Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 8-августу № 321 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Депортацияланган адамдардын, улуттук азчылыктардын жана элдердин укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелер боюнча 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга карата 2003-жылдын 30-майында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
64-статьясына ылайык, мам-лекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Депортацияланган адамдардын, улуттук азчылыктардын жана элдер-дин укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелер боюнча1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга карата 2003-жылдын 30-майындаСанкт-Петербург шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басары(макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Депортацияланган адамдардын, улуттук азчылыктардын жана элдердин укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелер боюнча 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга карата 2003-жылдын 30-майында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө 1-статья. Депортацияланган адамдардын, улуттук азчылыктардын жана элдердинукуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелер боюнча 1992- жылдын9-октябрындагы макулдашууга карата 2003-жылдын 30-майында Санкт-Петер-бург шаарында кол коюлган Протокол ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болупсаналган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине ратификациялык гра-мотаны депонирлесин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.