Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1994-жылдын 14-февралы № 62
Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
1998-жылдын 7-декабрындагы № 799,
1999-жылдын 8-июнундагы № 319,
2001-жылдын 14-августундагы № 432,
2003-жылдын 9-июлундагы № 424,
2004-жылдын 16-декабрындагы № 933,
2005-жылдын 18-январындагы № 21,
2007-жылдын 16-октябрындагы № 471,
2007-жылдын 16-ноябрындагы № 553
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Маданият жагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө, жетектөөчү чыгармачыл жамааттарга, маданият жана искусство мекемелерине жана уюмдарына "Академиялык" деген ардак наамды ыйгарууга, "Улуттук" деген статусту берүүгө байланыштуу жана алардын ишин стимулдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген тизме боюнча өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына 20 процент өлчөмүндө үстөк акы белгиленсин.
Көрсөтүлгөн үстөк акыны белгилөө менен байланышкан кошумча чыгымдар эмгекке акы төлөөнүн белгиленген жылдык фондунун чектеринде жүргүзүлөт.
2. "Жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын жана Кыргыз Республикасынын В.И.Ленин атындагы Мамлекеттик китепканасынын кызматкерлеринин кызмат акысын жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 5-июлундагы № 331 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Жумагулов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-февралындагы № 62 токтому менен бекитилген |
Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн
1998-жылдын 7-декабрындагы № 799,
1999-жылдын 8-июнундагы № 319,
2001-жылдын 14-августундагы № 432,
2003-жылдын 9-июлундагы № 424,
2004-жылдын 16-декабрындагы № 933,
2005-жылдын 18-январындагы № 21,
2007-жылдын 16-октябрындагы № 471,
2007-жылдын 16-ноябрындагы № 553
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры.
2. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры.
3. Мамлекеттик академиялык орус драма театры.
4. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармониясы.
5. Токтогул атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын академик Асанхан Жумахматовдун атындагы мамлекеттик академиялык чоң симфониялык оркестри.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы.
9. Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасы.
11. Бабур атындагы Ош областтык академиялык өзбек музыкалык-драма театры.
12. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры.
13. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры.