Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 608 токтомунун редакциясына ылайык)
Чүй облусунун Сокулук районундагы "Манас" авиашаарчасынын жылуулук
менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо объектилеринин туруктуу жана
ишеничтүү иштешин камсыздоо максатында жана "Манас" эл аралык аэропор-
ту" ачык акционердик коомунун кайрылуусун эске алып Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому
менен бирдикте бир айлык мөөнөттүн ичинде Чүй облусунун Сокулук райо-
нундагы "Манас" авиашаарчасынын жылуулук менен камсыздоо жана суу менен
камсыздоо объектилерин аныкталган тартипте өткөрүп беришсин, ал эми
Кыргызтуракжайкоммунсоюз 2007-жылдын 20-октябрына карата өзүнүн балан-
сына алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008 - жылдын жана андан кийинки жылдардын бюджетин түзүүдө "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына "Манас" авиашаарчасынын отканаларынан жылуулук энергиясын калкка мамлекеттик жөнгө салынуучу тарифтер боюнча берүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн, ошондой эле "Манас" авиашаар- часынын жылуулук менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо объектилерин оңдоо жана тейлөө үчүн керектүү көлөмдө финансылык каражат караштырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 608 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна сунушталсын:
- 2007-жылдын аягына чейин Кыргызтуракжайкоммунсоюзду жогоруда көрсө- түлгөн объектилерди тейлөөгө 8650,0 миң сом жана ремонт жумуштарын жүргүзүүгө 4228,0 миң сом кайтарымсыз каржылоо;
- өткөн жылытуу сезонунда жылуулук менен жабдуу жана муздак суу берүү кызматтары үчүн калктын береселерин толук көлөмдө өндүрүүнү камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 608 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик админист-
рациясы, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому жана Кыр-
гызтуракжайкоммунсоюз менен бирдикте Кыргызтуракжайкоммунсоюздун тей-
лөөчү кызматкерлерине "Манас" авиашаарчасынын жылуулук менен камсыздоо
жана суу менен камсыздоо объектилеринин ишин камсыздоо үчүн кызматтык
жайларды бөлүп берүү маселесин карасын жана аныкталган тартипте чечсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев