КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 520 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин иш-аракети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мам-лекеттик агенттикке (мындан ары - Мамагенттик) Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөөнү, бекитил-ген номенклатурага жана товардык-материалдык баалуулуктарды топтоо нор-мативдерине ылайык мамлекеттик резервди колдоо жүктөлгөн иштериндеолуттуу кемчиликтер орун алгандыгын белгилейт. Алсак, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору көпчүлүк учурлар-да бузулат. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги максаты болгон бюджет-тик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга жетишилбейт. Мамлекеттик сатып алуулар системасынын иштешин талдоо Мамагенттикорун алган тартип бузууларга биринчи кезекте өздөрү кызыкдар экендигинтүздөн-түз көрсөтүп турат, анткени бул "ишкер" чиновниктер үчүн ыњгай-луу чөйрө түзүп берет. Мамлекеттик сатып алуулар системасындагы коррупциянын өсүп-өнүгү-шүнө көпчүлүк жагынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча Кыргыз Республи-касынын колдонуудагы мыйзамдары көмөкчү болууда. "Коррупциялашкандык" жагына карата "Мамлекеттик сатып алуулар жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын жоболорун талдоо Мыйзамда бел-гиленген 19 учурда Мамагенттик менен макулдашуу керектигин көрсөттү.Бул Мамагенттиктин чиновниктеринин эркине байланыштуу чечимдерди кабылалуунун ачык-айкын эмес жол-жоболорунун түзүлүшү үчүн негиз болуп сана-лат. Мамагенттиктин иш-аракетиндеги бардык кемчиликтер мамлекеттик баш-каруудагы структуралык кайра түзүүлөр үчүн Программалык кредитти (GSAC)ишке ашыруунун чектеринде мамлекеттик сатып алуулар жагындагы реформабоюнча шарттарды аткарууга карата Дүйнөлүк банктын кезектеги миссиясыберген канааттандырарлыксыз баага түздөн-түз тиешеси бар. Натыйжада2007-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө пландаштырылган 10 млн. АКШдоллары өлчөмүндөгү кредиттик каражат республика тарабынан өз учурундаалынбайт, бул бюджеттин чыгаша бөлүгүнө оорчулук келтирет. Мамагенттиктин иш-аракетинин маанилүү багыттарынын бири мамлекет-тик материалдык резервдердин нормалдуу иштешин камсыздоо жана техноген-дик же экономикалык факторлор менен шартталган өзгөчө кырдаалдарды жоюумаксатында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдериноперативдүү ишке ашыруу болуп саналат. Бирок, баалардын өсүшүн токтотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү тарабынан кабыл алынган чараларды камсыздоого Мамагенттиктин жанаМамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчилигинин кайдыгер жанажоопкерчиликсиз мамилесинен улам тийиштүү рынокко алардын таасирининнатыйжалуулугу кыйла төмөндөп кеткен. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-ав-густундагы № 265-б
буйругун ишке ашырууда Мамагенттиктин ыкчам аракеткылбагандыгынан нан азыктар рыногуна таасир этүү боюнча көрүлгөн чара-лар жетиштүү натыйжа бере албай калды. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин мам-лекеттик башкаруудагы структуралык кайра түзүүлөр үчүн Программалыккредиттин (GSAC) шарттарын аткарууну камсыздоо, ошондой эле базарларда-гы унга жана нан азыктарына бааны, экономикалык кырдаалды турукташты-рууну камсыздоого багытталган иштери канааттандырарлык эмес деп эсеп-телсин. 2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-вдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ж.Т.Нуржановду ээлегенкызматынан четтетүү жана белгиленген тартипте аны ээлеген кызматынанбошотуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосунажиберүү сунушталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-вдер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте бир айлык мөөнөттө: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинен мурда берилген ма-териалдык баалуулуктарды кайтарууну камсыздоо боюнча план-графикти иш-теп чыксын; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервин белгиленген норма-тивдерге ылайык товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыздоону ка-лыбына келтирүү боюнча чараларды көрсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-вдер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте мамлекеттик сатып алуу-лар системасындагы коррупцияны азайтуу максатында бир айлык мөөнөттөтөмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө киргизсин: - мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ган менен макулдашуу зарылдыгын белгилөөчү нормаларды макулдашууну та-лап кылбаган мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн так жана ачык-ай-кын жол-жоболорун камтуучу нормалар менен алмаштырууну кароочу "Мамле-кеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөр-түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын макулдашылган долбоорун; - мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандын көзөмөлдөө функцияларын күчөтүүгө багытталган "Кыргыз Республи-касынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
кодексине өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынмакулдашылган долбоорун. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев