Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 498
токтому менен бекитилген "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ 1. Жалпы жоболор 1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурс-тар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком"мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана)
"Маалыматташтыруу жөнүндө"жана
"Электрондук цифралык жазуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-замдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-мартында-гы № 54
Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүнмаалыматтык-коммуникациялык технологиялар" Улуттук стратегиясын ишкеашыруу максатында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жа-на технологиялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - МРТМА) түз-дөн-түз карамагында турат. Ишкана өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентининжарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом-дорун жана буйруктарын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат. 1.2. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. 1.3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүсаналат. 1.4. Ишкананын толук расмий аталышы: кыргыз тилинде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалымат-тык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигине караштуу "Ин-фоком" мамлекеттик ишканасы"; орус тилинде: "Государствоенное предприятие "Инфоком" при Государ-ственном агентстве информационных ресурсов и технология при Правительс-тве Кыргызской Республики". 1.5. Ишкана өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, белгиленгентартипте Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктардаалыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык, ачууга укугубар. Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылганмөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибутикалары бар. 1.6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштурулган укуктук формасындатүзүлгөн өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп эсептелет. Ишканаөзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Устав-дын талаптарына так ылайыкта жүргүзөт. 1.7. Ишкана толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоонун прин-цибинде иштейт жана чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жа-соого, мүлктүк жана жеке укуктарга ээ болууга жана жоопкерчилик тартуу-га, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу. 1.8. Ишкана оперативдүү башкаруу укугундагы ага таандык мүлктү са-тууга, менчик ээсинин макулдугу менен аны күрөөгө өткөрүп берүүгө укук-туу. 1.9. Ишкананын мүлкү бөлүнгүс болуп эсептелет жана салымдар (үлүш-төр, пайлар) боюнча, анын ичинде Ишкананын кызматкерлеринин ортосундабөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес. 2. Ишкананын милдеттери жана функциялары 2.1. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - мамлекеттик маалыматтык системалардын өз ара аракетин түзүү жанауюштуруу, Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфраструктурасынтүзүү, өнүктүрүү жана тейлөө, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык ре-сурстарды интеграциялоо, жалпы пайдалануудагы маалыматтык базаны түзүү; - бекитилген технологияларга ылайык мамлекеттик маанидеги докумен-ттерди өз учурунда жана сапаттуу тариздөө жана даярдоо, 2.2. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет: - Түпкү тастыктоочу борборду түзүү; - полиграфиялык кызматтарды көрсөтүү; - персонификацияланган, идентификациялоочу жана мамлекеттик маани-деги башка документтерди (ким экендигин ырастоочу документтерди, аныничинде паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү, транспортту каттоо жөнүн-дө документтерди ж.б.у.с.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкүлгүлөрүн долбоорлоо, чыгаруу, персонификациялоо жана даярдоо, алдыњкытехнологияларды колдонуу менен аларды коргоону камсыз кылуу; - пластикалык дисконттук, визиттик карточкаларды жана маалыматтыккарталарды (SNART) даярдоо; - мөөрлөрдү даярдоо; - ведомстволор ичиндеги керектөөлөр үчүн да, юридикалык жана жекежактар үчүн да түрдүү мүнөздөгү документтерди дизайнерлик тариздөө бо-юнча иштерди жүргүзүү; - картондо же кагазда жөнөкөй түстү басуу, кызматтык күбөлүктөрдү,өткөрмөлөрдү, бэджейлерди, дисконттук карталарды ж.б. пластикалык даяр-доо; - коомдук кирүүчү борборлорду, технопарктарды, бизнес-инкубатор-лорду түзүү; - маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында илимий-изилдөөжана инновациялык ишмердикти жүргүзүү; - дүйнөлүк маалыматтык системага жана маалыматтык ресурстаргаалардын интеграцияланышы максатында мамлекеттик маалыматтык системалар-дын өз ара аракетин камсыз кылуу боюнча иштерди аткаруу; - программалык-аппараттык каражаттарды системалык-техникалык тей-лөөнү ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инф-раструктурасына интеграциялануучу мамлекеттик маалыматтык системалардыкоштоо; - мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана маалыматтык системалар-ды түзүүнү, өнүктүрүүнү жана коштоону уюштуруу-техникалык колдоону ишкеашыруу; - бирдиктүү коммуникациялык чөйрөнү жана мамлекеттик маалыматтыксистемалар менен маалыматтык ресурстардын өз ара аракеттенүү системасынтүзүү жана техникалык колдоо; - маалыматтык ресурстарды жана маалыматтык системаларды мамлекет-тик каттоо жүргүзүүнү техникалык камсыздоо боюнча иштерди аткаруу; - Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфраструктурасынаинтеграциялануучу маалыматтык долбоорлорго техникалык талдоо жүргүзүү; - мамлекеттик органдарды маалыматташтыруу чөйрөсүндө ишмердик жүр-гүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалы-маттык системалардын жана маалыматтык ресурстардын маалыматтык коопсуз-дугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү; - маданий-тиричиликтик багыттагы гезит-журналдык, китептик, көркөмсүрөт, этикетка продуктуларын, башка басма товарларды, өндүрүш калдык-тарынан кењири колдонулуудагы буюмдарды, жарнамалык, маалымдама, усул-дук жана маалыматтык материалдарды даярдоо жана сатуу; - соода-сатып алуу жана өндүрүштүк ишмердик; - Ишкананын ишмердик чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды,семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана жүр-гүзүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башкаишмердиктерди чарбалык келишимдердин негизинде жүргүзүү; - тастыктоочу борборлордун ыйгарым укуктуу адамдарынын электрондуксандык кол тамгаларынын аныктыгын аларга берилген жазуу ачкычтарынынсертификаттарында тастыктоо; - ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттикмаалыматтар банкын иштеп чыгуу үчүн арналган маалыматтык технологиялар-ды милдеттүү сертификациялоо; - мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана системаларды каттоо; - тастыктоочу борборлордун кол тамгалары ачкычтарынын сертификат-тарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жана мамлекеттик бийлик органда-рынын ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгалары ачкычтарынын сертифи-каттарынын реестрин жүргүзүү, ошондой эле ага жарандардын, уюмдардын,мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын жетишин камсыздоо, - белгиленген ишмердик чөйрөсүндө илимий-техникалык жана инвести-циялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын фун-кцияларын ишке ашыруу. 2.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда Ишканагатаандык жана мамлекеттин менчигиндеги мүлктү пайдалануу менен Ишканатарабынан ишке ашырылуучу анын ишмердигин түзөт. 3. Ишкананын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги 3.1. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өз милдеттерин ишке ашырууүчүн төмөнкүлөргө укуктуу: - накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурс-тарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды ишканалардан, уюмдар-дан, мекемелерден жана жарандардан сатып алууга; - белгиленген тартипте башка ишканалар жана жарандар менен эсеп-тешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес дагы эсетешүүлөрдү жүргүзүүгө; - өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жекемүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттенмелерди тартууга, соттордодоогер жана жоопкер болууга; - Ишкананын милдеттерине жана максаттарына ылайык уюштуруу укуктукформасына карабастан каалаган юридикалык жак менен, ошондой эле жаран-дар менен келишимдерди өз алдынча түзүүгө; - белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерине консультацияберүү, окутуу үчүн жана башка максаттарда келишимдердин негизинде адис-терди тартууга; - Ишкананын кызматкерлерин командировкага, анын ичинде чет өлкө-лөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмө-лөргө катышуу үчүн жиберүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалыкишмердикти жүргүзүүгө; - жарандарды эмгек келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдердин,подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизиндеИшканада иштерди аткаруу үчүн тартууга; - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сыртта фили-алдарды жана өкүлчүлүктөрдү, ошондой эле уставдык милдеттерге ылайыкөндүрүштүк ишмердикти жүргүзүү үчүн зарыл чарбалык структураларды бел-гиленген тартипте түзүүгө; - коммерциялык негизде алынган кредиттик каражаттарды улуттук,ошондой эле чет элдик валютада Кыргыз Республикасындагы жана чет мамле-кеттердеги юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте пайдаланууга; - жарнама берүүчү катары чыгууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, мен-чик ээсинин макулдугу боюнча ага оперативдик башкаруу укугуњда таандыкжабдууларды, транспорттук каражаттарды, инвентарларды жапа башка мате-риалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө,алмашууга, ижарага берүүгө, убактылуу акысыз пайдаланууга берүүгө; - акы төлөөчү кызмат көрсөтүүгө. Ишкана ушул Уставда каралбаган, эгер ал Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына жана Ишкананын Уставына карама каршы келбесе ГАИРТтин ма-кулдашуусу боюнча башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн. 3.2. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуусу, алар-дын социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасы-нын эмгек мыйзамдарынын нормалары менен жөнгө салынат. 3.3. Ишкана жылдык төлөнүүчү отпускалардын узактыгын өз алдынчааныктайт. Мында алардын узактыгы мамлекеттик ишканалардын жумушчулары-нын жана кызматкерлеринин тиешелүү категориялары үчүн белгиленген чек-тен кем болбошу керек. Ишкана өзүнүн жумушчуларына кошумча отпускалар-ды, кыскартылган жумушчу күндөрдү жана башка социалдык жењилдиктердибелгилеши мүмкүн. 3.4. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага бе-рүүчү жана ижара алуучу боло алат. 3.5. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү: - бардык жумушчулар үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жанаалардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө тийгизген зыян үчүнбелгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдергеылайык өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга; - Ишкананын финансылык абалына карабастан түзүлгөн келишимдергежана контракттарга ылайык Ишкананын бардык жумушчулары менен толукэсептешүүгө; - Ишкананын жумушчуларын социалдык, медициналык жана милдеттүүкамсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого; - Ишкананын отчетторун өз учурунда салык органдарына берүүгө жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөсалык төлөөгө. 3.6. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзамменен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканадан бошоп кеткенденкийин мыйзамдарда белгиленген мезгилдин ичинде сактоого кызматтык мил-деттерди аткарууда адамдын өмүрүнө. беделине жана кадыр-баркына байла-ныштуу алынган маалыматтарды сактоого жана алардан мындай маалыматтардыберүүнү мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо талап кылбоого мил-деттүү. 4. Ишкананы башкаруу 4.1. Ишкананын директору Ишкананы башкарат. 4.2. Директор Ишкананын жалгыз жетекчиси болуп эсептелет. Ал ГАИР-Ттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министритарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптекызматка дайындалат жана бошотулат. 4.3. Ишкананын директору ишеним катсыз Ишкананын атынан чыгат, ке-лишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды бе-рет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды баш-каруу укугуна ээ, белгиленген тартипте Ишкананын бардык кызматкерлеринемилдеттүү буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, Ишкананын пер-соналын белгиленген тартипте ишке кабыл алат жана иштен бошотот, эмгек-ти стимулдоо маселелерин чечет. 4.4. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун су-нушу боюнча ГАИРТтин директору тарабынан кызматка дайындалат жана бошо-тулат. 4.5. Ишкананын адистери жана персоналы эмгек келишимин түзүү мененИшкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. 4.6. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси Ишкананын директо-ру тарабынан бекитилет. 4.7. Ишкананын директору Ишкананын таламдарын соттордо көрсөтүүгө,башка уюмдар, ишканалар, ошондой эле ижарачылар менен ыйгарым укуктары-нын чегинде мамиле түзүүгө укуктуу. 4.8. Ишкана башка уюмдар, жалданма жумушчулар, чарбалык ишмердик-тин бардык чөйрөсүнүн жарандары менен мамилени келишимдердин негизиндетүзөт. 4.9. Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадрдыккамсыздоонун бардык маселелерин чечет, жалдоонун тартибин жана шартта-рын, уюштуруу формаларын жана ыкмаларын жана эмгек акы төлөөнү анык-тайт, маяналарды жана кошумча төлөөлөрдү белгилейт, сыйлоо, жумушчукүндүн жана жуманын узактыгын, эс алуу жана отпуск күндөрүн берүүнүнкөлөмүн жана тартибин аныктайт . 4.10. Ишкана өзүнүн өндүрүшүнүн айлана-чөйрөгө терс таасирин азай-тууга багытталган жаратылышты коргоо иш-чараларын өз убагында жүргүзүү-гө милдеттүү. 5. Эсеп, пландоо, отчеттуулук 5.1. Ишкана өзүнүн ишин өз алдынча иштелип чыккан иш пландын неги-зинде жүргүзөт. Ишкананын келечек, жылдык жана утурумдук иш пландарынИшкананын директору МРТМАнын директоруна макулдашуу боюнча бекитет. 5.2. Ишкананын иш-пландарынын негизин жабдуучу-берүүчүлөр, ижарачы-лар жана керектөөчүлөр менен мамилени жөнгө салуучу учак мөөнөттүү жанабашка келишимдер түзөт. 5.3. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттерди, чарбалыкмамиленин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ар кандайбашка шарттарын аныктоодо эркин. 5.4. Ишкана өз ишинин натыйжаларына бухгалтердик эсеп жүргүзөт жа-на Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте статистика-лык отчет жүргүзөт. 5.5. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жанаэкономикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштетүүнүн жалпы мамлекет-тик системасын жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды берет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралганмаалыматты берүүдөн баш тарткандык, толук эмес маалымат бергендик жеаны бурмалагандык, ошондой эле отчетту бурмалагандык үчүн Ишкананынкызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жооп-керчиликке тартылышат. 5.6. Ишкананын башкы бухгалтери кызматка Ишкананын директору тара-бынан дайындалат, директорго тике баш ийет жана Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн белги-ленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат. 5.7. Ишкананын ишин Кыргыз Республикасынын тийиштүү контролдоочуоргандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшеришет. 6. Ишкананын мүлкү жана акчасы 6.1. Ишкана мамлекеттик мүлктү операциялык башкаруу укугуна негиз-делген жана ага бекитип берилген мүлккө менчик укугуна эз эмес. 6.2. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттик менчикке турганжана Ишкананын балансына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралганэрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен өткөрүп берилген козголбосмүлк обьекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктөрдү операциялыкбашкаруу укугу эсептелет. 6.3. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражат-тар, ошондой эле материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкана-нын өз алдынча балансында көрсөтүлөт. 6.4. Ишкананын мүлкүн куроонун булактары: - чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер; - банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери, гранттары; - юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кошумчалары; - менчик мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгантартипте пайдалануудан алынган киреше. 6.5. Ишкана алган кирешелер, ошондой эле өздүк каражаттардын эсе-бинен алынган мүлк ага менчик укугунда таандык болот, анын ичинде: - шаймандар, аспаптар, оргтехниканын бардык түрлөрү, приборлор,аппараттар, ошондой эле негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар; - интеллектуалдык, илимий-техникалык жана башка продукция; - чет өлкөлүк валютадагы акча, баалуу кагаздардын бардык түрлөрү; - өздүк каражаттардын эсебинен алынган башка мүлк. 6.6. Ишкананын операциялык башкаруудагы мүлктү пайдалануунун на-тыйжасында алган кирешеси төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: - 10 проценти республикалык бюджетке кириштелет; - 10 проценти МРТМАга маалыматтык ресурстарды жана технологиялардыөнүктүрүүгө которулат; - 80 проценти Ишкананын карамагына түшөт. 7. Ишкананы өзгөртүп уюштуруу жана жоюу 7.1. Ишкананы жоюу жана өзгөртүп уюштуруу Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан ишке ашырылат. 7.2. Ишкананы өзгөртүп уюштурууда же жоюуда бошотулчу кызматкер-лерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында каралган башка жењилдиктер жана гарантиялар берилет. 7.3. Ишкананы жойгондон кийин калган мүлктү жоюучу комиссия КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрөт. 7.4. Кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин калганмүлк уюштуруучунун карамагына өтөт. 7.5. Ишкана Кыргыз Республикасынын Юридикалык жактарынын мамлекет-тик реестрине тийиштүү жазуу жазылган учурдан тартып өзгөртүп уюштурул-ду же жоюлду деп эсептелет. 8. Архивдик иш. Документтердин сакталышы 8.1. Ишкана мамлекеттик социалдык, экономикалык жана салыктык сая-сатты ишке ашыруу максатында документтердин (башкаруучулук, финансы-лык-чарбалык, кадрлык курам боюнча ж.б.) сакталышы үчүн жоопкерчиликтеболот; илимий-тарыхый мааниге ээ документтерди документтердин колдонуу-дагы тизмесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна өт-көрүүнү камсыздайт жана өздүк курам боюнча документтерди аныкталгантартипте сактайт жана пайдаланат. 8.2. Ишкана өзгөртүп уюштурулганда бардык документтер (башкаруучу-лук, финансылык-чарбалык, кадрлык курам боюнча ж.б.) белгиленген эреже-лерге ылайык укук улантуучу ишканага өткөрүлөт. 8.3. Ишкананы жоюуда илимий-тарыхый мааниге ээ, такай сакталуучудокументтер Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна өткөрүлөт,кадрлык курам боюнча документтер (приказдар, өздүк иштер, эсептик кар-точкалар, өздүк эсептер ж.у.с.) уюштуруучунун архивине сактоого өткөрү-лөт. 8.4. Документтерди өткөрүү жана тартипке салуу Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Ишкананын каражатынын эсебиненишке ашырылат.