КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасына келип түшүүчү гуманитардык жар-дамды кабыл алуу, эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибинин укуктук жанауюштуруучулук негиздерин аныктайт. Гуманитардык жардам алышкан юридика-лык жактар менен жеке адамдар өз иштеринде Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин,гуманитардык жардам жөнүндөгү эл аралык макулдашууларды жана ушул Жобо-ну жетекчиликке алышат. 2. Гуманитардык иш-аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн атынан түзүлгөн эл аралык макулдашуулар Кыргыз Республикасынынкоомдук уюмдары, юридикалык жактары, жана жеке адамдары тарабынан сөз-сүз түрдө аткарылууга тийиш. 3. Гуманитардык жардамды кабыл алуу, эсепке алуу жана бөлүштүрүүтартибинин координациялоону Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыкөнүктүрүү министрлиги (мындан ары - Министрлик) жүргүзөт. 4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: гуманитардык жардам - юридикалык жактар жана жеке адамдар акысызберүүчү азык-түлүк, эл керектөөчү товарлар, техникалар, шаймандар, жаб-дуулар, медициналык каражаттар жана дары-дармектер, калктын жашоо жанатурмуш шарттарын жакшыртуу үчүн, ошондой эле андан ары пайдалануу жана(же) акысыз бөлүштүрүү шарттарында аскердик, экологиялык жана техноген-дик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларын алдын алуу жана жоюуүчүн башка нерселер; донор - гуманитардык жардамдын жиберүүчүсү - чет өлкөлүк мамлекет-тер, алардын органдары, чет өлкөлүк уюмдар жана мекемелер, чет өлкөлүкжарандар жана эл аралык уюмдар; алуучу - дарегине гуманитардык жардам келген юридикалык жактар жа-на жеке адамдар; керектөөчү - гуманитардык жардамды түздөн түз пайдалануучу КыргызРеспубликасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары. 5. Кыргыз Республикасынын аймагына келип түшкөн гуманитардык жар-дам керектөөчүгө берилгенге чейин донордун менчиги болуп эсептелет. 6. Гуманитардык жардамды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт. 7. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилүүчү гуманитардык мү-нөздөгү жүктөр, анын ичинде акысыз негизде тейлөө көрсөтүүнү жана ишаткарууну кошкондо, ошондой эле гуманитардык жүктөрдү жеткирүүчү транс-порт каражаттары салык төлөөдөн, бажы төлөмдөрүнөн жана жыйымдарынанбошотулат. Кыргыз Республикасынын аймагына келип түшкөн гуманитардык жардамарналышы боюнча пайдаланылбаса же ал башка адамдарга сатылса же берил-се, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салык са-лынууга тийиш. 8. Гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылай-ык болушу керек. Гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Респуб-ликасына келип түшүүчү жүктөрдүн гуманитардык мүнөзүн, анын ичинде акы-сыз негизде кызмат көрсөтүүнү жана иш аткарууну Министрлик корутунду(чечим) формасында аныктайт, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социал-дык өнүктүрүү министринин колу коюлуп, гуманитардык жүктүн мүнөзү жө-нүндө корутунду берилет. 9. Гуманитардык жардамдын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет: - курулуш материалдарын өндүрүү үчүн курулуш материалдары, жабдуу-лар жана механизмдер; - өнөр жай өндүрүшү жана кен казуу тармагы үчүн жабдуулар, станок-тор, механизмдер; - айыл чарба техникалары, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдүхимиялык коргоочу каражаттар, вакциналар, асыл тукум малдар, ветеринар-дык кызматтар үчүн препараттар жана жабдуулар; - жол-курулуш машиналары жана механизмдер; - автомобилдер, ага запастык бөлүктөр; - калкты тейлөө үчүн арналган самолеттор, ага запастык бөлүктөраэропорттор, навигациялык кызматтар үчүн жабдуулар; - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн арналган техникалар,жабдуулар жана механизмдер; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, укук коргоо органдары,улуттук коопсуздук жана республиканын башка аскердик түзүлүштөрү үчүнатайын жабдуулар жана униформалар, техникалар, атайын каражаттар, ку-рал-жарактар, аскердик-техникалык мүлктөр, оргтехникалар жана анын жаб-дыктары, кийимдер; - объекттерди, курулмаларды жана жабдууларды куруу жана ремонттообоюнча кызмат көрсөтүү жана иш аткаруу; - азык-түлүк товарлар, алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюм-дарын кошпогондо; - кийимдер, бут кийимдер, өздүк гигиена үчүн каражаттар жана элкеректөөчү башка товарлар; - дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар; - компьютерлер, ага шаймандар; - окуу китептери, окуу куралдары, көркөм адабият (диний мүнөздөгүадабияттарды кошпогондо), окутуу лабораториялар үчүн жабдуулар, илимийприборлор; - музыкалык аспаптар, театр жана концерттик имараттар үчүн жабдуу-лар, реквизит; - спорттук инвентарь жана жабдуулар, спорттук кийимдер, анын ичин-де өлкөнүн спорттук курама командасын экипировкалоо үчүн арналган кий-имдер. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтомунун редак-циясына ылайык) II. Гуманитардык жардамды кабыл алуу тартиби 10. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жүктүн гуманитар-дык мүнөзү Министрликтин корутундусу (чечими) менен тастыкталат. 11. Жүктүн гуманитардык мүнөзүн аныктоо үчүн гуманитардык жардамалуучулар ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастанМинистрликке төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү: а) уюмдун (юридикалык жактар үчүн) уставын (жобосун); б) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн (юридикалыкжактар үчүн); в) белекке берүү сертификатын; г) гуманитардык жардам алууга негиз болгон документин; д) алуучунун гуманитардык жүктү максаттуу пайдаланууну тастыктоочукепилдик-катын; е) алынган гуманитардык жүктү пайдалануу программасын. 12. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына гуманитардык жардам ката-ры ташылып келген товарларды бажылык тариздөөнү жүргүзүү үчүн бажы ор-ганына төмөнкү документтер берилет: - Министрликтин тиешелүү корутундусу (чечими); - жүктүн бажылык декларациясы (Жүктүн бажылык декларациясын толту-руу тартиби жөнүндөгү нускамага ылайык толтурулган); - транспорттук жана товар өндүрүү документтери; - товарлардын акысыз берилишин тастыктоочу документтер, анын ичин-де чет тилдеринде түзүлгөн документтер; - товарларды жалањ гана калктын жетиштүү камсыз болбогон катмары-нын, аскер кызматчыларынын жана аларга тењештирилген адамдардын, укуккоргоо органдарынын кызматчыларынын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыр-туу үчүн максаттуу пайдалануу жөнүндө алуучунун милдеттенмеси; - эгерде ташылып келинген товарлар мамлекеттик башка органдар та-рабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш болсо, көзөмөлдүн жүзөгө ашырылгандыгынтастыктоочу документтер. 13. Кыргыз Республикасына медициналык арналыштагы гуманитардыкжардамды алып келүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрли-гине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника де-партаментинин (мындан ары - Департамент) корутундусунун негизинде жүр-гүзүлөт. Корутунду алуу үчүн Департаментке төмөнкүлөр берилет: - Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жүктүн гуманитар-дык мүнөзүн ырастоочу, Министрлик берген документ: - медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн Кыр-гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылганжана бекитилген планы; - дары каражаттардын, медициналык арналыштагы буюмдардын чыгарганөлкөдө жана донор өлкөдө катталганын ырастоочу, компетенттүү орган бер-ген документ; - дары каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын ошол пар-тиясынын (сериясынын) сапатын жана коопсуздугун тастыктоочу, алып кели-нүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар өндүрүүчү өлкөнүн дарыкаражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдарынын мамлекеттик стандар-тына ылайык өндүрүлгөндүгүн ырастоочу, өндүрүүчү өлкөнүн ыйгарым укук-туу органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн өндүрүшчүнүн сертификаты. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтомунун редак-циясына ылайык) 13-1. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республика-сына алып келинүүчү дары каражаттары каттоодон өтүүгө жана Кыргыз Рес-публикасынын аймагында медициналык практикага колдонууга уруксат бери-лүүгө тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтомунун редак-циясына ылайык) 13-2. Өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда гуманитардык жардам лини-ясы боюнча катталбаган жана жарактуулук мөөнөтү бир жылдан аз болгондары каражаттарын республикага алып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүбекиткен комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлсүн. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтомунун редак-циясына ылайык) 13-3. Гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасынаалып келинүүчү дары каражаттары саламаттык сактоо жагында Кыргыз Рес-публикасынын ыйгарым укуктуу органы белгилеген тартипте идентификация-ланууга тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтомунун редак-циясына ылайык) 14. Гуманитардык жардамдарды алуучулар тарабынан кабыл алуу Минис-трликтин өкүлүнүн жана башка кызыгдар жактардын катышуусу менен жүргү-зүлөт. III. Гуманитардык, анын ичинде медициналык арналыштагы жардамды бөлүштүрүү тартиби 15. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү гуманитардык жүктү пайдалануубоюнча донордун программасынын шарттарына так ылайык келген тартиптежүргүзүлөт. 16. Керектөөчүлөр гуманитардык жардамды донорлордон түздөн-түзкандай алса, алуучулар аркылуу да ошондой эле алышат. 17. Донор тарабынан гуманитардык жардам конкреттүү жеке адамга бе-рилген учурда гуманитардык жүк дарек ээсине өткөрүлүп берилип, анданары анын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүлбөйт. 18. Юридикалык жакка келип түшкөн гуманитардык жардам дарек ээсинеөткөрүлүп, анын максаттуу пайдаланылышы мамлекеттик көзөмөл кызматытарабынан текшерилүүгө тийиш. 19. Муктаждарга жардам көрсөтүү үчүн юридикалык жактын дарегинетүшкөн гуманитардык жардамдар ыйгарым укуктуу донор жактын катуу конт-ролдугу алдында калктын жакыр катмарына андан ары берүү үчүн минист-рликтер, ведомстволор, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары, илимий жана билим берүү мекемелери, коомдук фонд-дор, өкмөттүк эмес уюмдар жана кайрымдуулук фонддору боюнчабөлүштүрүлөт (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, укук коргоочуоргандар, улуттук коопсуздук органы жана башка аскердик түзүлүштөр үчүнтүшкөн гуманитардык жардамды кошпогондо). 20. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтому-на ылайык күчүн жоготту) 21. Донорлорго дары каражаттарды, медициналык арналыштагы буюмдар-ды жана медициналык техниканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаганТурмуштук маанилүү дары каражаттарынын тизмесине ылайык Кыргыз Респуб-ликасына берүү сунушталат. 22. Медициналык багыттагы гуманитардык жардам берилүүчү гуманитар-дык жардамды керектөөнү, анын аталыштарын жана санын эске алуу мененКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана алуучулар ме-нен алдын ала макулдашылгандан кийин донорлор тарабынан көрсөтүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтомунун редак-циясына ылайык) 23. Гуманитардык жардам катары келген дары каражаттары жана меди-циналык багыттагы буюмдар үчүн жарактуулугунун калган мөөнөтү алардыКыргыз Республикасына алып келингенден кийин бир жылдан кем болбооготийиш. Медициналык багыттагы буюмдарды инсталляциялоо локалдуу сервистиккызматтын кызматкеринин катышуусунда донор же анын өкүлү тарабынанжүргүзүлөт. Мурда колдонулган медициналык багыттагы буюмдар колдонууга жарак-туу абалда болушу керек, аларды пайдалануу мөөнөтү берилген учурга ка-рата 5 жылдан ашпоого тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529
токтомунун редак-циясына ылайык) 24. Медициналык арналыштагы гуманитардык жардам расмий жана (же)мамлекеттик, англис тилдеринде маркировкаланууга тийиш. Маркировка Эларалык патенттелбеген аталышын, серия номерин, дарылык формасын, актив-дүү заттардын канча экендигин, жасаган фирманын аталышын, тањгактагысанын, сактоо шартын жана жарактуулук мөөнөтү бүтүүчү күндү камтуугатийиш. 25. Медициналык арналыштагы гуманитардык жардам жүктөрүн керектөө-чүнүн кабыл алуусу Департаменттин өкүлүнүн, Министрликтин өкүлүнүн жанабашка кызыгдар уюмдардын катышуусунда жүргүзүлөт. 26. Министрлик Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды анданары максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт. IV. Гуманитардык жардам алуу жана бөлүштүрүү үчүн жоопкерчилик 27. Гуманитардык жардам алуу, сактоо, туура жана өз убагында бө-лүштүрүү, ошондой эле аны керектөөчүлөргө жеткирүү үчүн донор алдындагыжоопкерчилик гуманитардык жардам алуучуга жүктөлөт. Эгерде гуманитардык жардам керектөөчүлөргө жергиликтүү бийлик ор-гандарынын катышуусу менен бөлүштүрүлсө, анда аны туура жана өз убагын-да бөлүштүрүү жоопкерчилиги дагы аларга жүктөлөт. 28. Алынган гуманитардык жардамдын саны жана сапаты үчүн донорлорменен алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бирдей дењ-гээлде жоопкерчилик тартышат.