
|-|------------------------------------|------------|-----------------|
|1|2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү |2007-жылдын |Экономсоодамин |
| |стратегиясынын текстин кыргыз, |5-июлу | |
| |орус жана англис тилдеринде жарыялоо| | |
|-|------------------------------------|------------|-----------------|
|2|Республиканын калкынын кењири |2007-жылдын |Экономсоодамин |
| |катмары үчүн жеткиликтүү кыскача |5-июлу | |
| |баяндоо менен 2007-2010-жылдарга | | |
| |өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын | | |
| |адаптацияланган вариантын иштеп | | |
| |чыгуу | | |
|-|------------------------------------|------------|-----------------|
|3|2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү |2007-жылдын |Экономсоодамин |
| |стратегиясынын адаптацияланган |5-июлу | |
| |вариантынын кыргыз, орус жана англис| | |
| |тилдериндеги текстин жарыялоо | | |
|-|------------------------------------|------------|-----------------|
|4|"2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү|2007-жылдын |Экономсоодамин, |
| |стратегиясы" темасында региондук |июль-августу|облустардын |
| |семинарларды өткөрүү | |мамадминис- |
| | | |трациялары, |
| | | |Бишкек жана Ош |
| | | |шаарларынын |
| | | |мэриялары |
|-|------------------------------------|------------|-----------------|
|5|2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү |ай сайын |Экономсоодамин, |
| |стратегиясын жүзөгө ашыруунун | |облустардын |
| |жүрүшүн чагылдыруу боюнча | |мамадминис- |
| |телекөрсөтүүдө жана радиодо | |трациялары, |
| |берүүлөрдүн циклин уюштуруу | |Бишкек жана Ош |
| | | |шаарларынын |
| | | |мэриялары |
|-|------------------------------------|------------|-----------------|
|6|Жогорку жана орто кесиптик билим |2007-жылдын |Экономсоодамин, |
| |берүү мекемелери үчүн семинарлардын |сентябрь- |Билимберүүмин, |
| |циклин өткөрүү |декабры |Мамкесиптик- |
| | | |техагенттиги |
|-|------------------------------------|------------|-----------------|
|7|2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү |2007-жылдын |Кыргыз |
| |стратегиясын жүзөгө ашыруунун |июль-декабры|Республикасынын |
| |жүрүшүн мыкты чагылдырууга жалпыга | |Өкмөтүнүн |
| |маалымдоо каражаттардын арасында | |Аппараты, |
| |конкурс өткөрүү | |Экономсоодамин |
-----------------------------------------------------------------------