Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-августу № 350
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык
өнүктүрүүнүн 2007-жылдын биринчи жарымындагы
жыйынтыктары жана 2007-жылдын экинчи жарымына
карата милдеттер жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-июлундагы N 359, 2008-жылдын 30-декабрындагы №737
токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылдын биринчи жарымында эконо-
микалык өсүштүн темптери мурдагы жылдарга караганда жогорураак болгонун
белгилейт. Өсүштүн жакшы темптерине экономиканын бардык негизги сектор-
лорунда жетишилди. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө байкалган жакшы
тенденцияларды кармап калуу жана күчөтүү, ошондой эле Өлкөнү
өнүктүрүүнүн 2007-2010-жылдарга карата стратегиясында жана Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга карата иш-аракеттер планында каралган
максаттарга жетүү боюнча максаттуу иш жүргүзүлдү.
2007-жылдын биринчи жарымында ИДП өндүрүшү 49324,4 млн. сом болду
жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9,2 процентке
көбөйдү. "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда
ИДПнын өсүшү 11,3 процент болду.
ИДПнын өсүшүнө негизинен кызмат көрсөтүү (6,2%), өнөр жайлык
өндүрүш (0,5%), айыл чарба (0,5%) жана курулуш (7%) тармактары таасир
тийгизди.
2007-жылдын январь-июнунда инфляциянын дењгээли 4,6 процентти
түздү. Мында азык-түлүк товарларга баалар 6,9 процентке, азык-түлүк
эмес товарлардын баасы-2,9 процентке, кызмат көрсөтүүлөр-1,6 процентке
кымбаттады. Сомдун АКШ долларына карата курсу туруктуу бойдон калды.
2007-жылдын биринчи жарымында негизги капиталга 6389,8 млн. сом
инвестиция өздөштүрүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштыр-
ганда 43,3 процентке көп Мында экономикалык иштин кыйла артыкчылыктуу
түрлөрү турак жай курулушу болду, өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы
көлөмүндөгү анын салыштырма салмагы 32,5 процентти, кен иштетүү өнөр
жайыныкы-18,5, транспорт жана байланыштыкы-12,9, кайра иштетүүчү өнөр
жайыныкы-10,4 жана электр энергетикасыныкы-9,9 процентти түздү.
2007-жылдын I кварталында 87,3 млн. АКШ доллары тике инвестицияла-
нып келди (кеткендерди эсепке кошпогондо), бул өткөн жылдагы дењгээлден
11,8 процентке ашык.
Инвесторлор үчүн кыйла кызыктырган тармактар кайра иштетүү өнөр
жайы (2007-жылдын I кварталында тике инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү
салыштырма салмагы 20,8% болду), кен казуу өнөр жайы (35,5%), финансы-
лык ишмердик (27,8%) болууда.
Региондор боюнча караганда чет өлкөлүк инвестициялардын эњ көп
үлүшү Бишкек шаарына (58,0%), Чүй (15,4%) жана Талас (23,9%) облустары-
на туура келет.
Кыргызстандын экономикасына жеке тике инвестицияларды тартуу мак-
сатында 2007-жылдын биринчи жарымында 24 мамлекеттик обьект менчиктеш-
тирилди, анын ичинде 8 чарбакер субьекттин акцияларынын мамлекеттик па-
кеттери сатылды. Стратегиялык обьекттердин акцияларынын мамлекеттик па-
кетин менчиктештирүү боюнча иш улантылып жатат. "Айыл Банк" ачык акцио-
нердик коомун менчиктештирүүнүн концепциясы жактырылып, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизилди. "Кыргызтелеком" ачык
акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүүгө
даярдоо боюнча иштердин комплекси жүргүзүлдү.
Банк системасында жакшы тенденциялардын сакталуусу уланды.
Үстүдөгү жылдын башынан бери акча базасынын өсүшү 11,8 процентти,
жүгүртүүдөгү акчалардын көлөмү-12,9 процентти, акча массасыныкы-8,4
процентти түздү.
Чарбакер субъекттердин ишмердик активдүүлүгүнүн өсүшү, элдин кире-
шелеринин көбөйүшү, банк системасындагы абалдын жакшырышы коммерциялык
банктарга депозиттердин келишинин андан ары көбөйүшү үчүн шарт түздү.
Быйылкы жылдын башынан бери депозиттердин көлөмү 20,1 процентке көбөйдү
жана 20,2 млрд. сомду түздү. Бул экономиканын тармактарын кредиттөөнүн
көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Коммерциялык банктардын кредиттик
портфели 62,5 процентке көбөйдү жана 18,4 млрд. сомду түздү. Мында
2007-жылдын январь-майында проценттик ставкалар 22,68 процентти түздү,
бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,01 проценттик пунктка
төмөн.
Быйылкы жылдын январь-майында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү (жеке
адамдардын-"челноктордун" тышкы соодасынын көлөмү менен кошо) 2006-жыл-
дын ушул мезгилине салыштырганда 55,1 процентке көбөйдү жана 1385,5
млн. АКШ долларын түздү. Мында экспорт 36 процентке көбөйдү жана 409,6
млн. АКШ долларын түздү (алтын экспорттоону эсепке албаганда экспорт
60,2 процентке өсүп, 321,8 млн. АКШ долларын түздү), импорт-64,8 про-
центке өстү жана 975,9 млн. АКШ долларын түздү.
Импорттун экспорттон ашык өсүшүнүн натыйжасында соода балансынын
терс сальдосу 566,3 млн. АКШ долларын түздү жана 94,5 процентке
көбөйдү, жеке трансферттердин агымынын көбөйүшү мунун айрым бөлүгүн га-
на жабат.
Отчеттук мезгилде өнөр жайда 26948,7 млн. сом суммага продукция
өндүрүлдү, өндүрүштүн өсүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги дењгээл-
ге карата 103,1 процент болду. "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканалар-
ды эсепке албаганда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 113,4 процентти түздү.
Жалпысынан республиканын Ысык-Көл облусунан башка дээрлик бардык реги-
ондорунда өнөр жай өндүрүшүндө жакшы темптерге жетишилди.
Экономикалык өсүш кирешелердин көбөйүшүнө жана жалпысынан калктын
турмуш дењгээлинин жогорулашына шарт түздү. Республика боюнча бир кыз-
маткердин номиналдык орточо эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке алба-
ганда) 2007-жылдын январь-майында 3560 сомду түзүп, 2006-жылдын ян-
варь-майына салыштырмалуу 31,4 процентке көбөйдү. Керектөө бааларынын
индексин эске алуу менен эсептелген айлык орточо эмгек акынын реалдуу
өсүшү 25,6 процентти түздү. 2006-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырган-
да 2007-жылдын январь-майында эмгек акынын кыйла орчундуу өсүшү сала-
маттык сактоодо жана социалдык кызматтарды көрсөтүүдө (1,6 эсе), билим
берүүдө жана соодада (1,4 эсе), транспортто жана байланышта (34 про-
центке) белгиленди.
2007-жылдын биринчи жарымында республиканы социалдык-экономикалык
өнүктүрүүдө жетишилген көрсөткүчтөр менен бирге эле экономиканын тар-
мактарында олуттуу проблемалар бар, аларды чечүү Кыргыз Республикасын
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүн орчундуу көбөйтүүгө
мүмкүндүк берет.
Мисалы, чийки нефти казуу (90,3%) жана табигый газ алуу (78,0%)
азайгандыктан кен казуу тармагында көрсөткүчтөр төмөндөгөнүн белгилеп
коюу керек (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата 95,3%).
Кен-шахта жабдууларын модернизациялоо үчүн жүгүртүлүүчү каражаттар
жетишсиздиктен, көмүр ташуудагы кыйынчылыктардан, энергетика тармагында
ата-мекендик көмүрдү пайдалануу жетишсиздигинен, шахтердук шаарларда
жана калктуу конуштарда жылытуу булактары электр энергиясына которул-
гандыктан майда фракциялуу көмүрдү керектөө чектелүү болгондуктан көмүр
тармагында татаал абал сакталууда.
Ошондой эле арак чыгаруу боюнча көрсөткүчтөр (8,7%), металлургия
өндүрүшүнүн продукцияларын чыгаруу (16%), машиналарды жана жабдууларды
жасоо (32,3%) азайды.
Электр энергиясын өндүрүү жана Өзбекстанга жана Казакстанга экс-
порттук берүүлөр өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырганда 9,6 про-
центке көбөйдү.
Ушуну менен бирге эле энергетикада коромжулар көбөйгөн жана
мөөнөтү кечиктирилген дебитордук жана кредитордук карыздар өскөн терс
тенденция сакталууда. Отчеттук мезгилдин ичинде коромжулуктар 40 про-
центти түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2 процентке
көбөйдү. Быйылкы жылдын 1-кварталында дебитордук карыз 7,9 процентке,
кредитордук карыз 6,7 процентке көбөйдү.
Кыргызстандын экономикасына тике инвестицияларды тартуу боюнча
системалуу мамиле жана орто мөөнөттүк стратегия жок. Чет өлкөлүк тике
инвестициялардын структурасында көп жылдардан бери кредиттер басымдуу-
лук кылат жана лизинг жок.
Кыргыздын товарларынын атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу макса-
тында техникалык жөнгө салууну реформалоонун чегинде иштер жүргүзүлүп
жатат. Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин айынан Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы N 11 токтому менен беки-
тилген 2006-2007-жылдарга биринчи кезектеги техникалык регламенттерди
иштеп чыгуу программасын турмушка ашыруунун мөөнөттөрү кечиктирилип жа-
тат.
"Транспорт каражаттарынын коопсуздугу" жана "Транспорттук процесс-
тердин коопсуздугу" деген жалпы техникалык регламенттердин жоктугу Кыр-
гызстандын жүк жана жүргүнчү ташуучу транспортунун чет өлкөлөргө чыгуу-
су чектелишине алып келиши мүмкүн. Колдонуудагы милдеттүү талаптардын
"Алимантариус кодекси" Комиссиясынын жана башка эл аралык стандарттар-
дын талаптарына ылайык келтирилбегени Кыргызстанга ДСУга мүчөлүктүн ар-
тыкчылыктарын толук пайдаланууга мүмкүн бербейт, ошондой эле товарларды
башка өлкөлөргө экспортко чыгарууда кошумча тоскоолдуктарды жаратат.
Бюджеттик чөйрөдө билим берүүдө, саламаттык сактоодо, райондук
дењгээлдеги башкаруу органдарында эмгек акы жашоо үчүн керектүү мини-
мумдан төмөн бойдон калууда. Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек
акысынын аздыгы көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатына таасир
этүүдө.
Быйылкы жылдын биринчи жарымында жалпы жумушсуздуктун дењгээли
11,5 процентти түздү же өткөн жылдын дењгээлине салыштырганда 1,5 про-
центтик пунктка жогорулады. 2007-жылдын 1-июлуна карата республика бо-
юнча жумушсуздардын жалпы саны 271,1 мињ адамды түздү же өткөн жылдын
дењгээлинен 29 процентке ашты. Жумушсуздун расмий статусу бар жумушсуз-
дардын саны 72,4 мињ адамды түздү. Ошол эле убакта, ишканалар менен
уюмдардын өтүнмөлөрүнө караганда 24,7 мињ кызматкер керек, мында жумуш-
чу адистиктерге керектөө басымдуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпысынан социалдык-экономикалык
абал жакшырганын белгилейт. Ошону менен бирге эле 2007-жылдын экинчи
жарымында ыкчам чечүүнү талап кылган бир топ проблемалар сакталууда.
2007-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн экономиканы өнүктүрүүнүн
жыйынтыктарын эске алуу менен, ошондой эле республиканы социалдык-эко-
номикалык өнүктүрүүнүн оњ тенденцияларын бекемдөө жана 2007-жылга бел-
гиленген максаттарга жетүү үчүн болгон резервдерди мобилизациялоо мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдары 2007-жылы экономикалык өсүштүн 107 процент дењгээлине
жеткирүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары
2007-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын төмөнкү
мыйзам долбоорлорун даярдоону аякташсын жана Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн кароосуна киргизишсин:
- "Энергетика секторунда мунапыс жөнүндө";
- "Айыл чарбаны өнүктүрүү жөнүндө";
- "Борбордук депозитарий жөнүндө";
- "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-
гизүү жөнүндө" ("алтын акциялар" маселелери);
- "2008-жылга бажы тарифи жөнүндө";
- "Турак жайды камсыздандыруу жөнүндө";
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу".
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №737
токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-
нистрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасы-
нын Улуттук банкы менен бирдикте 2007-жылдын 1-сентябрына чейинки
мөөнөттө Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жана анын иштеши боюн-
ча документтердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргиз-
син;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте
2007-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн кароосуна тышкы карыздардын артыкчылыктуулугун жана экономикалык
натыйжалуулугун эске алуучу жана аяктаган жана ишке ашырылуудагы дол-
боорлор менен программаларды баалоону камтыган тышкы карыздарды тартуу
жол-жоболору боюнча сунуш киргизсин;
- кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана Кыргыз Рес-
публикасынын Улуттук банкы менен бирдикте 2007-жылдын 1-декабрына чей-
инки мөөнөттө Кыргыз Республикасында лизингди өнүктүрүүнүн мамлекеттик
программасын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр-
дү киргизүү боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун белги-
ленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-
гизсин;
- 2008-жылдын IV кварталында Чет өлкөлүк тике инвестицияларды тар-
туунун орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыксын жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин;
- 2008-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө 2015-жылга чейин Кыргыз
Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн концепциясынын долбо-
орун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы N 359 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министрлиги:
- Токтогул суу сактагычында сууну берүүгө контролду катуулатсын,
калкка жана республиканын ишканаларына 2007-жылдын күз-кыш мезгилинде
электр энергияны үзгүлтүксүз берүү максатында суу ресурстарынын жетишэ-
эрлик дењгээлин камсыз кылсын;
- 2007-жылдын 1-октябрына чейин өнөр жайдын артта калган тармакта-
рынын жана ири ишканаларынын ишин активдештирүү боюнча иш-аракеттер
планын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте
2007-жылдын III кварталында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Респуб-
ликасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык
комиссиянын жетинчи заседаниесин өткөрсүн;
- 2007-жылдын 1-октябрына чейин 2010-жылга чейинки мезгилге Кыргыз
Республикасынын көмүр тармагын өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- 2008-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызма-
ты жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен бирдик-
те Кыргыз Республикасынын 2015-жылга чейинки индустриялык-инновациялык
өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыксын;
- 2007-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте "Токтогул
гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу
электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз республикасы-
нын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамын, "1 жана 2-камбарата гидроэлектростанцияларын ку-
руу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Кыргызэ-
нерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүү-
нүн үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин токтомун жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын;
- бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилерин электр энергиянын ко-
ромжулуктарынын өтө өсүшүнө жана 40 процент дењгээлине жетишине байла-
ныштуу аларды ээлеген кызмат орундарынан бошотууга чейин жекече жооп-
керчилигин карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги 2007-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө "Транспорт каражаттары-
нын коопсуздугу" жана "Транспорт процесстеринин коопсуздугу" деген жал-
пы техникалык регламенттердин долбоорлорун техникалык жөнгө салуу боюн-
ча ыйгарым укуктуу органга аларды эксперттик комиссияда кароо үчүн жи-
берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги 2007-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө ДСУнун кызык-
дар мүчө-мамлекеттеринин суроолоруна ДСУнун санитардык жана фитосани-
тардык нормаларды пайдалануу боюнча макулдашууга ылайык жооп берүү үчүн
Маалыматтык борбор жана кабарлоо органын түзсүн жана "Кодекс Алимента-
риус" Улуттук комитетинин (тамак-аш азыктарына эл аралык стандарттар)
иштешин камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдары:
- 2007-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө бюджеттик чөйрөнүн кыз-
маткерлерине, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин, функционалдык
талдоону, мамлекеттик кызматты оптималдаштырууну жана натыйжалуулугун
жогорулатууну эске алуу менен эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү бо-
юнча конкреттүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна
киргизишсин;
- 2007-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө иштелип чыккан инвес-
тициялык долбоорлорду (англис тилине котормосу менен) аларды ушул жыл-
дын сентябрынын башында болуучу ЕврАзЭСтин алкагындагы "КыргызстанРос-
сия" бизнес-форумуна даярдоо жана берүү үчүн, ошондой эле Бишкек шаа-
рында 2007-жылдын 26-27-октябрында болуучу "Жибек жолу демилгеси" дол-
боорунун алкагында Эл аралык инвестициялык форуму үчүн Кыргыз Республи-
касынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жиберишсин.
8. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетик.а жана отун ре-
сурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүк-
түрүү жана соода министрлиги менен бирдикте 2007- жылдын 1-ноябрына
чейинки мөөнөттө экспортко багытталган продукцияны чыгарууну стимулдоо
боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев