Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан.
2. Эмгек акынын ставкалары жана кызматтык маяналар Бирдиктүү тарифтик торчонун жана разряддар аралык коэффициенттердин базасында эсептелген жана белгиленген жумуш убактысынын узактыгын сактоодо жана эмгектик милдеттенмелерин аткарууда токой чарбалары, ањчылык чарбалары, мамлекеттик коруктар жана улуттук жаратылыштык парктар менен эмгек мамилелеринде (келишимдеринде) туруучу кызматкерлердин конкреттүү кесиптик топтору үчүн эмгек акынын минималдуу дењгээлинин мамлекеттик гаранты болот. Алар бюджеттик каражаттардын жана чарбалык ишмердиктен, атайын каражаттардан жана N 1-3 тиркемелерге ылайык башка чарбалык ишмердиктерден алынуучу кирешелердин эсебинен киргизилет.
3. Токой жана ањчылык чарбаларынын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлеринин тарифтик разряддары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамагенттик) директорунун буйругу менен бекитилүүчү Мамагенттиктин кызматкерлерин аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык өткөрүлчү аттестациянын негизинде аныкталат.
4. "Токой чарбасынын эмгек сињирген кызматкери" жана "Жаратылышты коргоонун эмгек сињирген кызматкери" ардак наамдары бар токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган кызматтык маяналарына жана тарифтик ставкаларына 10% өлчөмүндө үстөк, ал эми илим доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы барларга - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк белгиленет.
5. Ишканалардын жетекчилери кызматкерлердин кесиптик чеберчиликтерин стимулдоо, аткарылуучу иштердин сапаты үчүн материалдык кызыгуусун жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында төмөнкүдөй үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрүн аныктоого укуктуу:
- өзгөчө маанилүү иштерди аткаргандыгы үчүн-кызматтык маянанын 50 процентине чейин;
- оор жана зыяндуу шарттар үчүн-кызматтык маянанын 15 процентинен кем эмес;
- кесибин айкалыштыргандыгы, тейлөө зонасын кењейткендиги же аткарылуучу иштердин көлөмүн көбөйткөндүгү үчүн, ошондой эле негизги иши менен катар убактылуу жок болгон кызматкердин милдеттерин аткаргандыгы үчүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишканалардын жетекчилерине атайын билими жок, бирок көп жылдык практикалык тажрыйбага ээ кызматкерлерге аттестациялык комиссиялардын сунуштары боюнча жогорку билимдүү адамдар үчүн белгиленүүчү разряддардын дењгээлинде тиешелүү тарифтик разряддарды белгилөөгө укук берилет.
7. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөөнүн коэффициентин колдонуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.
1. Токой чарба ишканаларынын, мамлекеттик коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын жана ањчылык чарбалардын кызматкерлерине иш стажысына жараша иштеген жылдары үчүн төмөнкүдөй ар айлык проценттик үстөк белгиленет:
-----------------------------------------------------------------------
| Иш стажы | Айлык тарифтик маянага |
| | үстөктүн өлчөмү (процент) |
|--------------------------------|------------------------------------|
| 1ден 3 жылга чейин | 5 |
|--------------------------------|------------------------------------|
| Зтөн 8 жылга чейин | 10 |
|--------------------------------|------------------------------------|
| 8ден 13 жылга чейин | 1 |
|--------------------------------|------------------------------------|
| 13тен 18 жылга чейин | 20 |
|--------------------------------|------------------------------------|
| 18ден 25 жылга чейин | 25 |
|--------------------------------|------------------------------------|
| 25 жыл жана андан жогору | 30 |
-----------------------------------------------------------------------
2. Иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөк кошумча төлөөлөрдү жана үстөктөрдү эсепке албастан кызматкердин негизги иши боюнча кызматтык маянасына жараша аныкталат.
3. Кызматтык маянанын өлчөмү календарлык айдын ичинде өзгөрсө же иштеген жылдары үчүн кошумчанын өлчөмүнө таасир этүүчү стаж өзгөрсө, ай сайынкы кошумчанын жањы өлчөмү ал өзгөрүүдөн кийинки айдын 1-күнүнөн баштап белгиленет.
4. Иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкердин отпускада жүргөн, эмгекке жараксыз болгон, ага мамлекеттик пенсия чектелген, мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарган жана башка учурларында сакталуучу орточо эмгек акысын эсептөөдө эске алынат.
5. Иштеген жылдары үчүн ар айлык проценттик үстөктү алууга укук берүүчү иш стажына төмөнкүлөр кошулат:
- мамлекеттик токой чарба мекемелеринде жана уюмдарында (токой башкармалыгы же токой чарба башкармалыгы), токой чарбаларында, мамлекеттик коруктарда жана улуттук жаратылыш парктарында, ањчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токой жайгаштырууда, токой боюнча институттарда жана алардын бөлүмчөлөрүндө иштеген мезгили;
- эгерде кызматкер аскердик кызматка чакырылганга чейин токой чарба ишканаларында жана уюмдарында иштесе жана ушул эле уюмга жолдо жүрүү убактысын эсептебегенде үч айдын ичинде иштегенге кайтып келсе мөөнөттүү анык аскер кызматындагы убактысы;
- эгерде кызматкер чет өлкөгө кетээрдин алдында токой чарбаларынын ишканаларында жана уюмдарында иштесе жана жолдо жүрүү убактысын кошпогондо чет өлкөдөн кайтып келген күндөн тартып эки айдын ичинде ушул эле ишканага же уюмга кайра ишке кирсе чет өлкөдөгү иштеген мезгили.
6. Тарифтик (кызматтык) маянасы календардык айдын ичинде өзгөргөндө же иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмүнө таасир этүүчү стажы өзгөргөндө ар айлык үстөктүн жањы өлчөмү ушул өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринен баштап белгиленет.
7. Иштеген жылдары үчүн ар айлык проценттик үстөктү төлөө үчүн иш стажы уюмдун жетекчисинин буйругу менен курамы бекитилүүчү комиссия тарабынан аныкталат.
8. Иштеген жылдары үчүн ар айлык проценттик үстөк төлөө үчүн иш стажы эмгек китепчесиндеги жазуулардын негизинде аныкталат. Мындай жазуу жок болгондо, анда туура эмес же так эмес жазуулар болгондо маалымкаттар, буйруктардан көчүрмөлөр, жеке эсептери, эмгек акы жөнүндө ведомосттордон көчүрмөлөр эмгек стажын ырастоо үчүн кабыл алынат.
9. Иштеген жылдары үчүн үстөк алууга укук берүүчү иш стажын белгилөө жөнүндө комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү төмөнкүлөргө берилет: бир нускасы иштеген жылдары үчүн ар айлык проценттик үстөктү эсептөө үчүн бухгалтерияга, экинчиси кызматкерди тааныштыруу жана өздүк ишине тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө.
Токой чарба ишканаларынын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыш парктарынын, ањчылык чарбаларынын жана токойчулуктардын кызматкерлерине материалдык стимулдоого белгиленет.
1. Мамлекеттик токой коргоодо узак мезгил жана кынтыксыз кызматы үчүн теш белгилер менен сыйланган кызматкерлерге: 10 жыл кызмат өтөгөнү үчүн - кызматтык маянасынан 5 процент, 20 жыл кызмат өтөгөнү үчүн – 10 процент, 30 жыл кызмат өтөгөнү үчүн - 15 процент жана 40 жыл кызмат өтөгөнү үчүн - 20 процент үстөктөр төлөнөт.
2. "Экинчи класстагы токойчу", "экинчи класстагы токойчунун жардамчысы", "биринчи класстагы токойчу", "биринчи класстагы токойчунун жардамчысы" наамдары белгиленген тартипте ыйгарылган токойчуларга жана токойчулардын жардамчыларына тиешелүү түрдө кызматтык маяналарынын 10 жана 20 проценти өлчөмдө үстөк белгиленет.
Кызматкерлерге төлөнүүчү үстөктөрдү жана кошумчаларды эске алуу менен эмгектик отпускасына карата ден соолугун чыњдоо үчүн эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө материалдык жардам берилет.
Жетекчилер төлөнүүчү кошумчаларды эске алуу менен эмгек акынын төрт айлык фондунун өлчөмүндө каражаттарды ушул максаттарга жумшоо менен кызматкерлерди сыйлоого укуктуу (адистерге жана кызматчыларга сыйлыктардын конкреттүү өлчөмдөрү алардын иштин жалпы натыйжасына кошкон салымына ылайык аныкталат жана максимум өлчөм менен чектелбейт).
| Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого № 1 тиркеме |
-----------------------------------------------------------------------
| № | Кызмат орундун | Квалификациялык талаптар |Эмгек акы |
| | аталышы | | разряды |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 1. | Директор | Жогорку токой | 14 |
| | | чарбалык, ањчы чарбалык же | |
| | | биологиялык билими жана | |
| | | адистиги боюнча жетекчи | |
| | | кызматта 5 жылдан ашык иш | |
| | | стажы | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 2. |Токой зыянкечтерине | Жогорку токой чарбалык билими| 14 |
| |жана илдеттерине | жана токой чарбасындагы | |
| |каршы күрөшүү | инженердик кызматта 5 жылдан | |
| |боюнча станциянын | ашык иш стажы | |
| |начальниги | | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 3. |Башкы токойчу, башкы | Жогорку токой чарбалык, ањчы | 13 |
| |ањчы, башкы энтомолог| чарбалык же биологиялык | |
| | | билими жана инженердик- | |
| | | техникалык кызматтарда | |
| | | 5 жылдан ашык иш стажы | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 4. |Башкы (жетектөөчү) | Жогорку финансы-экономикалык | 12 |
| | бухгалтер | билими, адистиги боюнча | |
| | | 3 жылдан ашык иш стажы | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 5. |Экономист | Жогорку экономикалык билим | 11 |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 6. |Бухгалтер | Кесиптик орто билими | 9 |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 7. |Ањчы чарбанын, токой | Жогорку токой чарбалык билим,| |
| |чарбанын жана токой | адистиги боюнча иш стажы: | |
| |өсүмдүктөрүнүн, | - 5 жылдан ашык; | 11; |
| |токойду коргоо |------------------------------|----------|
| |жана сактоо | - 3 жылдан ашык; | 10; |
| |боюнча инженер |------------------------------|----------|
| | | - стажына талап коюлбайт | 9 |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 8. | Токойчу, улук ањчы | Жогорку токой чарбалык, ањчы| |
| | | чарбалык же биологиялык | |
| | | билими, токой же ањчылык | |
| | | чарбада 3 жылдан ашык | |
| | | иш стажы; | 10 |
| | | Кесиптик орто билим жана | |
| | | адистиги боюнча иш стажы 5 | |
| | | жылдан ашык | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 9. | Токойчунун | Кесиптик орто билими | |
| | жардамчысы, токой | жана токой жана ањчылык | 9 |
| | устаты, райондук | чарбада иш стажы 3 жылдан | |
| | ањчылар | ашык | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 10. | Токой питомнигинин | Жогорку токой чарба | 10 |
| | начальниги | билими, иш стажына талап | |
| | | коюлбайт же толук эмес | |
| | | жогорку, кесиптик орто билими| |
| | | жана токой чарбасындагы | |
| | | инженер-техникалык кызматта 5| |
| | | жылдан ашык иш стажы | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 11. |Улук илимий кызматкер|Адистиги боюнча жогорку билими| 9 |
| | | жана иш стажы 5 жылдан | |
| | | кем эмес | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 12. |Илимий кызматкер, | Адистиги боюнча жогорку | |
| |техник энтомолог | билими, иш стажы 3 жылдан | 8 |
| | | кем эмес | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 13. |Кенже илимий |Адистиги боюнча жогорку билими| 7 |
| |кызматкер |же кесиптик орто билими | |
| | |жана адистиги боюнча иш стажы | |
| | |2 жылдан кем эмес | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 14. |Музейдин башчысы |Адистиги боюнча жогорку билим | 7 |
| | |же кесиптик орто билим жана | |
| | |адистик боюнча иш стажы | |
| | |2 жылдан кем эмес | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 15. |Экологиялык агартуу | Адистиги боюнча жогорку | 7 |
| |боюнча адис | билими же кесиптик орто | |
| | | билими, иш стажына талаптар | |
| | | коюлбайт | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 16. |Экологиялык туризм | Кесиптик орто билими, | 6 |
| |боюнча адис | иш стажы 3 жылдан ашык; | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 17. |Лаборант | Адистиги боюнча жогорку | |
| | | билими же кесиптик орто | 5-6 |
| | | билими, иш стажына талаптар | |
| | | коюлбайт | |
|-----|---------------------|------------------------------|----------|
| 18. |Токойчу (токойду | Кесиптик орто билими, токойчу| 6 |
| |коргоо боюнча | же егерь болуп иштөө стажы | |
| |мамлекеттик | 3 жылдан ашык; | |
| |инспектор, корукту |------------------------------|----------|
| |коргоо боюнча |атайын орто билими, иш стажына| 5 |
| |мамлекеттик |талаптар коюлбайт; | |
| |инспектор), егерь |------------------------------| |
| | | орто билими, иш стажына | |
| | | талаптар коюлбайт | 4 |
-----------------------------------------------------------------------
| Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого № 2-тиркеме |
-----------------------------------------------------------------------
| № | Кесиптин аталышы | Тариф менен төлөө| Эмгектин |
| | | боюнча разряддар | зыяндуу |
| | | | шарттары |
| | | | үчүн |
| | | | кошумча, |
| | | | процент |
| | | | менен |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 1. | Питомникти кароо боюнча | 1-6 | |
| | жумушчу | | |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 2. | Токой отургузуу жана токой | 1-6 | |
| | өсүмдүктөрүн багуу боюнча | | |
| | жумушчу | | |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 3. | Урук жыйноо боюнча жумушчу | 1-4 | |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 4. | Биотехникалык иш-чаралар | 1-4 | |
| | боюнча жумушчу | | |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 5. | Жыгач даярдоо боюнча | | |
| | жумушчу: | | |
| | - бензотилүүчү; | 7 | 30 |
| | - бензотилүүчүнүн | | |
| | жардамчысы; | 6 | 30 |
| | - токой кыюучу (кол менен | 6 | 15 |
| | даярдоо) | | |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 6. | Токой өсүмдүктөрү иштери | | |
| | боюнча жумушчу: | | |
| | - тракторист | 7 | 30 |
| | - прицепщик | 6 | 25 |
| | - отургузуучу | | |
| | машинада көчөт тигүүчү | 6 | 25 |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 7. | Токой чарба иштери боюнча | | |
| | жумушчу: | | |
| | - тракторист | 7 | 30 |
| | - чокировщик | 5 | 30 |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 8. | Жолдорду куруу жана кыртышты | | |
| | пландоо боюнча жумушчу: | | |
| | - тракторист | 7 | 30 |
|-----|-------------------------------|--------------------|----------|
| 9. | Токой коргоо иштерин жүргүзүү | | |
| | боюнча жумушчу: | | |
| | - химиялык жол | | |
| | менен | 5-7 | 30 |
| | - биологиялык жол | | |
| | менен | 4-6 | 25 |
-----------------------------------------------------------------------
Эскертүү: Жетекчилерге төмөнкүдөй укук берилет:
- нормасын 10 процентке чейин ашык аткарганы үчүн кызматтык маянанын - 10 проценти жана 10 проценттен ашык аткарганы үчүн - 15 проценти өлчөмдө сыйлык берүүгө;
- жумушчуларга кесиптик чеберчилиги үчүн: 3-разряддагыларга - тиешелүү кызматтык маянасынын 12 процентине, 4-разряддагыларга - 16 процентине, 5-разряддагыларга - 20 процентине чейин, 6-разряддагыларга - 24 процентине чейин өлчөмдө кызматтык маянасына дифференциялуу үстөк берүүгө;
- негизги ишинен бошотулбаган жумушчулардын ичинен дайындалган бригадирлерге кызматтык маянанын 10 проценти өлчөмүндө кошумча төлөөгө;
- трактористтерге 5-10 жыл иштеген жылдары үчүн-эмгек акысына 10 процент; 10-15 жыл үчүн - 25 процент; 15 жана андан ашык жылдар үчүн - 40 процент төлөнөт.
| Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого № 3 тиркеме |
-----------------------------------------------------------------------
| № | Кесиптердин аталышы | Эмгек акы |
| | | разряддары |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 1. |Вахтер | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 2. |Жүк көтөрүмдүүлүгү (тонна): | |
| |0,5тен ашык | 5 |
| |3,0дөн ашык | 6 |
| |10,0дон ашык | 7 |
| |20,0дан ашык | 7 |
| |40,0тан ашык | 7 |
| |жүк ташуучу автомобилдердин | |
| |айдоочулары | |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 3. |Кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү (литр): | |
| |кичи 1,3дөн жана орточо 3,5ке чейин, | 5 |
| |чоњ - 3,5тен ашык болгон жењил | 6 |
| |автомобилдердин айдоочулары | |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 4. |Габариттик узундугу (метр): | |
| |өзгөчө кичине - 6,5ке чейин | 5 |
| |6,5тен 7,5ке чейин | 6 |
| |7,5тен 12ге чейин | 7 |
| |12ден 18ге чейин | 7 |
| |18ден ашык болгон | 7 |
| |автобустардын айдоочулары | |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 5. |Өзү жүрүүчү механизмдердин айдоочулары | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 6. |Транспорттук-жыйноочу машиналардын айдоочулары | 2-3 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 7. |Мотоциклдин, мотороллердун айдоочулары | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 8. |Ташуучу | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 9. |Короо шыпыргыч | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 10.|Горничный | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 11.|От жагуучу | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 12.|Чарба башчысы | 4 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 13.|Кампачы (улук) | 3 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 14.|Ат багуучу | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 16.|Чабарман | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 17.|Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 18.|Көмөкчү жумушчу | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 19.|Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды | |
| |тейлөө жана учурдагы ремонттоо боюнча жумушчу | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 20.|Багбан | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 21.|Жарык менен көчүргүчтөр | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 22.|Кызматтык жайларды тазалоочу | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 23.|Фотограф | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 24.|Швейцар | 1 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 25.|Өрт өчүрүү-кароол күзөтү: | |
| |Күзөттүн начальниги | 5 |
| |1-класстагы өрт өчүргүч | 3 |
| |2-класстагы өрт өчүргүч | 2 |
| |кароолчу-күзөтчү | 2 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 26.|Радиотелеграфист | 5 |
|----|-----------------------------------------------|----------------|
| 27.|Механик | 2 |
-----------------------------------------------------------------------
Эскертүү:
1. Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилерине профсоюз комитети менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөрдү аныктоого укук берилет:
- жумушчуларга тиешелүү кызматтык маянасына дифференциялуу түрдө: үчүнчү разряддагыларга 12 процентке чейин, төртүнчү разрядга - 16 процентке, бешинчи разрядга - 20 процентке жана алтынчы разрядга - 24 процентке чейин өлчөмдө үстөк берүүгө;
- негизги ишинен бошотулбаган жумушчулардын ичинен дайындалган бригадирлерге кошумча төлөө кызматтык маянасынын 10 процентине чейинки өлчөмдө.
2. Жумушчуларга айлык маяналарынын конкреттүү өлчөмдөрү алардын квалификациясына, аткаруучу ишинин татаалдыгына жана эмгек шартына жараша, ошондой эле нормативдик тапшырмалардын оорчулугун, тейлөө нормасын жана нормативдик санын эске алуу менен белгиленет.
3. Ишине дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануучу кызматтык жайларды жыйнап-тазалоочулардын жана горничныйлардын айлык маяналары 10 процентке жогорулатылат.
4. Жүк тартуучу, жењил автомобилдердин жана автобустардын айдоочуларына төмөнкүдөй өлчөмдө ар айлык үстөк төлөнөт:
- класстуулугу үчүн:
а) 2-класстагы айдоочуларга-кызматтык маянанын 10 проценти;
б) 1-класстагы айдоочуларга-кызматтык маянанын 25 проценти.
- нормаланбаган жумушчу күн-белгиленген кызматтык маянанын 25 проценти.