Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

  Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-августу № 368                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык                 пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн                       эрежесин бекитүү жөнүндө      Пиротехникалык буюмдарды сатып алууда  жана  пайдаланууда  калктынкоопсуздугун  камсыздоо  үчүн шарттарды түзүү,  аларды сатууну тартипкесалуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехни-калык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежеси бекитилсин.     2. Төмөнкүлөр белгиленсин:     - пиротехникалык буюмдар адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана са-тылат;     - пиротехникалык  буюмдарды  пайдаланууга  Кыргыз  Республикасынынмыйзамдарында аныкталган  майрам  күндөрдөн башкасында саат 23 кө чейингана уруксат.     3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызыкдар министр-ликтер жана  ведомстволор менен бирдикте пиротехникалык буюмдарды тара-туу боюнча  иштеген юридикалык жактардын жана жеке адамдардын материал-дык-техникалык базасын текшерүү боюнча иш жүргүзсүн.     4. Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткөкаршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгына алынып келүүчү пиротехни-калык буюмдардын  өрткө опурталдуулук касиеттери улуттук стандарттардынталаптарына ылайыктыгын жана алардын классификациясын аныктоо тапшырыл-сын.     5 Кыргыз  Республикасынын  министрликтери, мамлекеттик комитеттерижана администрациялык ведомстволору өздөрүнүн нормативдик укуктук акты-ларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.     6. Бул токтом жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.     7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ич-ки иштер министрлигине тапшырылсын.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев