Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-августу № 339 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 "Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488"Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автор-дук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөйөзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн ав-тордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо: - 4 пунктун "в)" пунктчасынын "үн жазуу студиялары" деген сөздөр", уюлдук телефондор (рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыњгы-роо обондорун таратуучулар" деген сөздөр менен толукталсын; Аталган Жобонун № 3 тиркемесинде: - тиркеменин аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин уюлдук телефондор(рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыњгыроо обондору формасын-да үн- жана видеожазуу (фонограммалар жана видеофильмдер) жолу мененкайра чыгаруу жана жайылтуу үчүн, үн- жана видеожазуу (фонограммаларжана видеофильмдер) нускаларын жана прокатка берилүүчү компьютердикпрограммаларга интерактивдүү типтеги ("мультимедиа") программаларды бе-рүү үчүн автордук сый акылардын чендери"; - төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:"-----------------------------------------------------------------------|3.|Автордук укук жана чектеш укуктар | 10 - чыгармаларды || |объектилерин уюлдук телефондор | таратуунун ар бир учуру || |(рингтондор, ринбэктондор, | үчүн берүү баасынан || |реалтондор) үчүн шыњгыроо | || |обондору формасында жайылтуу | |----------------------------------------------------------------------- ". 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев