Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 , 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545, 2026-жылдын 8-июлундагы № 467 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-февралындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы № 607 "Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы", "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги", "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:
- 3, 4, 6, 7, 8, 10, 12, 14 жана 15-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет", "Өкмөт" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги", "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уюмдарына укук берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1, 9-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт", "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети", "Коргоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-8, 11-13-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Реестрге киргизилген уюмга Кыргыз Республикасынын коргоо министринин аскердик-техникалык кызматташтык маселелерин тейлеген орун басары кол койгон жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү күбөлүк берилет.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Уюмду реестрге киргизүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жиберилет.";
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине", "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Коргоо министрлигине", "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
аталышындагы жана 15-пункттагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскердик багыттагы продукциялар маселеси боюнча чет өлкөлүк заказчылардын кайрылууларын Кыргыз Республикасында кароонун тартиби жөнүндө жободо:
- 1, 4-7-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-5, 7 жана 8-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жободо:
- 1.1, 1.2, 1.4, 2.2 жана 6.4-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3.1, 3.2 жана 4.2-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.2-пункттун жетинчи абзацындагы "(мындан ары - КМ СТК)" деген сөздөр алып салынсын;
- 5.4-пункттагы "2012-жылдын 23-июлундагы № 517" деген сөздөр "2020-жылдын 3-мартындагы № 120" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 261 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1, 2-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 467 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелеринде:
- 2-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, башка аскердик түзүлүштөр, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын байланыш кызматтары жана атайын кызматтары, Кыргыз Республикасынын сот приставдары кызматтары;";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын даярдалган материалдык базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бекиткен нускамага ылайык уюштурулат.";
- 14-пункттагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 512 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарыларды категориялоо боюнча айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралды категориялоо боюнча жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, башка аскердик түзүлүштөр, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын байланыш кызматтары жана атайын кызматтары;";
- 17-пункттун экинчи абзацындагы жана 18-пункттагы "Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы" деген сөздөр "коргоо министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ыкчам башкарууда турган ок атуучу куралдын кадимки ок-дарыларын категориялоо боюнча жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, башка аскердик түзүлүштөр, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын байланыш кызматтары жана атайын кызматтары;";
- 3, 5, 7-10-пункттардагы "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "Коргоо министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 827 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарынын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды, ошондой эле инженердик ок-дарыларды эсепке алууну, сактоону жана берүүнү уюштуруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды, ошондой эле инженердик ок-дарыларды эсепке алууну, сактоону жана берүүнү уюштуруу боюнча нускамада:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар (мындан ары - МАУ, УО жана АК) - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, башка аскердик түзүлүштөр, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын байланыш кызматтары жана атайын кызматтары;";
- жогоруда аталган Нускаманын 5-тиркемесиндеги "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын, "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери менен камсыздоо тартиби жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери менен камсыздоо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-январындагы № 15 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 27-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 8-пункту.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 17-февралындагы № 12 (3461) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |