Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 1-октябры № 440
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо
ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар
жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
25-июлундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү
жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 499 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын даярдалчу
мыйзам долбоорлордун сапаты жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилигин жо-
горулатуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган мыйзам долбоор-
лордун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде өз учурунда өтүшүн кам-
сыз кылуу максатында төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешиндеги Туруктуу өкүлү:
Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын жетекчилери-
нин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине кароого жиберилген мыйзам
долбоорлордун өтүшү жана пландалып жаткан мыйзам долбоорлору жөнүндө
маалыматтарын угуу үчүн квартал сайын Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министринде кењешмелерди уюштурат;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун даярдоо боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин пландоону координациялайт;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши кезексиз тартипте карашы
үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган кечикти-
рилгис мыйзам долбоорлордун тизмесин түзөт;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин кароосуна жиберген мыйзам долбоорлордун актуалдуулугуна талдоо
жүргүзөт жана зарыл учурда аларды кайра сурап алуу демилгесин көтөрөт;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган мыйзам долбоорлордун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде өтүшүнө мониторинг жүргүзөт;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу демилгесинин Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги өтүшүнө байланыштуу маселе бо-
юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн ишин координа-
циялайт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо
жана кадрдык кызмат бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан да-
ярдалган мыйзам долбоорлорго белгиленген тартипте укуктук экспертиза
жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги Туруктуу өкүлү
менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү жылга
мыйзам долбоорлоо ишинин пландарын түзүп, жалпылайт жана алардын атка-
рылышын контролдойт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-февралындагы №
68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешиндеги Туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
кењешчиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп
эсептелсин.
Премьер-министр А.Атамбаев