Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 30-октябры № 528 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кесиптик орто жана жогорку окуу жайларда окуп жаткан жетим балдар-га социалдык коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токто-муна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - аталган токтомдун тиркемесинин 7-пункту "башталгыч кесиптик" де-ген сөздөрдөн кийин ", кесиптик орто жана жогорку" деген сөздөр менентолукталсын. 2. Билим берүү мекемелери бар Кыргыз Республикасынын министрликте-ри жана администрациялык ведомстволору ушул токтомдун 1-пунктун респуб-ликалык бюджетте каралган каражаттын чегинде ишке ашырышсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев