КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 511 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоору жактырылсын. 2. Бул мыйзам
долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-три ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-статья "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баян-далсын: "1. Инвестициялар - бул инвестордун менчигинде турган же ал тара-бынан тике же кыйыр контролдонуучу активдердин бардык түрлөрүн экономи-калык ишмердик объекттеринде пайда алуу жана (же) башка пайдалуу натый-жага жетишүү максатында төмөнкү түрдө материалдык же материалдык эмессалуулар:" 2-статья Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти