Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

                                        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                          2007-жылдын 6-сентябрындагы                                              № 395 токтому менен                                                  бекитилген                2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында               көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча                               ПРОГРАММА                               I. Киришүү      Көмүскө экономиканын ички дүњ продуктусуна (мындан ары -  ИДП)  эњчоњ  пайыз  Кыргыз Республикасын кошкондо өткөөл экономикалуу өлкөлөрдөбайкалат. Баалоо маалыматы боюнча 2004-жыл үчүн Кыргыз Республикасындакөмүскө экономиканын үлүшү ИДПга 33,5%ды түздү.     Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын таасири легалдуу  биз-нести  өнүктүрүү  үчүн  олуттуу  тоскоол  болчудай дењгээлге жетти,  алөзүнүн катышуусу менен атаандаштыктын  тењсиздик  шартын  түзүп  жатат.Мындан тышкары көмүскө экономика өлкөдөгү коррупциянын негизги булакта-рынын бири болуп калды.     Ошондуктан көмүскө экономиканын келип чыгуу базасын кыскартуу, ле-галдуу экономиканы чыњдоо жана ыњгайлашкан убакытты жана мыйзам  кырда-алдарын,  тактикаларды жана чараларды колдонуп, ага каршы күрөшүү ыкма-сын ийкемдүү пайдалануу зарыл.     2007-2010-жылдарда Кыргыз  Республикасында көмүскө экономиканы ле-галдаштыруу боюнча программа (мындан ары - Программа) натыйжалуу эконо-микалык  саясат  жүргүзүү  жана чарбакер субъекттер үчүн бирдей укуктукжана экономикалык шартты түзүү максатында даярдалган.     Программа Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ми-нистрликтердин,  мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомство-лордун  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлиги-нин башка органдарынын сунуштарынын жана Кыргыз Республикасында  кедей-чиликти кыскартуу боюнча ПРООН программасынын долбоорунун алкагында да-ярдалган "Кыргыз Республикасында  көмүскө  экономиканын  табиятын  жанамасштабын талдоо" деген отчеттун негизинде иштелип чыккан.             II. Программаны уюштуруучулук жагынан камсыздоо      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  жана  жекече  сектордун көмүскөэкономиканы легалдаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана ишкеашыруу боюнча макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу максатында Кыр-гыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-апрелиндеги N 69-б буйругуменен көмүскө  экономиканы легалдаштыруу боюнча жумушчу комиссия түзүл-гөн.     Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча  программаны  артыкчылык-таштыруу жумушчу комиссиянын негизги иш милдети болуп саналат.     Жумушчу комиссия өз ишин белгиленген регламентке  ылайык  туруктуунегизде  жыл  сайын 4-5 артыкчылыгы бар жумушчу программаны иштеп чыгууменен аткарышат.     Программаны ишке  ашыруу  артыкчылыктардын ар бири боюнча түзүлгөнэксперттик жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт.  Эксперттик жумушчу топторсунуштарды, реформаларды, нормативдик укуктук актыларды толук иштеп чы-гууну жүргүзөт жана аларды жумушчу комиссиянын кароосуна киргизет.     Эксперттик топтордун  курамы аткаруу бийлигинин мамлекеттик орган-дарынын адистеринен жана жекече сектордун өкүлдөрүнөн  түзүлгөн.  Донорөлкөлөрдүн,  ПРООНдун  жана башка эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрүбайкоочулар катары жумушчу комиссиянын заседаниелеринде чыгып сүйлөшөт,жумушчу  комиссияга техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу маселени талкуу-лоого катышат.     Жењил өнөр  жай ассоциациясынын үлгүсү боюнча Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү менен диалог жүргүзүүдө бизнес таламын көрсөтүү үчүн көмүскөэкономиканын  негизги  секторлорунда  ыктыярдуу ассоциацияларды түзүүнүстимулдоо зарыл.                   III. Программанын негизги багыттары      Программа көмүскөдөн  легалдуу бизнеске өтүү үчүн стимулду түзүүгөбагытталган.  Көмүскө экономиканы легалдаштырууга  багытталган  чараларузак мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү программаларды түзөт.      3.1. Улуттук маалыматтык кампанияларды жүргүзүү      Көмүскө экономиканын өсүшүнүн себептеринин бири мамлекеттик инсти-туттарга ишенимдин жана лоялдуулуктун төмөндөөсүнүн салык төлөөчүлөрдүнэтикасынын  начарлоосу менен коштолгондугу болуп саналат.  Коом көмүскөиш-аракетти жашоонун "нормалдуу" бөлүгү катары кабыл ала баштаган. Мын-дай  иш-аракетке  каршы  улуттук  маалыматтык кампаниянын жардамы мененкүрөшүүгө болот, ал төмөндөгү маселелерге токтолууга тийиш:     - өлкөнүн ар бир тургуну үчүн көмүскө экономиканын мааниси;     - көмүскө экономиканын проблемаларын чечүү боюнча Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн ролун жана иш-аракетин түшүндүрүү;     - легалдуу бизнеске каршы турууда көмүскө экономиканын иш-аракети-нин чыгымдары жана тобокелчиликтери;     - бизнести легалдаштыруудан пайда жана ишканалардын  бизнесин  ле-галдаштыруу аракетин колдоо зарылдыгы;     - көмүскө экономика жагындагы саясат боюнча толук  маалымат  мененкамсыздоо үчүн "тынбас" телефон линияларды, веб-сайттарды түзүү;     - көмүскө  экономика  проблемаларын  талкуулоо   боюнча   туруктууиштөөчү "ачык аянтчаларды" түзүү;     - ишкерлердин  өздөрүнүн бизнести цивилизациялуу жүргүзүү эрежесинсактоо зарылдыгын түшүндүрүүсү;     - ишкерлердин  укуктук билим дењгээлин жогорулатуу максатында тре-нингдерди өткөрүү;     - жалпыга  маалымдоо каражаттарында көмүскө экономиканын проблема-ларын, ишкерлердин иш-аракетин жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын маселе-лерин жана администрациялоо жол-жоболорун кењири талкуулоону камсыздоо.       3.2. Салык режимин жөнөкөйлөтүү жана салыктык жүктү кыскартуу      Киреше салыгынын  ставкаларын  жана  пайдага  салыкты  акыркы жолуазайтууларга карабастан салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана салык-тык жүктү кыскартуу боюнча иштерди улантуу зарыл.       3.3. Бизнес чөйрөсүн, каттоо жана лицензиялоо системасын жакшыртуу      Легалдуу рынокко чыгуудагы чыгымдарды азайтуу жана бизнес жүргүзүүмаксатында төмөндөгүлөр аткарылышы керек:     - ишкерлик субъекттерди мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана жоюупроцесстерин жөнөкөйлөтүү (жол-жоболордун санын азайтуу) жана тездетүү."Бирдиктүү терезе"  принциби  боюнча  каттоо системасын ишке киргизүүнүмыйзамдык жана администрациялык жактан камсыздоо;     - ишкердик түрлөрүнө мамлекеттик уруксат берүү системасын өркүндө-түү, ал үчүн:     "Лицензиялоо жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын жањы Мыйзамын кабылалуу;     техникалык регламенттерди тездетип иштеп чыгуу жана кабыл алуу ар-кылуу "Техникалык  жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынишке ашырууну камсыздоо;     - мамлекеттик  органдардын контролдук жана көзөмөлдүн функцияларынишке ашырууга  акы  алуу, айып санкцияларын салуу жана негизсиз алынганкирешени алып коюу жолу менен атайын каражаттарды "иштеп табуу" практи-касын жоюу.       3.4. Эмгек мамилелерин оптималдаштыруу      Иш берүүчүнүн  жана жумушчулардын укуктары менен милдеттеринин ор-тосундагы балансты  эњ мыкты эл аралык практикага жана Кыргыз Республи-касындагы реалдуу  кырдаалга ылайык камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасы-нын Эмгек кодексин кайра карап чыгуу зарыл, ошондой эле көмүскө сектор-догу иштегендердин  укуктарын  коргоону  камсыздоо  керек,  бул биринчииретте эмгек боюнча инспекциянын башкы иши болушу керек.       3.5. Патенттик салык салуунун системасын кайра кароо      Патенттик салык  салуунун  системасын колдонуу анын аныкталган на-тыйжалуулугун көрсөттү.  Алар коррупцияны кыскартууга, салыктык төлөөнүжөнөкөйлөтүүгө алып  келет.  Ал коррупциянын кыскарышына, салык төлөөнүжөнөкөйлөтүүгө алып  келет,  ошол  эле учурда ага бир катар кемчиликтермүнөздүү. Биринчи кезекте, алар компаниянын өсүшүнө стимул болбойт, ке-лечекте адекваттуу социалдык камсыздоо алууга кызматчылардын мүмкүндүгүазаят. Ушуга  байланыштуу ыктыярдуу жана милдеттүү патенттөөнүн оњ жанатерс жактарын  толук  иликтеп,  патент наркын эсептөөнүн методологиясыништеп чыгуу зарыл.       3.6. Контрабанданы кыскартуу жана коррупцияга каршы күрөшүү      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өлкөдөгү  коррупцияны  кардиналдуукыскартуу ниети жөнүндө билдирди. Коррупция көмүскө экономика менен жөнэле байланышта  эмес, ал анын иш-аракетинин негизги фактору болуп сана-лат.     Коррупциянын дењгээлин  жана  мамлекеттик контролдоочу органдардынөкүлдөрү тарабынан  кызмат балын кыянаттык менен пайдаланууну кыскартуумаксатында төмөндөгү кадамдарды ишке ашыруу зарыл:     - кадрларды тандоо, окутуу жана жайгаштыруу системасын реформалоо,атап айтканда мамлекеттик органдардагы кызматтарды "сатуу" практикасынакаршы күрөштү күчөтүү;     - мамлекеттик жана муниципалитеттик кызматкерлердин эмгек акы сис-темасын реформалоо;     - Кыргыз  Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана "Коррупциягакаршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамында  "коррупция"түшүнүгүн шайкеш келтирүү;     - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Респуб-ликасынын Жазык-процесстик  кодексине кылмыштык иш-аракеттердин киреше-лерин жана каражаттарын аныктоого карата ушул кодекстердин жоболорун өзара жана  БУУнун  коррупцияга  каршы Конвенциясына ылайык келтирүү үчүноњдоолорду киргизүү;     - мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик контролдоочу орган-дардын тизмесин белгилөө, бири бирин кайталоону болтурбоо максатында арбир органдын функцияларын, укуктарын жана милдеттерин так аныктоо;     - текшерүү жүргүзүүнүн так  регламентин  мыйзамдык  тартипте  бел-гилөө,  мамлекеттик  контролдоочу  органдардын ведомстволук нормативдикактыларын кайра кароо;     - мыйзамдарды  аткаруу  боюнча техникалык жол-жоболорду,  текшерүүжүргүзүүчү мамлекеттик контролдоочу органдардын  өкүлдөрүнүн  кызматтыкмилдеттерин  иштеп  чыгуу  жана жетекчилик жана жарандык коом тарабынанмониторингди камсыздоо.