КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-октябры № 491 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участокторун, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2008-жылга базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
64-статьясына жана КыргызРеспубликасынын Салык
кодексинин 177-статьясына ылайык Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участок-торун, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багытындагыжерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2008-жылга базалык ставкала-ры жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-три жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ушул мыйзамдолбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын жана мыйзамдолбоорлорун талкуулоонун жүрүшүндө ага өзгөртүү киргизүү укугу берил-син. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участокторун, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2008-жылга базалык ставкалары жөнүндө 1-статья 2008-жылы "Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жеручастокторун, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес ба-гытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2005-жылга базалыкставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленгенжер салыгынын базалык ставкалары колдонулаары белгиленсин. 2-статья 2009-жылга жер салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабылалынганга чейин ушул Мыйзам менен бекитилгем ставкалар колдонулат. 3-статья Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти