Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 24-сентябры № 529 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына келүүчүдары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды кабыл алууну,бөлүштүрүүнү тартипке салуу, алардын сапатын контролдоо максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жанабөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 токтому менен беки-тилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жанабөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилсин: - 9-пункттун он үчүнчү абзацында ", медициналык техника, жабдуу"деген сөздөр "жана медициналык багыттагы буюмдар" деген сөздөр мененалмаштырылсын; - 13-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- дары каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын ошол пар-тиясынын (сериясынын) сапатын жана коопсуздугун тастыктоочу, алып ке-линүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар өндүрүүчү өлкөнүн да-ры каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдарынын мамлекеттик стан-дартына ылайык өндүрүлгөндүгүн ырастоочу, өндүрүүчү өлкөнүн ыйгарымукуктуу органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн өндүрүшчүнүн сертификаты."; - төмөнкүдөй мазмундагы 13-1. - 13-3-пункттар менен толукталсын: "13-1. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республика-сына алып келинүүчү дары каражаттары каттоодон өтүүгө жана Кыргыз Рес-публикасынын аймагында медициналык практикага колдонууга уруксат бе-рилүүгө тийиш. 13-2. Өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда гуманитардык жардам лини-ясы боюнча катталбаган жана жарактуулук мөөнөтү бир жылдан аз болгондары каражаттарын республикага алып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүбекиткен комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлсүн. 13-3. Гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасынаалып келинүүчү дары каражаттары саламаттык сактоо жагында Кыргыз Рес-публикасынын ыйгарым укуктуу органы белгилеген тартипте идентификация-ланууга тийиш."; - 20-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "22. Медициналык багыттагы гуманитардык жардам берилүүчү гумани-тардык жардамды керектөөнү, анын аталыштарын жана санын эске алуу мененКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана алуучулар ме-нен алдын ала макулдашылгандан кийин донорлор тарабынан көрсөтүлөт."; - 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "23. Гуманитардык жардам катары келген дары каражаттары жана меди-циналык багыттагы буюмдар үчүн жарактуулугунун калган мөөнөтү алардыКыргыз Республикасына алып келингенден кийин бир жылдан кем болбооготийиш. Медициналык багыттагы буюмдарды инсталляциялоо локалдуу сервистиккызматтын кызматкеринин катышуусунда донор же анын өкүлү тарабынанжүргүзүлөт. Мурда колдонулган медициналык багыттагы буюмдар колдонууга жарак-туу абалда болушу керек, аларды пайдалануу мөөнөтү берилген учурга ка-рата 5 жылдан ашпоого тийиш.". 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн че-чимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов