Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 520                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу               Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык                резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин                          иш-аракети жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мам-лекеттик агенттикке  (мындан  ары - Мамагенттик) Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык  мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөөнү, бекитил-ген номенклатурага жана товардык-материалдык баалуулуктарды топтоо нор-мативдерине ылайык  мамлекеттик  резервди  колдоо  жүктөлгөн  иштериндеолуттуу кемчиликтер орун алгандыгын белгилейт.     Алсак, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору көпчүлүк учурлар-да бузулат. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги максаты болгон бюджет-тик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга жетишилбейт.     Мамлекеттик сатып  алуулар системасынын иштешин талдоо Мамагенттикорун алган  тартип бузууларга биринчи кезекте өздөрү кызыкдар экендигинтүздөн-түз көрсөтүп  турат, анткени бул "ишкер" чиновниктер үчүн ыњгай-луу чөйрө түзүп берет.     Мамлекеттик сатып  алуулар системасындагы коррупциянын өсүп-өнүгү-шүнө көпчүлүк жагынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча Кыргыз Республи-касынын колдонуудагы мыйзамдары көмөкчү болууда.     "Коррупциялашкандык" жагына  карата "Мамлекеттик сатып алуулар жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун талдоо Мыйзамда бел-гиленген 19  учурда  Мамагенттик  менен макулдашуу керектигин көрсөттү.Бул Мамагенттиктин  чиновниктеринин эркине байланыштуу чечимдерди кабылалуунун ачык-айкын эмес жол-жоболорунун түзүлүшү үчүн негиз болуп сана-лат.     Мамагенттиктин иш-аракетиндеги бардык кемчиликтер мамлекеттик баш-каруудагы структуралык кайра түзүүлөр үчүн Программалык кредитти (GSAC)ишке ашыруунун  чектеринде  мамлекеттик сатып алуулар жагындагы реформабоюнча шарттарды  аткарууга  карата Дүйнөлүк банктын кезектеги миссиясыберген канааттандырарлыксыз  баага  түздөн-түз  тиешеси  бар. Натыйжада2007-жылдын бюджетинин  киреше  бөлүгүндө  пландаштырылган  10 млн. АКШдоллары өлчөмүндөгү  кредиттик каражат республика тарабынан өз учурундаалынбайт, бул бюджеттин чыгаша бөлүгүнө оорчулук келтирет.     Мамагенттиктин иш-аракетинин  маанилүү багыттарынын бири мамлекет-тик материалдык резервдердин нормалдуу иштешин камсыздоо жана техноген-дик же экономикалык факторлор менен шартталган өзгөчө кырдаалдарды жоюумаксатында кабыл  алынган  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдериноперативдүү ишке ашыруу болуп саналат.     Бирок, баалардын өсүшүн токтотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү тарабынан  кабыл алынган чараларды камсыздоого Мамагенттиктин жанаМамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчилигинин кайдыгер жанажоопкерчиликсиз мамилесинен  улам  тийиштүү  рынокко алардын таасирининнатыйжалуулугу кыйла төмөндөп кеткен.     Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-ав-густундагы №  265-б  буйругун ишке ашырууда Мамагенттиктин ыкчам аракеткылбагандыгынан нан  азыктар рыногуна таасир этүү боюнча көрүлгөн чара-лар жетиштүү натыйжа бере албай калды.     Жогоруда баяндалгандардын  негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Мамлекеттик  сатыпалуулар жана  материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин мам-лекеттик башкаруудагы  структуралык  кайра  түзүүлөр  үчүн Программалыккредиттин (GSAC) шарттарын аткарууну камсыздоо, ошондой эле базарларда-гы унга  жана  нан азыктарына бааны, экономикалык кырдаалды турукташты-рууну камсыздоого  багытталган  иштери канааттандырарлык эмес деп эсеп-телсин.     2. Кыргыз  Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-вдер боюнча  мамлекеттик  агенттиктин  директору Ж.Т.Нуржановду ээлегенкызматынан четтетүү  жана  белгиленген  тартипте аны ээлеген кызматынанбошотуу жөнүндө  сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосунажиберүү сунушталсын.     3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-вдер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте бир айлык мөөнөттө:     - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинен мурда берилген ма-териалдык баалуулуктарды  кайтарууну камсыздоо боюнча план-графикти иш-теп чыксын;     - Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик резервин белгиленген норма-тивдерге ылайык товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыздоону ка-лыбына келтирүү боюнча чараларды көрсүн.     4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-вдер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте мамлекеттик сатып алуу-лар системасындагы  коррупцияны  азайтуу  максатында бир айлык мөөнөттөтөмөнкүлөрдү иштеп  чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө киргизсин:     - мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ган менен  макулдашуу зарылдыгын белгилөөчү нормаларды макулдашууну та-лап кылбаган  мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн так жана ачык-ай-кын жол-жоболорун  камтуучу нормалар менен алмаштырууну кароочу "Мамле-кеттик сатып  алуулар  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөр-түүлөрдү жана  толуктоолорду  киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын макулдашылган долбоорун;     - мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандын көзөмөлдөө  функцияларын күчөтүүгө багытталган "Кыргыз Республи-касынын Администрациялык  жоопкерчилик  жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынмакулдашылган долбоорун.     5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  экономика,  соода,  туризм  жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев