ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 457 «Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 10-октябры № 457

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм

            министрлигинин атайын эсебинин каражаттары

                жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

        (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун

                        редакциясына ылайык)

 

     Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги-

нин материалдык-техникалык базасын  жакшыртуу, кадыресе иштеши үчүн

зарыл шарттарды түзүү, кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз

кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

     1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм

министрлигинин атайын эсебинин каражаттары жөнүндө жобо бекитилсин.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

     2. Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат жана туризм министрлиги

атайын эсептин каражаттарын ушул токтом менен бекитилген Жобого так ылай-

ыкта пайдаланууну камсыз кылсын.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев