КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-сентябры №608
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-октябрындагы №463 "Чүй облусунун Сокулук районундагы "Манас" авиашаарчасынын жылуулук менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо объектилерин "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун балансынан Кыргызтуракжайкоммунсоюздун балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бюджеттик каражаттарын үнөмдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-октябрындагы № 463 "Чүй облусунун Сокулук районундагы "Манас" авиашаарчасынын жылуулук менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо объектилерин "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун балансынан Кыргызтуракжайкоммунсоюздун балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюзга "Манас" авиашаарчасынын жылуулук менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо объектилерин оңдоо жана тейлөө үчүн" деген сөздөр "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына "Манас" авиашаарчасынын отканаларынан жылуулук энергиясын калкка мамлекеттик жөнгө салынуучу тарифтер боюнча берүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн, ошондой эле "Манас" авиашаарчасынын жылуулук менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо объектилерин оңдоо жана тейлөө үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттун экинчи абзацы "каржылоо" деген сөздөн мурда "кайтарымсыз" деген сөз менен толукталсын.
2. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан чараларды көрүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |