Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-апрели № 226
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 192 токтомунун редакциясына ылайык)
Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 192 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514 «Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пунктта «атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду» деген сөздөр алып салынсын;
6-пункттун биринчи, экинчи жана бешинчи абзацтарында жана 7-пункттун экинчи абзацында ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттун үчүнчү абзацындагы «1,5» деген цифралар «3,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
биринчи абзацта «жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна» деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи абзацта «жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун» деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечеимдеринин тиешелүү долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизсин.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |