Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 14-сентябры № 405
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү
легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу-
га байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылай-
ык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдашты-
рууну жүргүзүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссия төмөнкүдөй ку-
рамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары,
комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-
ды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрага-
сынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, комиссия-
нын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначы-
лыгынын директору;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик авто-
мобилдик инспекциясы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө
салуу кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекет-
тик агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бо-
юнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-
нин транспортту өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги.
2. Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдашты-
рууну жүргүзүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссия жөнүндө тир-
келген жобо бекитилсин.
3. Республикалык мамлекеттик комиссия "Акча каражаттарын, кыймыл-
дуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонууга кириши жөнүндө жалпыга ма-
алымдоо каражаттары аркылуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев