КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 1-августу № 304 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу убактылуу өтүү режимин "Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү пунктуна киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июлундагы № 265 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү пунктунда кыргыз-казак мамлекеттикчегарасынан өткөн адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу убактылууөтүү режимин "Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү пунктуна киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июлундагы № 265
токтому-нун 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. 2007-жылдын 31-декабрына чейин "Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүүпунктунан адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктүөткөрүүнүн режими төмөнкүлөр үчүн күнү-түнү болуп белгиленсин: - эл аралык жүргүнчүлөрдүн туруктуу каттамы; - Казакстан Республикасынын бажы кызматынын жеткирүүнү контролдоосистемасы (АСКДТ) боюнча Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу тран-зит менен бараткан жүк ташуучу автотранспорт каражаттары; - жењил автотранспорт каражаттары; - кыргыз-казак мамлекеттик чегарасын жөө басып өткөн адамдар.". 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын мамлекеттик чегарасы аркылуу "Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү пун-ктунда өткөрүү режимине өзгөртүү киргизилгендиги жөнүндө казак тарапкамаалымдасын. 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев