ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 294 «Жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоону камсыздоо боюнча кызматташуу жөнүндө 1995-жылдын 26-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому

Редакция25.07.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 25-июлу № 294                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          "Жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан       коргоону камсыздоо боюнча кызматташуу жөнүндө 1995-жылдын          26-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну            ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын                        Мыйзам долбоору жөнүндө      Жарандык авиацияны  мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоону кам-сыздоо боюнча кызматташуу жөнүндө 1995-жылдын 26-майында Минск шаарындакол коюлган   макулдашуунун   10-статьясына   ылайык  мамлекет ичиндегижол-жоболорду аткаруу  максатында,  ошондой эле "Кыргыз Республикасынынэл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдикукук актылары  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Жарандык  авиацияны  мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоонукамсыздоо боюнча  кызматташуу жөнүндө 1995-жылдын 26-майында Минск шаа-рында кол  коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министриаталган мыйзам  долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.       Кыргыз Республикасынын      Премьер-министри                                     А.Атамбаев