КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 505 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасын түзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 17-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлердидаярдоо системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда жана Кыргыз мамлекет-тик дене тарбия жана спорт академиясында окуган студенттердин ичинензапастагы офицерлерди даярдоо үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык акаде-миянын алдында жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасы түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги: - ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жогорку окуу жайлардынстуденттерин запастагы офицерлерди окутуу программасы боюнча аскердикадистиктердин тизмесин белгилесин жана алардын санын аныктасын; - Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аскеркафедрасынын балансындагы окуу курал-жарактарды, техниканы жана аскер-дик-техникалык мүлктү Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдындажогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасына өткөрүп берсин; - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуужайлар аралык аскер кафедрасын зарыл болгон курал-жарактар, ок-дарылар,аскердик техника, приборлор, аппаратуралар, аспаптар менен, ошондой элетехникалык адабияттар жана башка окуу усулдары менен комплекттесин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 17-январындагы № 10токтомунун редакциясына ылайык) 3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: - жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасынын кызмат орундарынынтизмесин бекитсин; - Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 токтому ме-нен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студент-терин запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик факультеттердежана кафедраларда аскердик даярдоо жөнүндө" Жобого ылайык убакыт берүүменен окуу пландарында аскердик даярдыкты өтүү тартибин аныктасын; - аскердик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн ассигнованиелерди,ошондой эле анык аскердик кызматта турган офицердик курамга жана пра-порщиктерге акчалай үлүштү, жогорку окуу жайлар аралык аскердик кафед-ранын штаттык кызмат орундарына дайындалган жумушчуларга жана кызматчы-ларга айлык акыны төлөп берүү үчүн каражаттарды бөлүп берсин; - жогорку окуу жайлар аралык аскердик кафедраны түзүүгө жана кар-моого чыгымдарды Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын каражаттары-нын эсебинен жүргүзсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 17-январындагы № 10токтомунун редакциясына ылайык) 4. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуужайлар аралык аскер кафедрасында запастагы офицерлерди даярдоо програм-масы боюнча студенттерди окутуу 2007-жылдын 1-сентябрынан башталсын. 5. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студен-ттерин окутуу жогорку окуу жайдын бюджеттик жана атайын каражаттарынынэсебинен жүргүзүлсүн. 6. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 17-январындагы №10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 7. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 17-январындагы №10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү менен кор-гонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев