Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 23-октябрындагы
№ 514 токтому менен
бекитилген
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын
эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Жобо "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги прин-
циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чык-
кан.
1. Жалпы жоболор жана аныктамалар
Түрткү берүүчү (үлүштүк) грант - бюджеттик каражаттарды, мамлекет-
тик артыкчылыктуу программалар жана долбоорлор боюнча каражаттарды на-
тыйжалуу чыгымдоого түрткү берүү, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин
көбөйтүү жана жергиликтүү киреше булактарын алда канча толук мобилиза-
циялоо максатында республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдарына акысыз, кайтарымсыз жана конкурстук негизде берилүүчү
трансферттер.
Капиталдык чыгымдар - негизги капиталды алууга (сатып алуу, КУРУУ)
негизги каражаттарды реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, ка-
питалдык оњдоого чыгымдар.
Инвестициялык долбоор (мындан ары - долбоор) - капиталдык чыгым-
дардын социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана иш-
ке ашыруу мөөнөтүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жа-
на белгиленген тартипте бекитилген стандарттардын тартибине (нормаларга
жана эрежелерге) ылайык иштелип чыккан керектүү долбоордук-сметалык до-
кументтердин негиздемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлиги бекиткен Долбоорлорду даярдоо жана баалоо боюнча нускамасы-
на ылайык аткарылган жана ар кандай жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруу органдары жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары
тарабынан түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды алуу үчүн бериле турган
инвестицияларды өздөштүрүү боюнча практикалык иш-аракеттердин баяндама-
сы.
Арыз берүүчү - түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга долбоор
(билдирме) берген, ар кандай жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу
органы жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы.
Грант алуучулар - түрткү берүүчү грант алууга долбоору тандоодон
өткөн, ар кандай жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана
аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы.
Грант алууга макулдашуу - грант алуучу менен грант берүүчү тарабы-
нан кол коюлган, грант берүүнүн шарттары жөнүндөгү документ.
Бюджеттик камсыздуулук - бир жашоочуга эсептелген кирешелер көлө-
мү, ал тийиштүү аймактын экономикалык өнүгүшүнүн дењгээлине негизденип,
бир жашоочу эсептелген бюджеттик кызмат көрсөтүүнүн наркына таасир тий-
гизүүчү калктын катмарындагы айырмачылыктарды, социалдык-экономикалык,
климаттык, географиялык жана башка объективдүү факторлорду жана шарт-
тарда эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджети
тарабынан алынышы ыктымал.
2. Максаттар жана милдеттер
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды түзүүнүн булагы республикалык
бюджеттин каражаттары, ошондой эле эл аралык уюмдардын гранттары болуп
саналат.
Түрткү берүүчү (үлүштүк) грант (мындан ары - грант) аймактардын
турмуш-тиричилигин камсыз кылуу системасын калыбына келтирүү жана өнүк-
түрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого, муниципалдык ишка-
наларды, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, турак жай-коммунал-
дык, айыл жана суу чарбасы мекемелерин жана башка объекттерди калыбына
келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жумшалат.
Гранттар тењ каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин эл аралык финансы-
лык институттар, донорлор жана ӨЭУлар каржылаган долбоорлордун мобили-
зацияланган ресурстарына толуктоо түрүндө берилет.
Артыкчылыктуу долбоорлорго элет жериндеги алыскы райондордун калк-
туу конушунун көпчүлүк тургундары үчүн жеткиликтүү болгон объекттерди
реабилитациялоо боюнча инвестициялык долбоорлор кирет, ал төмөнкүдөй
тартипте:
- мектептер;
- мектепке чейинки уюмдар;
- медициналык мекемелер;
- коммуналдык чарба объекттери;
- маданият объекттери;
- спорттук комплекстер менен жайлар.
3. Долбоорлорду даярдоо процесси
Грант алуу үчүн билдирме арыз берүүчүнүн аманат өлчөмдөрүн көрсө-
түү менен берилет. Курулуштары бүтпөгөн объекттер боюнча аткарылган иш-
тердин актылары, төлөм тапшырмалары жана кошумча каражаттарды алуу жө-
нүндө зарыл документтер берилүүгө тийиш.
Арыз берүүчү долбоордун жалпы суммасынан 10 дон 60 %га чейинки өл-
чөмдө долбоорду жүзөгө ашырууга өз салымын салууга милдеттүү, анын ичи-
нен кеминде 50 пайызы акчалай каражат, калганы материалдар же эмгек ре-
сурстары түрүндө болууга тийиш. Арыз берүүчүнүн салымы долбоорду жүзөгө
ашырууга тийиштүү топтор боюнча (республикалык, облустук, райондук маа-
нидеги шаарлар жана айыл өкмөттөрү) орточо көрсөткүчтөн алынган пайызда
жергиликтүү башкаруу органынын бир тургунуна эсептелген бюджеттик кам-
сыздуулуктун дењгээлин эсепке алуу менен аныкталат.
Бюджеттик камсыздуулуктун дењгээли 300 пайыз жана андан жогору
болсо - арыз берүүчүнүн салымы кеминде - 60 пайыз; 100 пайыздан 300
пайызга чейин болсо - арыз берүүчүнүн салымы кеминде 20 пайыздан 60
пайызга чейин; бюджеттик камсыздуулуктун дењгээли 100 пайызга жетпесе
(дотациялык регион болсо) - салым 10 пайыздан 20 пайызга чейин.
Бюджеттик камсыздуулуктун дењгээли Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлиги тарабынан аныкталат.
Берилген билдирмелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
(мындан ары - Комиссия) тарабынан тиешелүү каттоо номерин ыйгаруу менен
түрткү берүүчү (үлүштүк) грантты алуу долбоорлорун каттоо формасына
ылайык катталат.
Грантты алуу долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
бекиткен Долбоорлорду даярдоо жана баалоо боюнча нускаманын талаптарына
ылайык таризделет жана Комиссияга документтердин зарыл топтому менен
берилет.
Зарыл учурда Комиссия Арыз берүүчүдөн кошумча маалыматты жана до-
кументтерди талап кылууга укуктуу.
Долбоорлорду даярдоо жана баалоо боюнча нускама, райондук жана об-
лустук комиссиялардын, түрткү берүүчү (үлүштүк) грантты алууга билдир-
мелерди кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ко-
миссиясынын курамы жана иши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын финансы
министринин буйругу менен бекитилет.
4. Консультациялык жана маалыматтык кызматтар
Арыз берүүчүлөргө каражаттарды алуунун жана алынгандарды пайдала-
нуунун жол-жоболорун түшүндүрүү боюнча жардамдашууну, окутуучу тренинг-
дерди жана семинарларды өткөрүүнү, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун
бардык этаптарында маалыматтык колдоону жана контролдоону Кыргыз Рес-
публикасынын Финансы министрлигинин жана эл аралык уюмдардын
өкүлчүлүктөрү жүргүзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Долбоорлорду тандап алуу
Райондук жана облустук комиссиялардын иштеринин натыйжалары боюнча
түрткү берүүчү (үлүштүк) грант формасында долбоорлорду тењ каржылоого
ресурстарды бөлүү жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарынын каражаттарынан алынган анын көлөмдөрү жөнүндө чечим протокол
түрүндө алынат.
Эгерде долбоор бүтө элек курулуш менен байланыштуу болсо, инвести-
цияларга керектөөлөрдү тартылган булактардан каржылоону эсепке алуу ме-
нен бюджеттик жылга пландашылган бүтө элек иштердин көлөмүнө айкын баа
берүү менен бекемделиши зарыл.
Долбоорду тењ каржылоо документтер (аткарылган иштер жана чыгым-
дардын наркынын маалымкат, аткарылган иштерди кабыл алуу жөнүндө акты-
лар, төлөм тапшырмалары, башка инвесторлор тарабынан талап кылынган кө-
лөмдө которулган каражаттардын алынышы жөнүндө башподрядчынын (подряд-
чынын) эсебинен көчүрмөлөр) берилгенден кийин жүргүзүлөт. Долбоор жа-
мааттык уюмдар тарабынан төгүлгөн взносторду ырастаган милдеттенме кат-
тар менен коштолууга, ошондой эле объектини эксплуатациялоонун каржылоо
жана андан ары башкаруу пландарын камтууга тийиш.
6. Грант берүүнүн тартиби
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Комиссиясы тарабынан
долбоорлордун тизмеси тандоодон жана бекитүүдөн өткөндөн кийин Грант
алуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиакчалай аманаттын өз
үлүшүнүн эсебинде каражаттын болушу жөнүндө банктан көчүрмөнү берет.
Комиссиянын чечиминин натыйжасы боюнча Грант алуучу менен Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги ортосунда Грант алууга макулдашуу түзүлөт.
Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү түрткү берүүчү (үлүштүк) грант-
тын максималдуу суммасы бир долбоорго 1,5 млн. сомду түзөт.
Грант алуучу өз аманатын өздөштүргөндөн жана аткарылган иштердин
көлөмү ырасталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги-
нин Борбордук казначылыгы подрядчылар менен эсептешүү үчүн каражатты
которот.
Суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, грант дол-
боордун тибине жараша бөлүктөр менен берилет. Каржылоонун айрым бөлүк-
төрү Макулдашууга ылайык долбоордун иш жүзүндө аткарылышы боюнча отчет
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылгандан кийин берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Грантты пайдалануу боюнча контроль жана отчеттуулук
Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен Грант алуучу жүргүзгөн
иштердин жүргүзүлүшүнө контроль Кыргыз Республикасынын Финансы министр-
лигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Эко-
номиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна жүктөлөт. Грант алуучунун
эсебине келип түшкөн жана 2 айдын ичинде пайдаланылбаган каражаттар
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгы та-
рабынан чакырылып алынат.
Иштер аяктагандан кийин Грант алуучулар төмөнкүлөрдү даярдайт жана
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберет:
- корутунду финансылык отчетту, ал эсептеги каражаттар жөнүндө
банктагы көчүрмөсүн, аткарылган иштерди кабыл алуу жөнүндө актыларды,
акча каражаттардын кыймылы жөнүндө маалымкатты, сатылып алынган товар-
ларга, кызмат көрсөтүүлөргө эсеп-фактураны жана башка зарыл документ-
терди камтыйт;
- аткарылган иштер жана чыгымдардын наркынын маалымкатын.
Объекттерди кабыл алууну Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы жүргү-
зөт, анын курамы " Курулушу аяктаган объектилерди пайдаланууга кабыл
алуу. Негизги жоболор" КР 12-03-00 СНиПи менен аныкталат. Объектини ка-
был алуу актысынын бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министр-
лигине берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Жобонун шарттары аткарылбаган жана объекттер боюнча иштерди
аткарууну текшерүүнүн убагында тартип бузуулар аныкталган учурда Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги Макулдашууну бузууга, төлөмдөрдү
токтотууга жана Макулдашууну бузуучудан пайдаланган акча каражаттардын
ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мам-
лекеттик фондунун адистери төмөнкүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүшөт:
- объекттерди курууга же реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттарды
пайдалануунун максаттуу багытталышына;
- Грант алуучунун билдирмесине жана Макулдашууга ылайык белгилен-
ген иш-чаралардын аткарылышына.
Объектиде аткарылган иштердин сапатына, алардын долбоорлоо-смета-
лык документтерге шайкештигине контроль жана алынган үлүштөрдү максат-
туу пайдалануу үчүн жоопкерчилик объектин курулушунун заказчысына
(Грант алуучу) жүктөлөт.
Зарыл учурда Грант алуучу техникалык көзөмөлдү жүргүзүү үчүн тий-
иштүү ишмердик түрүнө укугу бар адис-куруучуларды келишимдик негизде
долбоорлордун сметаларында ушул максатка каралган каражаттардын эсеби-
нен же Грант алуучунун башка булактарынын эсебинен акы төлөө менен тар-
туусу мүмкүн.