Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-октябры № 459 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасына келип түшүүчү гуманитардык жардамды кабылалуу жана бөлүштүрүү механизмин тартипке келтирүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жанабөлүштүрүү тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 2. "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жанабөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-майындагы № 211 токтому күчүн жоготтудеп табылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев