КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-июлу № 499
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишинин уюштурулушун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|