КР Президентинин
2009-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 183 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 16-майы ПЖ № 249
2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө
Социалдык-экономикалык маселелерди комплекстүү чечүүнү камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргызстанды Стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жактырган 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын өзгөчө маанисин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен тиркелген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы (мындан ары Стратегия) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын борбордук органдары жеке сектордун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары эларалык донордук уюмдардын жана жарандык коомдун өнөктөштүк катышуусунда бир айлык мөөнөттө:
- программалык негиздеги бюджетти түзүүнү эске алуу менен Стратегияда каралган ишчараларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттеги финансылык каражаттарды издеп тапсын жана мындан ары карасын;
- Стратегияны жүзөгө ашырууну финансылоонун бюджеттен тышкаркы кошумча булактарын, анын ичинде эларалык финансылык жардамды тартуу боюнча чараларды кабыл алсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |