Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы № 607 токтому менен бекитилген |
Аскердик багыттагы продукциялар маселеси боюнча чет өлкөлүк заказчылардын кайрылууларын Кыргыз Республикасында кароонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо чет мамлекеттердин же аскердик-техникалык кызматташтык боюнча чет өлкөлүк субъекттердин (мындан ары - чет өлкөлүк заказчылар) кайрылууларын кароонун тартиби, ошондой эле аларды мамлекеттик аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуунун, Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун чет мамлекеттер менен же аскердик багыттагы продукциялар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу тартибин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Чет өлкөлүк заказчылардын расмий кайрылууларын кароону уюштуруу, аскердик багыттагы продукцияларга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө карата макулдашылган чечимдерди даярдоону уюштуруу үчүн жооптуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аскердик багыттагы продукцияга тиешелүү чет өлкөлүк заказчынын расмий түрдө кайрылуусун белгиленген тартипте алган учурда аны каттап, аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн аныктоо менен көрсөтүлгөн кайрылууну андан ары иштеп чыгуу үчүн ага тапшырманы, чет өлкөлүк заказчыдан алынган документтерди тиркөө менен тийиштүү эксперт-уюмдарга тапшырылат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги зарыл учурларда чет өлкөлүк заказчынын кайрылуусу кароого кабыл алынгандыгы жөнүндө ага билдирет.
Эгерде чет өлкөлүк заказчынын кайрылуусу аскердик-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз тараптын субъекттери тарабынан жүргүзүлгөн маркетингдик иш чаралардын натыйжасы болуп саналса, ошондой эле бул кайрылуу түзүлгөн контракт боюнча кошумча милдеттенмелерди аткаруунун зарыл эместигин шарттаса же мурда аткарылган контрактты өнүктүрүүгө иштерди жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк заказчынын каалоосу болуп саналса, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги чет өлкөлүк заказчынын кайрылуусун иштеп чыккандан кийин аскердик-техникалык кызматташтыктык кыргыз тарабынан тиешелүү субъектисине жаңыдан келип чыккан кырдаалдарды эске алуу менен аталган кайрылууну аткарууга уруксат берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аскердик-техникалык кызматташтыктын кыргыз тараптагы субъектине карата чет өлкөлүк заказчы түздөн-түз кайрылса, ал субъект бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине билдирет жана чет өлкөлүк заказчыдан алынган документтерди ушул Жобонун 2-пунктунун талаптарына ылайык ал боюнча чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссия же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чечим кабыл алышы үчүн аскердик техникалык кызматташтыктын кыргыз тарабынын субъектисине же чет өлкөлүк заказчыга карата Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан даярдалган документтер макулдашуу үчүн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына жиберилет.
Көрсөтүлгөн документтерди макулдашуунун же макулдашуудан баш тартуу тууралуу себеби көрсөтүлгөн корутунду берүүнүн мөөнөтү тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына ал келип түшкөн күндөн тартып 3 күндөн ашпоого тийиш.
Мамлекеттик аткаруу бийлик органдары берилген документтердин өзүлөрүнө тийиштүү маселелер бөлүгүн гана карайт, мында аткаруу бийлигинин башка органдары же уюмдары менен алдын-ала макулдашуунун зарылдыгы шартталбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аскердик-техникалык кызматташтыктын кыргыз тарабынын субъектиси же чет өлкөлүк заказчысы тарабынан берилген, мамлекеттик аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары менен макулдашылган документтер Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан 5 күндүк мөөнөттө Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссияга жиберилет.
Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен чечимдин макулдашылган долбоорун алгандан кийин аны карап чыгып, зарыл учурларда чечим кабыл алуу үчүн ал материалдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Чет өлкөлүк заказчылардын расмий кайрылууларын кароонун, аскердик багыттагы продукцияларды берүүлөр жөнүндө Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун даярдоонун жана макулдашуунун жалпы мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечимин алгандан 2 күндүк мөөнөттө бул тууралуу чет өлкөлүк заказчыга билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Аскердик багыттагы продукцияны берүүлөр жөнүндө чечимдердин долбоорлорун макулдашууда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аткаруу бийлик органдарына берилүүчү документтердин тизмесин кызматташтык боюнча комиссия аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)