Документке
Мурунку14.04.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2007-жылдын 19-ноябры № 556

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677, 2011-жылдын 23-мартындагы № 114, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 229, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 830, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2013-жылдын 26-февралындагы № 99, 2013-жылдын 5-августундагы № 448 2013-жылдын 9 сентябрындагы № 504, 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 516, 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581, 2015-жылдын 7-майы № 278, 2015-жылдын 16-июлу № 504, 2015-жылдын 9-октябры № 702, 2015-жылдын 27-октябры № 734, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2017-жылдын 8-июнундагы № 347 , 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76, 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151, 2020-жылдын 21-августундагы № 430, 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №174, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Нормативдик укуктук актыларды өткөрүү пункттары жана мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн тиешелүү контролдоону камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен эл аралык келишимдеринин талатарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жаратылышты коргоо жана баңгизаттарга каршы боюнча эл аралык конвенциялардын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2015-жылдын 16-июлу № 504, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомдорунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз-Казакстан мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 1 тиркеме);

- Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 2 тиркеме);

- Кыргыз-тажик мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 3 тиркеме);

- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 4 тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы эл аралык аба катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 5 тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык постгордун тизмеси (№ 6 тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордогу контролдоо пункттарынын тизмеси (6-1-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын тизмеги (62-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттор жөнүндө жобо (№ 7 тиркеме).

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карантиндик (эпидемияга каршы, эпизоотияга каршы ) посттору түздөн-түз эпидемия жана эпизоотия чыккан жерлерге, аларды локалдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча облустардын мамлекеттик администрация жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын чечими боюнча коюлушу мүмкүн экендиги белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2-1. Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып келүүгө/ташып чыгууга карата мамлекеттик контролдоонун бардык каралган түрлөрүнөн өтүүнүн максималдуу убактысы бир сааттан же аба кемелеринин туруу (темир жол курамдары) убактысынан ашпоого тийиш экендиги белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталуучу жоболорго ылайык маалыматтык системаларды колдонуу менен товарларга жана транспорт каражаттарына карата өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)

2-3. Салыктык контролдоо ушул токтомдун 6-1-тиркемесинде каралган контролдоо пункттарында жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Өткөрүү пункттарында тез бузулуучу продукциялар жүктөлгөн транспорт каражаттарын өткөрүүгө убакыт белгиленет. Бул убакыт бир сутка ичинде бир сааттан кем болбоого тийиш.

3. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруучу бийликтин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айыл өкмөттөрүнө ушул токтомдун 2, 2-1, 2-2 жана 2-3-пункттарында аталган учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен аныкталбаган Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда стационардык жана убактылуу посттордун бардык түрлөрүн коюуга тыюу салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын ички автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун талаптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 734, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Товарларды, буюмдарды жана башка предметтерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга контролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-майындагы № 274 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы Стационардык посттордун тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 6-июнундагы № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 435 токтому;

- "Товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга контролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-декабрындагы № 791 токтому;

- "Товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга котролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-декабрындагы № 791 токтомун жарым-жартылай күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 22-августундагы № 509 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-декабрындагы № 660 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 885 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтомуна толуктоо киргизүү, тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 447 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 токтомунун 13-пункту.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 1 тиркеме

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677, 2013-жылдын 24-январындагы № 28 2013-жылдын 9 сентябрындагы № 504, 2015-жылдын 7-майы № 278, 2015-жылдын 16-июлу № 504, 2015-жылдын 9-октябры № 702 , 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар!

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 278 токтому менен 8-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүү киргизилди

№№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш

Өткөрүү

пунктунун

статусу

жана

иштөө

режими

Контролдоонун түрлөрү

-

Тран-

спорттук

Медици-

налык сани-

тардык каран-

тиндик

Вете-

ринардык

Фитоса-

нитар-

дык

Баңги-

заттарга каршы

1

Ак-Жол автожолу

Чүй облусу, Аламүдүн р-у (Бишкек-Алматы а/ж 18 км)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

2

Жайыл автожолу

Чүй облусу, Жайыл р-ну, Степное айылынын түндүк чети

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

3

Чалдыбар автожол

Чүй облусу, Панфилов р-у, Чалдовар айылынын батыш чети, (Бишкек- Тараз а/ж 98 км)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

4

Камышановка новка автожолу

Чүй облусу, Сокулук р-ну, Камышановка айылынын батыш чети

Эки тараптуу, тараптуу, күндүз

+

+

-

+

-

+

5

Ак-Тилек автожолу

Чүй облусу, Ысыката р-ну, Чүй суусунун түштүк жээги (көпүрөнүн жаны, Хун-Чи айылынын чыгыш жагы)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

6

Кең-Булуң автожолу

Чүй облусу, Ысыката р-ну, Трудовик айылынын бурулушунда- гы көпүрөнүн жаны

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

7

Токмок автожолу

Чүй облусу, Чүй р-ну (Бишкек- Кемин а/ж 63 км Чүй суусундагы Дунларов атындагы көпүрөнүн жаны)

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

8

Каркыра автожолу

Ыссыккөл облусу, Түп р-ну, Каркыра жери (3 МТФ)

Көп тараптуу, күндүз

+

+

-

+

+

+

9

Чоң-Капка автожолу

Талас облусу, Манас р-ну

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

-

+

+

+

10

Кичи-Капка автожолу

Талас облусу, Манас р-ну

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

11

Күркүрөө автожолу

Талас облусу Карабуура р-ну, Аманбаев айылынын батыш чети

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

12

Кайыңды темир жолу

Чүй облусу, Панфилов р-ну, Кайыңды шаары

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

+

+

-

+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 2 тиркеме

Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)

Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими

Контролдоонун түрлөрү

Чегаралык

Бажылык

Транспорттук

Медициналык санитардык карантиндик

Ветери-

нардык

Фитосанитардык

Баңгизаттарга

каршы

1

Торугарт автожолу

Нарын обл., Ат-Башы р-ну (Бишкек-Каш- гар а/ж 531 км (КЭР)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

2

Иркештам автожолу

Ош обл., Алай р-ну (Нур айылы- нын 4 км чыгыш жагы)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчисинин - министрдин

милдетин аткаруучу

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна 3-тиркеме

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581, 2015-жылдын 7-майы № 278, 2017-жылдын 8-июнундагы № 347 , 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери

Өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими

Контролдоонун түрлөрү

Чек-аралык

Бажылык

Транс-

порттук

Вете-

ринардык

Фито-санитардык

Баңги-заттарга каршы

Медициналык санитардык карантиндик

1

Кайрагач автожолу

Баткен обл., Лейлек р-ну (Раззаков атындагы айылдын 0,5 км батыш жагы)

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

2

Кызыл-Бел автожолу

Баткен обл., Баткен р-ну, Кызыл-Бел айылынын түштүк чети

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

3

Кулунду автожолу

Баткен обл., Лейлек р-ну, Кулунду айылынын түндүк чети

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

+

+

+

+

-

4

Карамык

Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Карамык айылынын түштүк- батыш чет жагы

Эки тараптуу, күндүз

+

+

+

+

+

+

+

5

Бор-Дөбө автожолу

Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Бор-Дөбө жери

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 4 тиркеме

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581, 2015-жылдын 27-октябры № 734, 2017-жылдын 8-июнундагы № 347, 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери

Өткөрүү

пункт-

тарынын

статусу

жана

иштөө

режими

Контролдоонун түрлөрү

Чек-

аралык

Бажылык

Тран-

спорттук

Вете-

ринардык

Фито-

санитардык

Баңги-

заттарга

каршы

Медициналык санитардык карантиндик

1

Кызыл-Кыя автожолу

Баткен облусу, (Кадамжай р-ну, (Кызыл-Кыя - Фергана а/ж 3 км)

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

+

2

Кара-Багыш автожолу

Ош облусу, Араван р-ну, (Ош-Мархамат а/ж 37 км Өзбекстан Республикасы

Эки тараптуу, күндүз

+

+

-

+

+

+

-

3

Достук автожолу

Ош облусу, Кара-Суу р-ну (Ош-Андижан а/ж 5 км)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

4

Ынтымак автожолу

Ош облусу, Кара-Суу р-ну, (Ош-Андижан а/ж)

Эки тараптуу, күндүз

+

+

+

+

+

+

-

5

Баймак автожолу

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука р-ну, Баймак айылынын чет жагы

Эки тараптуу, күндүз

+

-

-

-

-

-

-

6

Сейдикум автожолу

Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон р-ну, Сейдикум айылынын чет жагы

Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз

+

+

+

+

+

+

-

7

Маданият автожолу

Жалал-Абад облусу, Ноокен р-ну, (Бишкек-Ош а/ж 498 км)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

+

+

+

+

-

8

Бек-Абад автожолу

Жалал-Абад облусу, Сузак р-ну, Бек-Абад айылынын батыш чет жагы

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

-

9

Кара-Суу автожолу

Ош облусу, Кара-Суу р-ну, Кара-Суу шаарынын түндүк чет жагы

Эки тараптуу, күндүз

+

-

+

+

+

+

-

10

Сумсар автожолу

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району

Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз

+

+

-

+

+

+

-

11

Кең-Сай автожолу

Жалал-Абад облусу, Ноокен району

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

-

12

Кызыл-Кыя темир жолу

Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, Кызыл-Кыя т/ж станциясынын 38-посту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

-

13

Жалал-Абад темир жолу

Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

-

14

Кара-Суу темир жолу

Ош облусу, Кара-Суу айылы

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

+

15

Шамалды-Сай темир жолу

Жалал-Абад облусу, Ноокен р-ну, Шамалды-Сай т/ж ст.

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчисинин - министри

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 5 тиркеме

5-тиркеме

Эл аралык аба катнаштары үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы өткөрүү пункттарынын тизмеси

токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш)

Чек аралык

Бажылык

Салыктык

Медициналык санитардык-карантиндик

Ветеринардык

Фито-санитардык

Баңгиге каршы

1

"Манас" аэропорту

Чүй облусу, Сокулук р-ну, "Манас" эл аралык аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

2

"Ош" аэропорту

Ош ш., "Ош" аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

3

"Ысык-Көл" аэропорту

Ысык-Көл облусу, Тамчы а., "Ысык-Көл" аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

4

"Каракол" аэропорту

Ысык-Көл облусу, Каракол ш., "Каракол" эл аралык аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

-

-

+

+

5

"Баткен" аэропорту

Баткен облусу, Баткен ш., "Баткен" эл аралык аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

-

+

+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин – министрдин мимилдетин аткаруучу

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 6 тиркеме

Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677, 2011-жылдын 23-мартындагы № 114, 2013-жылдын 24-январындагы № 28. 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 208 , 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

№№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү

пунктунун

жайгашкан

жери

(облус,

район,

калктуу

конуш

Өткөрүү

пунктунун

статусу

жана

иштөө

режими

Контролдоонун түрлөрү

ИИМдин автомобилдик инспекциялары

Транспорттук

Ветеринарнардык

Фитосанитардык

Баңгизаттарга каршы

1

Чычкан

Жалал-Абад облусу, Токтогул р-ну, Чычкан капчыгайы Бишкек-Ош а/ж 277 км

Күнү-түнү

+

-

+

-

+

2

Манас

Чүй облусу, Сокулук р-ну, Акжол айылы, Бишкек а/п - "Манас" а/ж

Күнү-түнү

+

-

-

-

+

3

Маловодное

Чүй облусу, Сокулук р-ну, Маловодное айылы Бишкек-Ташкент а/ж

Күнү-түнү

+

+

-

-

+

4

Сосновка

Чүй облусу, Жайыл р-ну, Сосновка айылы, Бишкек-Ош а/ж 82 км

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

5

Ысык-Көл

Ысык-көл облусу, Тоң р-ну, Бишкек-Каракол а/ж 144 км

Күнү-түнү

-

+

-

+

+

6

Ак-Жол

Чүй облусу, Аламүдүн р-ну, Бишкек-Алматы а/ж 18 км

Күнү-түнү

+

-

-

-

+

7

Каракөл

Жалалабат облусу, Токтогул р-ну, Бишкек-Ош а/ж 395 км

Күнү-түнү

-

+

-

-

+

8

Кызыл көпүрө

Чүй облусу, Кемин р-ну, Бишкек-Торугарт а/ж 135 км

Күнү-түнү

+

-

+

+

+

9

Киршелк

Чүй облусу, Ысыката р-ну, Бишкек-Торугарт а/ж 16 км

Күнү-түнү

+

+

-

-

+

10

Рязан-Сай

Жалал-Абад облусу, Аксы р-ну, Бишкек-Ош а/ж 425 км

Күнү-түнү

-

-

-

-

+

11

Кызыл-Омпол

Ысык-Көл облусу, Тоң р-ну, Кочкор-Балыкчы автожолунун 55 км

Күнү-түнү

-

-

-

-

+

12

Актурпак

Баткен облусу, Баткен р-ну, Баткен-Кадамжай айланма а/ж 29 км

Күнү-түнү

+

-

-

-

+

13

Кызыл-Кыя

Баткен облусу, Кызыл-Кыя ш., Бишкек-Баткен а/ж 170 км

Күнү-түнү

-

-

-

+

-

14

Балыкчы

Ысык-Көл облусу, Балыкчы ш., "Ак-Кеме" экологиялык посту Балыкчы-Бишкек а/ж 190 км

Күнү-түнү

-

-

-

+

-

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

М.Исмаилов

61-тиркеме

Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордогу контролдоо пункттарынын ТИЗМЕГИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Контролдоо пунктунун аталышы

Посттун жайгашкан жери (облус, район)

Стационардык посттордун иштөө режими

Контролдоонун түрлөрү

транспорттук

салыктык

карантиндик жана фитосанитардык

санитардык-эпидемиологиялык

ветеринардык

статистикалык (эсепке алуу максатында)

1

Ысык-Ата

Чүй облусунун Ысык-Ата району (Хун-Чи а.)

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

2

Кең-Булуң

Чүй облусунун Ысык-Ата району (Казакстан Республикасынын Трудовик айылынын бурулушундагы көпүрөнүн жаны)

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

3

Ак-Жол

Чүй облусунун Аламүдүн району (Бишкек-Алматы а/ж 18 км)

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

4

Чалдыбар

Чүй облусунун Жайыл району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

5

Сосновка

Чүй облусунун Жайыл району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

6

Жайыл

Чүй облусунун Жайыл району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

7

Камышановка

Чүй облусунун Сокулук району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

8

Чоң-Капка

Талас облусунун Манас району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

9

Кичи-Капка

Талас облусунун Манас району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

10

Каркыра

Ысык-Көл облусунун Түп району (Каркыра жери)

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

62-тиркеме

Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо постторунун ТИЗМЕГИ

Контролдоо постторунун аталышы

Посттордун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш)

Стационардык посттордун иштөө режими

Контролдоонун түрлөрү

транспорттук

салыктык

карантиндик жана фитосанитардык

санитардык-эпидемиологиялык

ветеринардык

статистикалык (эсепке алуу максатында)

1

"Маймак"

Талас облусу, Кара-Буура району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

2

"Кара-Балта"

Чүй облусу, Жайыл району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

3

"Аламүдүн"

Чүй облусу, Аламүдүн району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

4

"Кара-Суу"

Ош облусу, Кара-Суу району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

5

"Бишкек-1"

Бишкек шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

6

"Кызыл-Кыя"

Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

7

"Беловодское"

Чүй облусу, Москва району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

8

"Кант"

Чуй облусу, Ысык-Ата району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

9

"Рыбачье"

Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

10

"Жалал-Абад"

Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

11

"Таш-Көмүр"

Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

12

"Кайынды"

Чүй облусу, Панфилов району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

13

"Токмок"

Чүй облусу, Токмок шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

14

"Кашгар-Кишлак"

Ош облусу, Кара-Суу району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

15

"Ош"

Ош шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

16

"Шамалды-Сай"

Жалал-Абад облусу, Шамалды-Сай шаарчасы

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

17

"Шопоков"

Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

18

"Ивановка"

Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка айылы

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

19

"Быстровка"

Чүй облусу, Кемин району, Кемин шаары

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

20

"Джиль-Арык"

Чүй облусу, Кемин району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

21

"Жоон-Дөбө"

Талас облусу, Кара-Буура району

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттор жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда ички постторду (мындан ары - посттор) орнотуунун, ачуунун, алардын иштешинин жана жабуунун укуктук, уюштуруучулук, финансы-экономикалык жана башка негиздерин аныктайт.

1.2. Посттор жеке жана юридикалык жактардын (мындан ары - жактар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, автомобилдик катнаш тармагындагы эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды, товарларды, транспорт каражаттарын жана башка буюмдарды алып өтүүнүн белгиленген эрежелерин сакташы үчүн мамлекеттик контролдоону камсыздоого арналат.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440 токтомунун редакциясына ылайык)

1.3. Аймактарынын чектериндеги посттор өзүнө тийиштүү технологиялык жабдуулары бар имараттарды камтыйт, аларда посттордун ишин камсыздоочу мамлекеттик контролдоо органдары кызматтык иш жүргүзүшөт.

1.4. Жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, автомобилдик катнаш тармагындагы эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды, товарларды, транспорт каражаттарын жана башка буюмдарды алып өтүүнүн белгиленген эрежелерин сакташын контролдоону камсыздоо үчүн посттордо жол кыймылынын коопсуздугу, транспорттук, салыктык, санитардык-карантиндик, ветеринардык-карантиндик, баңгизаттарга каршы жана фитосанитардык контроль органдарынын бөлүмдөрү түзүлөт (мындан ары - мамлекеттик контролдоо органдары).

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1.5. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык контролдоо функциялары төмөнкүлөргө тапшырылган:

- транспорттук контролду камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;

- ветеринардык-карантиндик жана фитосанитардык контролду камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга;

- санитардык-карантиндик контролду камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;

- баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүнө контролду камсыздоо боюнча - баңги кылуучу каражаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;

- салыктык контролду камсыз кылуу боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына.

1.6. Посттордо контролдун башка түрлөрүн уюштурууга жана жүргүзүүгө, ошондой эле аткаруу бийлиги органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын посттордо чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүсүнө жол берилбейт.

2. Постторду орнотуунун тартиби

2.1. Посттор Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана облустук мамлекеттик администрацияларынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын (мындан ары - демилгечилер) сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен орнотулат.

3. Постторду жабуунун тартиби

3.1. Посттор Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана облустук мамлекеттик администрацияларынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен, посттордун андан ары иштешинин ылайыксыздыгын же мүмкүн эместигин негиздөө менен аныкталган тартипте жабылат.

3.2. Посттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен төмөнкүдөй учурларда убактылуу жабылат:

- транспорттук катнашты жүргүзүү же мамлекеттик контролдоочу органдардын иштеши мүмкүн эмес болгон өзгөчө кырдаалдарда, табигый кырсыктарда жана техногендик мүнөздөгү кырдаалдарда;

- санитардык-карантиндик мүнөздөгү себептер боюнча;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздун камсыздоо максатында;

- эл аралык келишимдерде каралган милдеттерди аткаруу максатында.

3.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн постторду жабуу же убактылуу жабуу жөнүндө, ошондой эле постторду убактылуу жабуу жөнүндө чечимдердин жоюлганы тууралуу чечимдери жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

3.4. Убактылуу жабылган посттун иши кайра башталганга чейин мамлекеттик контролдоочу органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү таратылбайт жана тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин чечими боюнча пайдаланылат.

4. Посттордун ишин уюштуруу

4.1. Посттордо контролдун бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.

5. Мамлекеттик контролдоо органдарынын иштерин координациялоо

5.1 Мамлекеттик контролдоо органдарынын иштерин координациялоо төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча жүргүзүлөт:

- посттогу түзүлгөн абалды биргелешип талдоо, жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымдарынын өзгөрүүлөрү боюнча тенденцияларды, ал аркылуу транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү алып өтүү боюнча эрежелерди мүмкүн болгон бузууларды болжолдоо;

- посттордун ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.

5.2. Ишти координациялоону камсыздоо максатында мамлекеттик контролдоо органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана пост турган аймактагы башка аткаруу бийлиги органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан координациялык кеңешмелер чакырылат.

Координациялык кеңешменин мүчөлөрү маселелерди талкуулоодо жана чечим кабыл алууда бирдей укуктарга ээ.

6. Посттордун финансылык жана материалдык техникалык камсыздалышы

6.1. Постторду куруу (реконструкциялоо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын эсебинен жана анын чектеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

6.2. Посттор эксплуатацияга кабыл алынгандан кийин мамлекеттик контролдоо органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө контролдун тийиштүү түрүн жүргүзүшү үчүн керектүү кызматтык жана тиричиликтин жайлар, атайын орундар жана технологиялык жабдуулар белгиленген тартипте берилет.

6.3. Постторду атайын аппараттар жана текшерүүнүн техникалык каражаттары менен жабдуу, аларды иштетүү боюнча чыгымдар, ошондой эле мамлекеттик контролдоо органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өздүк курамын кармоого байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин учурдагы финансылык жылга карата каралган каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартылуучу башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - министрдин милдетин аткаруучу

М.Исмаилов

Жаңы17.01.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2007-жылдын 19-ноябры № 556

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677, 2011-жылдын 23-мартындагы № 114, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 229, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 830, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2013-жылдын 26-февралындагы № 99, 2013-жылдын 5-августундагы № 448 2013-жылдын 9 сентябрындагы № 504, 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 516, 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581, 2015-жылдын 7-майы № 278, 2015-жылдын 16-июлу № 504, 2015-жылдын 9-октябры № 702, 2015-жылдын 27-октябры № 734, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2017-жылдын 8-июнундагы № 347 , 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76, 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151, 2020-жылдын 21-августундагы № 430, 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №174, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Нормативдик укуктук актыларды өткөрүү пункттары жана мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн тиешелүү контролдоону камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен эл аралык келишимдеринин талатарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жаратылышты коргоо жана баңгизаттарга каршы боюнча эл аралык конвенциялардын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2015-жылдын 16-июлу № 504, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомдорунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз-Казакстан мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 1 тиркеме);

- Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 2 тиркеме);

- Кыргыз-тажик мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 3 тиркеме);

- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 4 тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы эл аралык аба катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 5 тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык постгордун тизмеси (№ 6 тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордогу контролдоо пункттарынын тизмеси (6-1-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын тизмеги (62-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттор жөнүндө жобо (№ 7 тиркеме).

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карантиндик (эпидемияга каршы, эпизоотияга каршы ) посттору түздөн-түз эпидемия жана эпизоотия чыккан жерлерге, аларды локалдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча облустардын мамлекеттик администрация жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын чечими боюнча коюлушу мүмкүн экендиги белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2-1. Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып келүүгө/ташып чыгууга карата мамлекеттик контролдоонун бардык каралган түрлөрүнөн өтүүнүн максималдуу убактысы бир сааттан же аба кемелеринин туруу (темир жол курамдары) убактысынан ашпоого тийиш экендиги белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталуучу жоболорго ылайык маалыматтык системаларды колдонуу менен товарларга жана транспорт каражаттарына карата өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)

2-3. Салыктык контролдоо ушул токтомдун 6-1-тиркемесинде каралган контролдоо пункттарында жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Өткөрүү пункттарында тез бузулуучу продукциялар жүктөлгөн транспорт каражаттарын өткөрүүгө убакыт белгиленет. Бул убакыт бир сутка ичинде бир сааттан кем болбоого тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруучу бийликтин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айыл өкмөттөрүнө ушул токтомдун 2, 2-1, 2-2 жана 2-3-пункттарында аталган учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен аныкталбаган Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда стационардык жана убактылуу посттордун бардык түрлөрүн коюуга тыюу салынсын.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын ички автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун талаптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 734, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Товарларды, буюмдарды жана башка предметтерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга контролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-майындагы № 274 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы Стационардык посттордун тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 6-июнундагы № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 435 токтому;

- "Товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга контролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-декабрындагы № 791 токтому;

- "Товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга котролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-декабрындагы № 791 токтомун жарым-жартылай күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 22-августундагы № 509 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-декабрындагы № 660 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 885 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтомуна толуктоо киргизүү, тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 447 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 токтомунун 13-пункту.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 1 тиркеме

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677, 2013-жылдын 24-январындагы № 28 2013-жылдын 9 сентябрындагы № 504, 2015-жылдын 7-майы № 278, 2015-жылдын 16-июлу № 504, 2015-жылдын 9-октябры № 702 , 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар!

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 278 токтому менен 8-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүү киргизилди

№№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш

Өткөрүү

пунктунун

статусу

жана

иштөө

режими

Контролдоонун түрлөрү

-

Тран-

спорттук

Медици-

налык сани-

тардык каран-

тиндик

Вете-

ринардык

Фитоса-

нитар-

дык

Баңги-

заттарга каршы

1

Ак-Жол автожолу

Чүй облусу, Аламүдүн р-у (Бишкек-Алматы а/ж 18 км)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

2

Жайыл автожолу

Чүй облусу, Жайыл р-ну, Степное айылынын түндүк чети

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

3

Чалдыбар автожол

Чүй облусу, Панфилов р-у, Чалдовар айылынын батыш чети, (Бишкек- Тараз а/ж 98 км)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

4

Камышановка новка автожолу

Чүй облусу, Сокулук р-ну, Камышановка айылынын батыш чети

Эки тараптуу, тараптуу, күндүз

+

+

-

+

-

+

5

Ак-Тилек автожолу

Чүй облусу, Ысыката р-ну, Чүй суусунун түштүк жээги (көпүрөнүн жаны, Хун-Чи айылынын чыгыш жагы)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

6

Кең-Булуң автожолу

Чүй облусу, Ысыката р-ну, Трудовик айылынын бурулушунда- гы көпүрөнүн жаны

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

7

Токмок автожолу

Чүй облусу, Чүй р-ну (Бишкек- Кемин а/ж 63 км Чүй суусундагы Дунларов атындагы көпүрөнүн жаны)

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

8

Каркыра автожолу

Ыссыккөл облусу, Түп р-ну, Каркыра жери (3 МТФ)

Көп тараптуу, күндүз

+

+

-

+

+

+

9

Чоң-Капка автожолу

Талас облусу, Манас р-ну

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

-

+

+

+

10

Кичи-Капка автожолу

Талас облусу, Манас р-ну

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

11

Күркүрөө автожолу

Талас облусу Карабуура р-ну, Аманбаев айылынын батыш чети

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

-

+

12

Кайыңды темир жолу

Чүй облусу, Панфилов р-ну, Кайыңды шаары

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

+

+

-

+

Эскертүү: транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик чек арага жакын жерде транспорттук контроль жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 2 тиркеме

Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)

№№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш

Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими

Контролдоонун түрлөрү

Чегаралык

Бажылык

Транспорттук

Медициналык санитардык карантиндик

Ветери-

нардык

Фитосанитардык

Баңгизаттарга

каршы

1

Торугарт автожолу

Нарын обл., Ат-Башы р-ну (Бишкек-Каш- гар а/ж 531 км (КЭР)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

2

Иркештам автожолу

Ош обл., Алай р-ну (Нур айылы- нын 4 км чыгыш жагы)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчисинин - министрдин

милдетин аткаруучу

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна 3-тиркеме

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581, 2015-жылдын 7-майы № 278, 2017-жылдын 8-июнундагы № 347 , 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери

Өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими

Контролдоонун түрлөрү

Чек-аралык

Бажылык

Транс-

порттук

Вете-

ринардык

Фито-санитардык

Баңги-заттарга каршы

Медициналык санитардык карантиндик

1

Кайрагач автожолу

Баткен обл., Лейлек р-ну (Раззаков атындагы айылдын 0,5 км батыш жагы)

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

2

Кызыл-Бел автожолу

Баткен обл., Баткен р-ну, Кызыл-Бел айылынын түштүк чети

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

3

Кулунду автожолу

Баткен обл., Лейлек р-ну, Кулунду айылынын түндүк чети

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

+

+

+

+

-

4

Карамык

Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Карамык айылынын түштүк- батыш чет жагы

Эки тараптуу, күндүз

+

+

+

+

+

+

+

5

Бор-Дөбө автожолу

Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Бор-Дөбө жери

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 4 тиркеме

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581, 2015-жылдын 27-октябры № 734, 2017-жылдын 8-июнундагы № 347, 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери

Өткөрүү

пункт-

тарынын

статусу

жана

иштөө

режими

Контролдоонун түрлөрү

Чек-

аралык

Бажылык

Тран-

спорттук

Вете-

ринардык

Фито-

санитардык

Баңги-

заттарга

каршы

Медициналык санитардык карантиндик

1

Кызыл-Кыя автожолу

Баткен облусу, (Кадамжай р-ну, (Кызыл-Кыя - Фергана а/ж 3 км)

Эки тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

+

2

Кара-Багыш автожолу

Ош облусу, Араван р-ну, (Ош-Мархамат а/ж 37 км Өзбекстан Республикасы

Эки тараптуу, күндүз

+

+

-

+

+

+

-

3

Достук автожолу

Ош облусу, Кара-Суу р-ну (Ош-Андижан а/ж 5 км)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

4

Ынтымак автожолу

Ош облусу, Кара-Суу р-ну, (Ош-Андижан а/ж)

Эки тараптуу, күндүз

+

+

+

+

+

+

-

5

Баймак автожолу

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука р-ну, Баймак айылынын чет жагы

Эки тараптуу, күндүз

+

-

-

-

-

-

-

6

Сейдикум автожолу

Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон р-ну, Сейдикум айылынын чет жагы

Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз

+

+

+

+

+

+

-

7

Маданият автожолу

Жалал-Абад облусу, Ноокен р-ну, (Бишкек-Ош а/ж 498 км)

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

+

+

+

+

-

8

Бек-Абад автожолу

Жалал-Абад облусу, Сузак р-ну, Бек-Абад айылынын батыш чет жагы

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

-

9

Кара-Суу автожолу

Ош облусу, Кара-Суу р-ну, Кара-Суу шаарынын түндүк чет жагы

Эки тараптуу, күндүз

+

-

+

+

+

+

-

10

Сумсар автожолу

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району

Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз

+

+

-

+

+

+

-

11

Кең-Сай автожолу

Жалал-Абад облусу, Ноокен району

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

-

12

Кызыл-Кыя темир жолу

Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, Кызыл-Кыя т/ж станциясынын 38-посту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

-

13

Жалал-Абад темир жолу

Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

-

14

Кара-Суу темир жолу

Ош облусу, Кара-Суу айылы

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

+

15

Шамалды-Сай темир жолу

Жалал-Абад облусу, Ноокен р-ну, Шамалды-Сай т/ж ст.

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

-

+

+

+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчисинин - министри

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 5 тиркеме

5-тиркеме

Эл аралык аба катнаштары үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы өткөрүү пункттарынын тизмеси

токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш)

Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими

Контролдоонун түрлөрү

Чек аралык

Бажылык

Салыктык

Медициналык санитардык-карантиндик

Ветеринардык

Фито-санитардык

Баңгиге каршы

1

"Манас" аэропорту

Чүй облусу, Сокулук р-ну, "Манас" эл аралык аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

2

"Ош" аэропорту

Ош ш., "Ош" аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

3

"Ысык-Көл" аэропорту

Ысык-Көл облусу, Тамчы а., "Ысык-Көл" аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

+

+

+

+

+

+

4

"Каракол" аэропорту

Ысык-Көл облусу, Каракол ш., "Каракол" эл аралык аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

-

-

+

+

5

"Баткен" аэропорту

Баткен облусу, Баткен ш., "Баткен" эл аралык аэропорту

Көп тараптуу, күнү-түнү

+

-

-

+

+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин – министрдин мимилдетин аткаруучу

М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна № 6 тиркеме

Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун ТИЗМЕСИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 102, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

№

Өткөрүү пунктунун аталышы

Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш)

Стационардык посттордун иштөө режими

Контролдоонун түрлөрү

ИИМдин автомобилдик инспекциялары

Транспорттук

Ветеринардык

Фитосанитардык

Баңгизаттарга каршы

1

Чычкан

Жалал-Абад облусу, Токтогул р-ну, Чычкан капчыгайы Бишкек-Ош автожолунун 272-км

Күнү-түнү

+

-

+

-

+

2

Манас

Чүй облусу, Сокулук р-ну, Акжол айылы, Бишкек а/п - "Манас" автожолу

Күнү-түнү

-

-

-

-

+

3

Маловодное

Чүй облусу. Сокулук р-ну, Маловодное айылы, Бишкек-Ташкент автожолу

Күнү-түнү

-

+

-

-

+

4

Сосновка

Чүй облусу, Жайыл р-ну, Сосновка айылы, Бишкек-Ош автожолунун 82-км

Күнү-түнү

+

+

+

+

+

5

Ысык-Көл

Ысык-Көл облусу, Тоң р-ну, Бишкек-Каракол автожолунун 144-км

Күнү-түнү

-

-

-

+

+

6

Ак-Жол

Чүй облусу, Аламүдүн р-ну, Бишкек-Алматы автожолунун 18-км

Күнү-түнү

-

+

-

-

+

7

Каракөл

Жалал-Абад облусу, Токтогул р-ну, Бишкек-Ош автожолунун 395-км

Күнү-түнү

-

+

-

-

+

8

Кызыл көпүрө

Чүй облусу. Кемин р-ну, Бишкек-Торугарт автожолунун 135-км

Күнү-түнү

+

-

+

+

+

9

Киргшелк

Чүй облусу, Ысык-Ата р-ну, Бишкек-Торугарт автожолунун 16-км

Күнү-түнү

-

+

-

-

+

10

Рязан-Сай

Жалал-Абад облусу, Аксы р-ну, Бишкек-Ош автожолунун 425-км

Күнү-түнү

-

-

-

-

+

11

Кызыл-Омпол

Ысык-Көл облусу, Тоң р-ну, Кочкор-Балыкчы автожолунун 55-км

Күнү-түнү

-

-

-

-

+

12

Актурпак

Баткен облусу, Баткен р-ну, Баткен-Кадамжай айланма автожолунун 29-км

Күнү-түнү

+

-

-

-

+

13

Кызыл-Кыя

Баткен облусу, Кызыл-Кыя ш., Бишкек-Баткен автожолунун 170-км

Күнү-түнү

-

-

-

+

-

14

Балыкчы

Ысык-Көл облусу, Балыкчы ш., "Ак-Кеме" экологиялык посту Балыкчы-Бишкек автожолунун 190-км

Күнү-түнү

-

+

-

+

-

15

Сары-Чат

Нарын облусу, Кочкор р-ну, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 174-км