КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 18-ноябрындагы №277
токтомунун редакциясына ылайык
күчүн жоготтуБишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-сентябры № 418 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ветеринардык препараттарга контролду жана сертификаттоону уюштуруу маселелери жөнүндө Ветеринардык дары каражаттардын сапатына контролду уюштуруу, алар-ды каттоону жана сертификаттоону камсыздоо максатында Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруубоюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 5-пунктунун биринчи абзацында "Ветеринардык препараттарды" дегенсөздөрдөн жана 7-пунктунун үчүнчү абзацында "Ветеринардык препараттар-ды" деген сөздөрдөн кийинки "стандартташтырууну" деген сөз алып салын-сын. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментине ка-раштуу Ветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификаттоо боюнчамамлекеттик лаборатория жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги каржылоонун жана материалдык-техникалык жабдуунун мурдакаралган көлөмүн эске алуу менен Мамлекеттик лабораторияны кармоого жа-на приборлор, жабдуулар менен жабдууга жыл сайын каражат бөлүүнү, лабо-раторияны аккредитациялоону жана ага тапшырылган милдеттерди ишке ашы-рууну камсыз кылуу максатында кадрларды окутууну караштырсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө тапшырылсын. Премьер-министр А.Атамбаев