Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-августу № 309 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык кењешинин аймагынан пайдалуу казындылардын кенин иштетүү жана кыш заводун куруу үчүн "Дишан-Курулуш" өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономикасына тике инвестицияларды тартуумаксатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,284-статьяларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-нин 4, 5, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администра-
циясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республика-
лык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун
Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин аймагында пайдалуу казынды-
лардын кенин иштетүү жана кыш заводун, автоклавдык газбетон өндүрүү
боюнча заводду жана түтүн шахталарын (вентиляциялык блокторду) өндүрүү
боюнча заводду куруу үчүн аянты 6,0 га болгон жайыт жерин Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча
мамлекеттик агенттик тарабынан берилген иштетүү максатында жер казына-
сын пайдалануу укугуна 2005 - жылдын 2-ноябрындагы № 865 ТЕ лицензияга
ылайык "Дишан - Курулуш" өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген
коомуна ижара шартында 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү
жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Дишан-Ку-рулуш" өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Дишан-Курулуш" өндү-рүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республика-сынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтү менен жеручастогуна ижара келишимин түзүүсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 4. "Бишкек курулуш материалдары" акционердик коомуна жер берүү жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 3-ноябрындагы N 532токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пункттагы "60" жана "20" деген сандар тиешелүү түрдө "54" жана"14" деген сандарга алмаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев