Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 254 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 30-августу № 382 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Камеко" жана "Центерра Голд Инк" компанияларынын ортосунда макулдашууларды жактыруу жөнүндө "Кумтөр" долбоорун ишке ашыра баштагандан тартып Кыргыз Республи- касынын коомчулугунда ага карата ар кандай себептер боюнча терс мамиле- лер түзүлгөн, ал кийин 2003-2004-жылдарда "Кумтөр" долбоорун реструкту- ралаштырууга карата терс кабылдоо менен да терењдеп кеткен. Көрсөтүлгөн кырдаалды көњүлгө алуу менен кыргыз жана канада тарап- тар "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруу жөнүндө маселе боюнча кыр- гыз тараптын позицияларын жакшыртуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү туура- луу чечим кабыл алышкан. Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 22-майындагы № 251 буйругу менен эксперттик топ түзүлүп, анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, администрация- лык ведомстволордун жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Э.Д.Алымбеков киришкен. Көрсөтүлгөн эксперттик топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши- нин алтын кендерди өздөштүрүүнүн негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун пар- ламенттик териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын мүчөлөрү менен бир- дикте 10 жолугушуу-кењешме өткөргөн жана "Центерра Голд Инк" компания- сындагы "Камеко" компаниясынын акцияларын кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү кароочу эсептөөлөрдүн ар кандай варианттарын, ошондой эле "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун жањы шарттарын иштеп чык- кан, көрсөтүлгөн кењешмелер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бардык депутаттарына жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө катышуу үчүн жеткиликтүү түрдө ачык болгон. Иштелип чыккан эсептөөлөргө негизденүү менен 2007-жылдын июль-ав- густунда кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн кезектеги эки раундун өткөргөн. Көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча, ошондой эле "Центерра Голд Инк" компаниясынын акцияларынын баасынын 4,75 канада долларына че- йин төмөндөп кетишинен улам тараптар эки тараптуу төмөнкүдөй чечим ка- был алышкан: - "Центерра Голд Инк" компаниясындагы "Камеко" компаниясынын акци- яларынын реструктуралаштыруу башталганда 52 процентти түзгөн акцияларын кыргыз тарапка өткөрүп берүү жөнүндө; - милдеттүү төлөмдөрдү, ошондой эле Ысыккөл облусун өнүктүрүү фон- дуна чегерүүлөрдү кошо алганда "Кумтөр" долбоору үчүн салыктарды төлөөнү кароочу салыктык режимди белгилөө жөнүндө. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Камеко" компаниясынын ортосунда Өз ара колдоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк" ком- паниясынын ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча Жањы шарттар жөнүндө ма- кулдашуунун долбооруна макулдук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев