Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
               Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн           2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомуна ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 8-августу № 321                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ           "Депортацияланган адамдардын, улуттук азчылыктардын        жана элдердин укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан       маселелер боюнча 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга      карата 2003-жылдын 30-майында Санкт-Петербург шаарында кол           коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз          Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу      Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык, мам-лекет  ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат:     1. "Депортацияланган адамдардын, улуттук азчылыктардын жана элдер-дин укуктарын   калыбына   келтирүүгө   байланышкан   маселелер  боюнча1992-жылдын 9-октябрындагы  макулдашууга  карата 2003-жылдын 30-майындаСанкт-Петербург шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.     2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењеши-нин кароосуна жиберилсин.     3. Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи  орун  басары(макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењеши караган учурда  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  расмийөкүлү болуп дайындалсын.      Кыргыз республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ         Депортацияланган адамдардын, улуттук азчылыктардын жана     элдердин укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелер         боюнча 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга карата          2003-жылдын 30-майында Санкт-Петербург шаарында кол               коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө      1-статья.      Депортацияланган адамдардын,  улуттук  азчылыктардын жана элдердинукуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелер боюнча 1992- жылдын9-октябрындагы макулдашууга  карата 2003-жылдын 30-майында Санкт-Петер-бург шаарында кол коюлган Протокол ратификациялансын.      2-статья.      Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги  депозитарий  болупсаналган  Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине ратификациялык гра-мотаны депонирлесин.      3-статья.      Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.