КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 15-августу № 336 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө Жер казынасын пайдаланууга укуктарды лицензиялоо системасынөркүндөтүү максатында жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген: Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартибижөнүндө жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-июнундагы № 338"Кыргыз Республикасында жер байлыктарын пайдаланууну жана жапырт жайыл-ган пайдалуу майда кендерди пайдаланууну лицензиялоо жөнүндө" токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандан 15күндөн кийин күчүнө кирет. Премьер-министр А.Атамбаев