КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-августу № 367 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Администрациялык-жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинежиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам дол-боору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-статья. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 383-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "383-статья. Жарылгыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, алып келүү, алып чыгуу жана пайдалануу боюнча эрежелерди, нормаларды жана нускамаларды бузгандык Өнөр жай тармактарында жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдары конт-ролдоочу объекттерде жарылгыч материалдарды жана пиротехникалык буюм-дарды эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, алып келүү, алып чыгуу, пайда-лануу жана жок кылуу боюнча эрежелерди, нормаларды жана нускамалардыбузгандык, эгер анда кылмыш-жазык иштин белгилери жок болсо, - жеке адамдарга жыйырмага чейин, кызмат адамдарына жана юридикалыкжактарга жыйырмадан жүзгө чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып са-лууга кириптер кылат.". 2-статья. Бул Мыйзам жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти