КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 16-ноябры № 553 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин "С.Ибраимов атындагы Ош драма театрына "улуттук" деген статус ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 2-июлундагы № 331"С.Ибраимов атындагы Ош драма театрына "улуттук" деген статус ыйгаруужөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Алдыњкы чыгармачыл жамааттардын, өзгөчө мааниси бар маданиятжана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат маяналарына үстөк-төрдү белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын14-февралындагы № 62 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Алдыњкы чыгармачыл жамаат-тардын, өзгөчө мааниси бар маданият жана искусство мекемелеринин тизме-си төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын: "13. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры". 2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги: - С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын Уставын КыргызРеспубликасынын Президентинин аталган Жарлыгына ылайык келтирсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомунан келип чыгуучууюштуруу жана финансы маселелерин 2007-жылга каралган каражаттардынчектеринде чечсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев