КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-июнундагы № 339 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 498 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө "Маалыматташтыруу жөнүндө" жана "Электрондук цифралык жазуу жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдында оперативдүү башка-руу укугунда "Инфоком" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамле-кеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамле-кеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасын (мынданары - "Инфоком" мамлекеттик ишканасы) белгиленген тартипте мамлекеттиккаттоо жүргүзсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы "Инфоком"мамлекеттик ишканасын жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте Бишкек шаа-рында администрациялык жана өндүрүштүк жай берсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттигине даярдоо, уюштуруу жана тех-никалык маселелер чечилгенге чейин "Инфоком" мамлекеттик ишканасынатайын каражаттардын жана башка булактардын эсебинен каржылоого уруксатберилсин. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжана коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев