Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-апрели №254
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын ишинин жыйынтыгын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык кыйла жогору пайда көрүү менен "Кумтөр" кенин өздөштүрүүнү андан ары өнүктүрүү, "Кумтөр" долбоору боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуу жактырылсын.
2. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
5. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан "Центерра Голд Инк." компаниясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө таандык акцияларын алууга жана аларга ээ болууга, ошондой эле көрсөтүлгөн акциялар боюнча башка укуктарды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилсин.
6. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосундагы "Кумтөр долбоору" боюнча жаңы шарттар жөнүндөё 2007-жылдын 30-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1007-жылдын 30-августундагы N 383 токтомунун негизинде мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосундагы "Кумтөр долбоору" боюнча жаңы шарттар жөнүндө 2007-жылдын 30-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
- 2007-жылдын 30-августундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Камеко" жана "Центерра Голд Инк" компанияларынын ортосунда макулдашууларды жактыруу жөнүндө";
- 2007-жылдын 30-августундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө 2007-жылдын 30-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө";
- 2007-жылдын 31-октябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Cameco Согрогаtion" жана "Centerra Gold Inc." компанияларынын ортосундагы макулдашууларга толуктоолорду жактыруу жөнүндө";
- 2008-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө 2007-жылдын 30-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууну ратификациалоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы N 383 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";
- 2008-жылдын 14-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Cameco Согрогаtion" жана "Centerra Gold Inc." компанияларынын ортосундагы макулдашууларга толуктоолорду (N 2) жактыруу жөнүндө";
- 2008-жылдын 30-апрелиндеги № 194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Cameco Согрогаtion" жана "Centerra Gold Inc." компанияларынын ортосундагы макулдашууларга толуктоолорду (N 3) жактыруу жөнүндө".
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуу (мындан ары - "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуу) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууда аныкталгандай "Кумтөр" долбоору боюнча кайра каралган макулдашууларды түзүү, ошондой эле "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун жана "Кумтөр" долбоору боюнча кайра каралган макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1 жана 2-беренелеринде аталган макулдашууларды аткаруу үчүн, анын ичинде аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча бардык зарыл укуктар жана ыйгарым укуктар берилсин.
4-берене.
"Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмасы боюнча түзүлгөн "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуу же "Кумтөр" долбоору боюнча кайра каралган макулдашуулар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген башка эрежелер аныкталган болсо, анда ушундай жөнгө салынган мамилелерге Макулдашууда көрсөтүлгөн эрежелер колдонулат.
5-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|