КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн ЭРЕЖЕСИ 1. Жалпы жоболор 1. Бул Эрежеде жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн тар-тиби белгиленип, пиротехникалык буюмдарды сатуунун, сактоонун, эсепкеалуунун, пайдалануунун, ташуунун, жок кылуунун, алып келүүнүн жана алыпчыгуунун тартиби каралат. 2. Бул Эреже өнөр жайлык пиротехникалык буюмдарга карата колдонул-байт. 2. Пиротехникалык буюмдардын классификациясы 3. Жарандык пиротехникалык буюмдарга жылуулук, жарык, от, дабыш,түтүн, газ же алардын комбинациясы түрүндө техникалык же тиричиликтикмаксаттагы натыйжаларды жаратууга арналган пиротехникалык аралашмалар,алардын негизинде жасалган буюмдар кирет. 4. Пиротехникалык буюмдар колдонуудагы потенциалдуу опурталдуулукдаражасы боюнча 4 класска бөлүнөт. 1-класс - опурталдуу факторлорунун ичинде эпкини жана жарылгандачачырачу сыныктары болбойт, кыймылынын кинетикалык энергиясы 0,5 Дж аш-пайт, буюмдан 0,25 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 125 ДцБ ашыкэмес, ал эми башка факторлор боюнча опурталдуу зонанын радиусу 0,5 машык эмес (бенгал шамдар, тарсылдактар, үстөлгө коймо фонтандар, көпө-лектөр); 2-класс - опурталдуу факторлорунун ичинде эпкини жана жарылгандачачырачу сыныктары болбойт, кыймылынын кинетикалык энергиясы 5 Дж аш-пайт, буюмдан 25 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 140 ДцБ ашык эмес,ал эми башка факторлор боюнча опурталдуу зонанын радиусу 5 м ашык эмес(учуучу фейерверктер, түтүндүү фейерверк каражаттар, мини-салюттар,концерттик фонтандар); 3-класс - опурталдуу факторлорунун ичинде эпкини жана жарылгандачачырачу сыныктары болбойт, кыймылынын кинетикалык энергиясы 20 Дж аш-пайт, буюмдан 5 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 140 ДцБ ашык эмес,ал эми башка факторлор боюнча опурталдуу зонанын радиусу 20 м ашык эмес(мини-рим шамдар, жаныма петардалар, биликтүү петардалар жана петарда-лардын тизмеги, жерге коюлчу фейерверктер, мини-ракеталар); 4-класс - опурталдуу факторлорунун ичинде эпкини жана жарылгандачачыроочу сыныктары болбоочу, башка факторлор боюнча опурталдуу зонанынрадиусу 20 м ашык эмес буюмдар (жарандык профессионалдык пиротехникалыкбуюмдар). 5. Пиротехникалык буюмдар арналышы жана колдонуу шарттары боюнчатөмөнкүдөй бөлүнөт: 1) 1-3-класстагы опурталдуу, тиричиликте пайдаланууга арналган,элге эркин сатылчу, пайдалануу үчүн атайын билим жана маштык талап кы-лынбаган пиротехникалык буюмдар; 2) 4-класстагы опурталдуу, техникалык жана атайын арналыштагы,пайдалануу үчүн атайын билим жана аткаруучулардын (пайдалануучулардын)маштыгы жана (же) техникалык жабдуунун атайын шарттарын камсыздоо талапкылынган пиротехникалык буюмдар. 3. Жарандык пиротехникалык буюмдарга талаптар 6. Жарандык пиротехникалык буюмдар улуттук стандарттардын жанатехникалык регламенттердин талаптарына ылайык жасалууга тийиш. 7. Пиротехникалык буюмдардагы, керектөөчүлүк тарадагы жана транс-порттук тарадагы маркалоо буюмдарга идентификация жүргүзүүнү камсыздоо-го тийиш. Пиротехникалык буюмдарда анын жасоочусу, жасалган күнү жанапартиясынын номери милдеттүү көрсөтүлүүгө тийиш. Маркалоо мамлекеттикже расмий тилде жазылууга тийиш. 8. Тиричиликке арналган жарандык пиротехникалык буюмдардын опур-талдуулук классы 3-дөн ашык болбоого тийиш. Ар бир пиротехникалык буюм-га аны колдонуу боюнча нускама милдеттүү түрдө тиркелип, анда пиротех-никалык буюмдардын опурталдуулугу жана аларды колдонуу боюнча чектөөлөржөнүндө бөлүп көрсөтүлгөн шрифт менен текст болууга тийиш. 9. Импорттолгон жарандык пиротехникалык буюмдар Кыргыз Республика-сынын колдонуудагы нормаларына, өрткө каршы жана техникалык коопсуздук-тун эрежелерине ылайык келүүгө тийиш. 10. Импорттолгон жарандык пиротехникалык буюмдардын колдонуу боюн-ча нускамасында жана пиротехникалык буюмдарды жасаган өлкөнүн шайкештиксертификатында мамлекеттик же расмий тилдердеги котормосу болууга ти-йиш. 4. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу 11. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу Кыргыз РеспубликасынынИчки иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мый-замына ылайык берүүчү лицензиянын негизинде ишке ашырылат. 12. 1-4-класстардагы жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу адис-тештирилген дүкөндөр аркылуу гана ишке ашырылат. 13. 1-3-класстардагы жарандык пиротехникалык буюмдар 1-ноябрдантартып кийинки жылдын 15-январына чейин гана, 16 жаштан улуу адамдаргасатылат. 5. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоонун жана эсепке алуунун шарттары жана тартиби 14. Соодалык уюмдарда опурталдуулугу 3-4-класстардагы тиричиликтикарналыштагы, калкка эркин сатылчу жарандык пиротехникалык буюмдар атай-ын жабдылган сактагычта сакталат, сактагыч төмөнкүдөй талаптарга жоопберүүгө тийиш: 1) башка көмөкчү, кызматтык жайлардан бөлүнгөн болууга, капиталдыкдубалдары, бекем шыбы жана астанасы болууга. Ички дубалдар (тосмолор)бекемдиги боюнча ар биринин калыњдыгы 80 миллиметрлик (мындан ары - мм)кабатталган гипсбетон панелдикине барабар болууга тийиш; 2) ичинен эки кулпу менен бекитилип, мөөр же пломба коюлчу металлкаалгалуу болууга; 3) терезенин оюгунда ич жагынан же рамалардын ортосунда болот ре-шетка болууга. Решетканын чыбыктарынын учтары дубалга 80 мм кем эместерењ киргизилип, бетон куюлат. Эшик, терезе оюктарына орнотулчу жана дубалдарды (тосмолорду) бе-кемдөөчү решеткалар диаметри 15 мм кем эмес болот чыбыктан жасалат. Чы-быктар ар бир кесилишинде 150x150 мм чоњ эмес көзөнөктүү болуп ширети-лет; 4) желдетүүчү терезелер, люктар бар болсо ал системалар аркылуукирүү мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн 100x100 мм ашпаган көзөнөктүү болотрешетка орнотулууга тийиш. Инженердик тармактарды алып өтүү үчүн дубал-дагы тешиктердин диаметри 200 мм ашпоого тийиш; 5) буюмдарды сактоо үчүн бөлмөдө өрткө каршы каражаттар болушу за-рыл; 6) буюмдарды сактоочу жайлардын эки комплекти ачкычы болушу керек.Ачкычтардын бир комплекти буюмдардын сакталышы үчүн жооптуу адамда,экинчиси - сактоого уруксат берилген уюмдун жетекчисинде мөөр коюлганпеналда болот. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоочу жайдын ачкычтарын стол-дорго жана бөтөн адамдар алгыдай башка жерлерге калтырууга болбойт. 15. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоочу кампалар алардынарналышына жараша туруктуу (базистик), сарптоочу жана көчмө кампаларболуп бөлүнөт: 1) базистик кампалар - буюмдарды узак сактоого арналат; 2) сарптоочу кампалар - буюмдарга болгон утурумдук керектөөлөрдүканааттандырууга арналат; 3) көчмө кампалар - буюмдарды убактылуу сактоого арналат. Жарылгычматериалдардын иштеп жаткан кампаларын пайдаланууга болот. 16. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ар кыл арналыштагы (туруктуужана убактылуу сактоочу, сарптоочу) кампаларда, дүкөндөрдүн кампа жай-ларында, дүњ базаларда сактоо опурталдуулук классына жараша, өрт кооп-суздугунун талаптарына жана ушул Эрежеге ылайык уюштурулуп жана эсепкеалынуучу продукциянын сакталышын, эсебин жана бар экенин текшерүү мүм-күндүгүн камсыздоого тийиш. 17. Жыюу нормалары төмөнкүдөй өлчөмдөн ашпоого тийиш: - туруктуу сактоочу кампалар үчүн - 200 тоннадан; - сарптоочу кампалар үчүн - 60 тоннадан; - соода уюмдарынын (дүкөндөрдүн) кампа жайлары үчүн - 2 тоннаданашык эмес. Бардык учурларда жыюу нормалары ички иштер органдары жана өрткөкаршы мамлекеттик кызмат менен макулдашылууга тийиш. 18. Сактагычтарды желдетүү үчүн кулпу менен бекилчү решеткалуу ме-талл каалгалар орнотулат, ал эми терезелерге жана желдетүүчү люктаргаметалл решеткалар жана торлор орнотулат. Решеткалуу каалгалардын жанарешеткалардын ячейкаларынын өлчөмү 150x150 мм ашык эмес, чыбыгынынжоондугу 10 мм кем эмес болууга тийиш. 19. Жарандык пиротехникалык буюмдарды туруктуу жана убактылуу сак-тоо үчүн бардык кампалар ошол кампа таандык уюмдардын, ички иштер ор-гандарынын, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнөн турган комис-сия аркылуу кабыл алынып, уруксатсыз кирүүдөн ишеничтүү корголууга тий-иш. Комиссиянын кампаларды кабыл алуусу акт менен таризделип, андажалпысынан кампанын жана ар бир сактагычтын турган жери, тиби жана сый-ымдуулугу, ошондой эле курулган кампанын долбоорго шайкештиги көрсөтү-лөт. Жарандык пиротехникалык буюмдардын кампасынын ар бир сактагычындачагылгандан сактоочу түзүлүш болууга тийиш. 20. Жарандык пиротехникалык буюмдарды туруктуу жана убактылуу сак-тоо үчүн иштеп жаткан жана эксплуатацияга жањыдан киргизилчү бардыккампалар аларды кабыл алуу актысынын негизинде ички иштер органдарынын,өрткө каршы мамлекеттик кызматтын аймактык органдарында катталууга тий-иш. 21. Ар бир сактагычта жарандык пиротехникалык буюмдарды ички иштероргандары сактоого уруксат бергенден ашык эмес өлчөмдө сактоого урук-сат. Ар бир туруктуу жана убактылуу кампанын паспорту болууга тийиш,анын бир нускасы кампада сакталат. 22. Бардык кампалар буюмдардын түрүнө жана жыюу нормасына жарашакоопсуз аралыкта жайгашууга тийиш. Орто аралыктагы кампалардын өзүнчө имараттарынын ортосундагы ара-лык жал жасалбаса - 100 м, жал жасалса - 50 м кем эмес болууга тийиш. Базистик кампалардын жал менен тосулбаган имараттарынын ортосунда-гы аралык 200 м кем эмес болууга тийиш. Сарптоо кампалары турак жайлардан, фейерверк көрсөтүүчү аянттанжана адамдар топтолуучу жерлерден коопсуз аралыкта, бирок 100 метрденжакын эмес болууга тийиш. Туруктуу сактоочу жана сарптоочу кампалар төмөнкүдөй жайгаштырылы-шы зарыл: - райондук мааниден кем эмес шоссе жолдордон, темир жол тилкесининкампага баруучу жолдон башка тилкелеринин чегинен, өзүнчө турган туракжай курулуштардан - 400 м кем эмес; - станциялык имараттардын, кампалардын жана башка станциялык куру-луштардын чегинен - 1000 м кем эмес; - калкынын саны 10000 ге чейинки жана 10000ден ашык поселоктордунжана башка калктуу конуштардын аймагынын чек араларынан иретине жараша800 жана 1000 м кем эмес; - кампаларга таандык эмес башка өндүрүштүк имараттардан жана ку-рулмалардан 1500 м кем эмес. 23. Туруктуу жана сарптоочу кампалардын аймагы бийиктиги 2,5 м кемэмес тикенек зым менен тосулууга тийиш. 24. Бардык сактагычтар бир кабаттуу болууга, күйбөөчү материалданжасалып, жылытылбоого тийиш. Сактагычтардын дубалдары жана шыптары ак-талышы керек. Кампалардын астаналары өнөр жайлык имараттардын астанала-ры үчүн өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык күйбөөчү, учкун жаралышымүмкүн болбогон материалдан жасалууга тийиш. 25. Сактагычтарда көлөмүнө жараша эки эшик болууга тийиш. Узундугу10 м жетпеген сактагычтар бир эшиктүү болсо болот. Сактагычтардын каалгалары сыртты карай ачылууга тийиш. Күн тарапкакараган терезелердин айнектери тунук эмес же ак сыр менен сырдалган ай-нек менен айнектелүүгө тийиш. Жасалма жарык сырттан берилиши керек. Кампалардын ичинде күзөттүкжарыктандырууга, ошондой эле газ плиталарды, электрдик жылытуучу при-борлорду пайдаланууга жана штепсель розеткаларды орнотууга болбойт. 26. Кампалардын электр жабдуулары пайдаланылып бүткөндөн кийин түнмезгилде токтон ажыратылууга тийиш. Электрдик жабдууну өчүрүүгө арнал-ган аппараттар кампа жайдын сыртында, күйбөөчү материалдан жасалган ду-балда же өзүнчө таянычта жайгашып, пломбалоо же кулпу менен бекитүүүчүн ылайыкташтырылган шкафка же сереге орнотулууга тийиш. 27. Бир сактагычта жарандык пиротехникалык буюмдардын бир нече ти-би сакталганда чогуу сактоонун эрежеси буюмдардын өрт коопсуздугунунжана жарылуу коопсуздугунун эрежелерине ылайык катуу сакталууга тийиш. Буюмдар салынган упаковкалар штабелдерде же стеллаждарда сакталуу-га тийиш. Фейерверк заттар салынган ящиктер штабелде жана стеллаждасакталганда партия-партиясы менен жыйылууга тийиш. Буюмдар салынган жыгач ящиктер штабелде сактоо үчүн биринин үстүнөбири оозу өйдө каратып жыйылып, астыњкы катарларына аба алмашып турууүчүн тактай төшөө керек. Ар бир штабелде жана стеллаждын тактасында буюмдун аталышы же ин-декси, партиянын номери, орундардын саны жана келген күнү көрсөтүлгөнтабличка болууга тийиш. 28. Кампанын бөлмөлөрү өрт өчүрүүнүн кол каражаттары же өрт өчү-рүүнүн автоматтык түзүлүштөрү менен жабдылууга, ошондой эле өрткө каршысуу менен жана өрткө каршы кызматты чакыруу үчүн телефондук (мобилдүү)байланыш менен камсыздалууга тийиш. Өрт өчүргүч каражаттардын номенкла-турасы жана алардын жайгаштырылышы өрткө каршы мамлекеттик кызматтыноргандары менен макулдашылууга тийиш. 29. Сактагычтарда жүктөр күндүзгү мезгилде кабыл алынат жана бери-лет. Зарыл учурда бул жумуштарды сырттан жасалма жарыктандыруу мененжүргүзсө болот. 30. Пиротехникалык буюмдардын сактагычтарында (кампаларында) жүк-төө-түшүрүү жумуштары үчүн механизмдер жарылуудан сакталгыдай жасалуу-га, ал эми ичтен күйүүчү кыймылдаткычтарда - түтүн газдарды нейтралдаш-тыргычтар жана учкунду өчүргүчтөр болууга тийиш. Кампада продукцияны эсепке алуунун аныкталган формадагы журналыжүргүзүлүп, ал номер коюлуп, тигилип жана ички иштер органынын мөөрүменен бекитилүүгө тийиш. Продукциянын ар бир тиби өзүнчө эсепке алынууга тийиш. Журналгажазуулар жүктү алгандан же бергенден кийин дароо, кириш-чыгыш документ-тердин негизинде жазылат. 31. Кампанын сактагычы жана аймагы таза кармалууга тийиш: сынгантараны, бөтөн жана күйүүчү материалдарды сактоого болбойт. Кампанынимараттарына, өрткө каршы суу булактарына баруучу жолдор, ошондой элеөрт өчүрүүчү шаймандарга жана жабдууларга барчу жолдор дайыма бош бо-лууга тийиш. Кампалардын ортосундагы коопсуздук үчүн аралыктарда башка ар кан-дай материалдарды, жабдууларды жана башка буюмдарды сактоого болбойт. Кампанын аймагына буюмдарды ташып келүү үчүн андай буюмдарды ташу-уга ички иштер органдары берген күбөлүгү бар транспорт гана киргизилет. 6. Жарандык пиротехникалык буюмдарды пайдалануунун тартиби (фейерверктерди демонстрациялоо) 32. Кыргыз Республикасынын аймагында фейерверктерди демонстрация-лоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги берген лицензиясыбар юридикалык жактар жана жеке адамдар ишке ашырышат. 33. Фейерверктерди демонстрациялоочу юридикалык жактарга жана жекеадамдарга аларды коомдук-маданий жайларда колдонуу үчүн уруксат бул иш-ти аткаруу укугуна документтер ички иштер органдары жана мамлекеттикөрткө каршы кызмат менен макулдашылып, бекитилгенден кийин жергиликтүүадминистрациянын уруксаты менен гана берилет. Макулдашууда жарандык пиротехникалык буюмдардын техникалык доку-менттери, жайгаштыруу планы, буюмдарды ташуу үчүн атайын транспорт көр-сөтүлөт. 34. Жумуштардын коопсуздугун камсыздоо үчүн ошондой эле КыргызРеспубликасынын тийиштүү нормативдик укуктук актылары менен аныкталганөрт жана техникалык коопсуздуктардын колдонуудагы стандарттарын жанаэрежелерин да жетекчиликке алуу керек. 35. Маданий-зоок жана массалык иш-чараларды өткөрүүдө фейерверктидемонстрациялоого уруксат алыш үчүн уюштуруучулар жергиликтүү мамлекет-тик администрация органына иш-чарадан 10 күндөн кеч эмес мурдатан өтү-нүч менен кайрылышат. Өтүнүчтө төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: - иш-чараны өткөрүүчү уюмдун аталышы жана дареги, уюштуруучулардынжана алардын өкүлдөрүнүн аты-жөндөрү, кызмат орундарын, даректерин жанабайланышуу телефондорун көрсөтүү менен; - иш-чаранын аталышы жана максаты; - иш-чаранын, анын ичинде фейерверкти демонстрациялоонун болуучудатасы, орду, башталчу жана бүтүүчү убактысы; - фейерверкти демонстрациялоочу юридикалык жак же жеке адам жөнүн-дө маалыматтар, ишмердиктин лицензияланчу түрүн жүргүзүү укугуна лицен-зиясын жана аларды сактоого жана ташууга уруксаттарын тиркөө менен; - фейерверктин көлөмү, пайдаланылчу буюмдардын касиеттери жана иш-ке ашыруунун тартиби; - фейерверктин жетекчиси, фейерверкти демонстрациялоого тартылчуадамдар жөнүндө маалыматтар жана алардын фейерверкти жетектөөгө жанаишке ашырууга укуктарын ырастоочу документтеринин копиялары. 36. Буюмдарды кыска мөөнөткө сактоодо, фейерверкке даярдануу жанаишке ашыруу учурунда буюмдар турак жайлык, коомдук курулуштардан, адам-дар көп топтолгон жерлерден коопсуз аралыкта көчмө кампаларда сакталат(атайын жабдылган автомобилдер, ички иштер органынын мамлекеттик авто-мобилдик инспекциясына жана мамлекеттик өрткө каршы кызматка макулдашуубоюнча). Кампа кайтарыкта болууга тийиш. 37. Фейерверкти уюштуруучулар фейерверк көрсөтүүнүн коопсуздугун,персоналдын сактануу чараларын жана фейерверк заттардын сакталышын кам-сыздашат жана кайтаруу иштерин ички иштер органдары менен макулдашат.Фейерверк болуучу жерди кайтаруу ички иштер органдарына жана бул иш-ча-раны аткаруучу уюмга жүктөлөт. 38. Фейерверк демонстрацияланчу жерди тандоо жана макулдашуу фей-ерверк буюмдарды колдонуу белгиленген опурталдуу зоналардын радиуста-рын, жердин рельефин, метеорологиялык шарттарды, жакын арадагы обьект-тердин мүнөзүн, опурталдуу зонаны кайтаруунун ишеничтүүлүгүн жана де-монстрацияга таасир этүүчү башка факторлорду эске алуу менен ишке ашы-рылууга тийиш. Опурталдуулугу 4-класстагы жарандык пиротехникалык буюмдар мененфейерверк демонстрациялоо үчүн жер күйүүчү курулуштардан, отун кампала-рынан, бышып жетилген эгин же чеп, саман, токой бар талаалардан, электрөткөрүү линияларынан жергиликтүү мамлекеттик администрация бекиткенсхемага ылайык 500 м кем эмес аралыкта жана күйбөөчү курулуштардан 50 мкем эмес аралыкта болууга тийиш. Түзүлүштөрдү орнотуучу орунду көрүүчүлөр шамал соккон тарапта,атуучу аянттан 100 м кем эмес аралыкта болгудай кылып тандоо зарыл. 39. Фейерверктерди демонстрациялоого тыюу салынган орундар: 1) жарандардын коопсуздугун камсыздай албачу аянттар, имараттар,курулуштар, жайлар; 2) опурталдуу жана зыяндуу өндүрүштөргө жана объекттерге, ошондойэле транспорттук түйүндөргө (көпүрөлөр, жол өткөөлдөрү, автомобилдикжолдордун тилкелери, темир жолдордун, нефти-газ түтүктөрдүн жана жогор-ку вольттуу электр өткөрүүчү линиялардын, өрт жана жарылуу коркунучубар объекттердин чектеринин тилкелери жана башкалар) жакын жайгашканаймактар; 3) ооруканалардын жана балдар мекемелеринин имараттарына жанашааймактар; 4) маданий маанилүү объекттердин, тарыхый жана маданий эстеликтер-дин, мүрзөлөрдүн жана сыйынуучу жайлардын, коруктардын, заказниктердинжана улуттук парктардын, зыярат кылуучу жерлердин аймактары. 40. Фейерверкти демонстрациялоо үчүн пайдаланылчу жарандык пиро-техникалык буюмдар жана атуучу жабдуу аларды эксплуатациялоо боюнчатиркелген нускамаларга тыкыр ылайык колдонулууга тийиш. Колдонулчу буюмдарды эксплуатациялоо боюнча нускамалардын сакталы-шы үчүн жоопкерчиликти фейерверкти демонстрациялачу уюм тартат. 41. Фейерверк атылчу аянттарда төмөнкүлөргө катуу тыюу салынат: 1) тамеки тартууга жана от жандырууга; 2) мас абалда иштөөгө; 3) фейерверктик каражаттарды кайтаруусуз калтырууга. 42. Фейерверк бүткөндөн кийин демонстраторлор күйбөй калган буюм-дарды жана элементтерди жыйноо максатында атуучу аянтты тыкан карап чы-гышат. 43. Атуучу аянттын аймагындагы кайтарык бардык жумуштар бүткөндөнкийин фейерверктин жетекчисинин макулдугу менен гана алынат. Опурталдуу зонаны жана өрткө каршы иш-чараларды кайтаруу фейерверкбүткөндөн кийин гана алынат. 7. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ташуунун тартиби 44. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ташуу Кыргыз РеспубликасынынИчки иштер министрлигинин 2003-жылдын 12-декабрындагы N 542 буйругу ме-нен бекитилген Опурталдуу жүктөрдү автомобиль транспорт менен ташуунункоопсуздугун камсыздоо боюнча нускаманын талаптарына ылайык ишке ашыры-лат (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги катталган номери2003-жылдын 30-декабры, 128-03). 45. Жарандык пиротехникалык буюмдарды аба транспорту менен ташууКыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин2005-жылдын 31-майындагы N 132 буйругу менен бекитилген "Жарандык абакемелерин эксплуатациялоо" жөнүндө Кыргыз Республикасынын авиациялыкэрежелеринин "Коркунучтуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу" деген Я бөлүгүнөылайык ишке ашырылат (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндегикатталган номери 2005- жылдын 27-июну, N 80-05). 46. Жарандык пиротехникалык буюмдарды темир жол транспорт мененташуу КМШга катышкан мамлекеттердин темир жол транспорт боюнча кењеши-нин 1996-жылдын 5-апрелиндеги 15 заседаниесинде бекитилген. Опурталдуужүктөрдү темир жолдор боюнча ташуунун эрежесине ылайык ишке ашырылат. 47. Жарандык пиротехникалык буюмдарды транспорттун ар кайсытүрлөрү менен ташууда алардын ишеничтүү кайтарылышы камсыздалат. 48. Ташылуучу жүк силкилдегенде жана чайкалганда кулап кетпегидей,сүрүлбөгүдөй, бири-бирине жана транспорттун бортуна урунбагыдай кылыпжүктөлүүгө тийиш. 49. Бара жаткан жолдо улам бир бөлүгү түшүрүлүүчү продукцияны та-шыганда ар бир партиясы башкаларынан бөлөк-бөлөк, калган жүк андан арыжүргөндө ордунан жылышып кетпегидей кылып бекитилүүгө тийиш. 8. Жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылуунун тартиби 50. Төмөнкүдөй себептер боюнча андан ары пайдаланууга жараксыз жа-рандык пиротехникалык буюмдар жок кылынууга тийиш, алар: - пиротехникалык буюмдардын толук иштебей калышы; - курамындагылардын күйбөй калышы; - электр тутанткычтардын иштебөөсү; - электр тутанткычтардын үзүлүп калышы; - кабыгы же пиротехникалык курамы бузулганы даана көрүнөөлер; - жарактуулугунун гарантиялык мөөнөтү бүткөндөр. 51. Жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылуу ушул Эреженин та-лабына жана конкреттүү буюмду иштеп чыккан заводдун эксплуатациялоо бо-юнча нускамасына ылайык ишке ашырылууга тийиш. 52. Жараксыз жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылуу мүмкүнболушунча пиротехникалык буюмдардын күйгөн элементтери чачырашын чек-төөчү табигый (жар, жал жана ушул сыяктуу) тосмолору бар атайын аянттакүйгүзүү же эритүү менен ишке ашырылууга тийиш. 53. Жараксыз жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылууда опур-талдуу зона оњой от алуучу материалдардан жасалган курулуштардан жанаэлектр өткөрүүчү линиялардан 500 м кем эмес аралыкта болууга тийиш. 54. Жараксыз пиротехникалык буюмдарды жок кылуу ички иштер орган-дарынын жана мамлекеттик өрткө каршы кызматтын өкүлдөрүнөн турган ко-миссия менен ишке ашырылат. Аянттын аймагында пиротехникалык буюмдардыжок кылуу учурунда бөтөн адамдардын болушуна тыюу салынат. Персоналкоопсуз аралыкта же далдоодо болууга тийиш. 55. Күйгүзүп жок кылуу жок кылынчу буюмдарга бекем бириктирилгентермит шашканы күйгүзүү жолу менен ишке ашырылат. Буюмдар күйгөн жергеоттун очогу толук күйүп бүткөндөн 15 мүнөттөн кийин гана барууга урук-сат. Толук күйбөй калса бул операция кайталанат. 9. Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып чыгуу 56. Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасына алыпкелүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүдөй докумен-ттердин негизинде берүүчү уруксат боюнча ишке ашырылат, алар: - юридикалык жактын же жеке адамдын өтүнүчү, анда алынып келүүчүже алынып чыгуучу жарандык пиротехникалык буюмдардын аталышы жана саны(салмагы); алып келүү (алып чыгуу) үчүн жооптуу адамдын аты-жөнү, пас-портунун сериясы жана номери; аталган буюмдар алынып чыгып жаткан жеалынып кирип жаткан мамлекет; алып кирүү же алып чыгуу ишке ашырылыпжаткан бажы пункту; - жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоо үчүн (базистик, сарп-тоочу) кампаны эксплуатациялоого ички иштер жана мамлекеттик өрткө кар-шы кызмат органдары берген күбөлүк; - ишкердиктин лицензияланчу түрүн жүргүзүү укугуна лицензия. Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасынан алып чы-гуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрли-ги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 1998-жылдын 8-июнундагы №1101-1 "Экспорттоо жана импорттоо лицензиялар боюнча ишке ашырылчу то-варлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген тартипкеылайык берүүчү лицензия боюнча ишке ашырылат. 57. Юридикалык же жеке жактын жетекчиси жарандык пиротехникалыкбуюмдарды алып кирүүдө (алып чыгууда) Кыргыз Республикасынын мамлекет-тик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта жайгашкан бажы органына КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлиги берген төмөнкүдөй документтердикөрсөтөт: - ишкердиктин лицензияланчу түрүн жүргүзүү укугуна лицензияны; - жарандык пиротехникалык буюмдарды сатып алууга, сактоого урук-сатты; - жарандык пиротехникалык буюмдарды алып кирүүгө (алып чыгууга)уруксатты, алып кирүүчү (алып чыгуучу) буюмдун санын (салмагын) көрсө-түү менен; - пиротехникалык буюмдарды ташууга уруксатты; - транспорт каражатынын опурталдуу жүктөрдү ташууга уруксаты жө-нүндө күбөлүктү; - айдоочунун опурталдуу жүктү ташууга уруксаты жөнүндө күбөлүктү; - опурталдуу жүктү ташуу маршрутунун схемасын; - пиротехникалык буюм жасалган өлкөдө берилген коопсуздук талапта-рына шайкештик жөнүндө сертификатты. 10. Бул Эрежени бузгандык үчүн жоопкерчилик 58. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюм-дарды сатууну, сактоону, эсепке алууну, пайдаланууну, ташууну, жок кы-лууну, алып кирүүнү жана алып чыгууну ушул Эреженин талаптарын бузууменен ишке ашырган юридикалык жактарга жана жеке адамдарга Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат.