Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 15-январындагы № 11 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-октябры № 485
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча
мамлекеттик агенттиктин борбордук
аппаратын жайгаштыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 19-мартындагы № 183 токтомунун
редакциясына ылайык)
"Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 22-статьясына ылайык, мамлекеттик имараттарга мамлекеттик
органдар менен мекемелерди натыйжалуу жайгаштыруу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 248-б буйругу
менен түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун, Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-январындагы № 5 буйругун
аткаруу максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана со-
циалдык өнүктүрүү министрлигинин сунушун көњүлгө алуу менен Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бишкек шаары, Манас проспекти, № 22а дарегинде жайгашкан беш
кабат имарат жанаша аймагы жана курулмалары менен Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекет-
тик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык
билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын биринчи жана
экинчи кабаттарына агенттиктин борбордук аппаратын жайгаштырсын;
- имараттын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кабатын акылуу пайдала-
нууга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-
гинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтуна берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 183 токтомунун редакция-
сына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-
лиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим
берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын жайгаштыруу
үчүн ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын биринчи жана
экинчи кабаттарын бошотуу боюнча бир айлык мөөнөттө белгиленген тартип-
те чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Манас проспектиси, № 22а дареги
боюнча Бишкек шаарында жайгашкан жайды өткөрүп берүүнү ишке ашырсын;
- Москва көчөсү, № 171, Манас проспектиси, N 22а, Байтик баатыр
көчөсү, 122 даректери боюнча Бишкек шаарында жайгашкан мүлктүк комплек-
стердин баланстарын кармоочулар менен бирдикте эгерде алар багыты боюн-
ча пайдаланылбаса жеке жана юридикалык жактарга жайларды ижарага андан
аркы берүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдеп чыксын жана алар менен
тийиштүү келишимдерди бузуу жөнүндө чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 122 дарегинде жайгашкан № 5
кесиптик лицейдин № 2 окуу корпусун жана администрациялык имаратын бе-
китип берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын
16-декабрындагы № 782 токтому;
- "Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 122 дарегинде жайгашкан № 5
кесиптик лицейдин № 2 окуу корпусун жана администрациялык имаратын бе-
китип берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын
16-декабрындагы № 782 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-сентябрындагы № 673 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-декабрындагы №
674-б буйругу.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ви-
це-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев