Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 587 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарын маалыматтык-техникалык каражаттар менен жабдууга карата ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 19-июлундагы № 511 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Бажы контролунун техникалык каражаттарын жайгаштырууга
карата талаптар жана курамы
II. Чегара контролунун техникалык каражаттарын жайгаштырууга
карата талаптар жана курамы
III. Автомобилдик таразаларга карата техникалык талаптар
1-тиркеме
2-тиркеме
I. Бажы контролунун техникалык каражаттарын
жайгаштырууга карата талаптар жана курамы
Бажы органынын АӨПтө иштеши үчүн керек болгон техникалык каражаттар жана тутумдар бажы органынын техникалык каражаттарынын жана системаларынын комплекси катары түзүлүшү керек.
Колдонулуучу жабдыктын курамы, тиби жана орнотулуучу орду архитектуралык-пландоо чечимдерин иштеп чыгууда конкреттүү АӨПтү долбоорлоо процессинде аныкталат. Системанын (каражаттардын) тибин жана техникалык каражаттардын жабдыктарынын курамын тандоодо төмөндөгүлөр эске алынат:
- АӨПтүн категориясы, анын жайгашкан жери, бузуучулардын (топтор, айрым адамдар) мүмкүн болгон аракеттеринен болуучу зыяндын даражасы, курчап турган жердин мүнөздөмөсү жана коргоонун кабыл алынган концепциясы (ыкмасы);
- бажы органынын (мындан ары - Заказчы) техникалык каражаттардын комплексинин ишине болгон талаптары;
- долбоорлоого карата тапшырмалар;
- жабдыктарды орнотуу ордунун координаттары;
- АӨПтүн көлөмү, аянты, узундугу жана конфигурациясы;
- объектке сутканын ар убагында жарык берүү;
- монтаждык иштерди жүргүзүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү (атайын машиналар жана механизмдер менен камсыз болуу);
- айлана-чөйрөнүн жаратылыш-климаттык шарттары;
- аппараттык каражаттардын электрмагниттик сыйымдуулугун камсыз кылуу керектиги, ошондой эле аларды дирилдөөдөн жана механикалык таасирден коргоону камсыз кылуу;
- персоналдын иштеши үчүн экологиялык, эргономикалык жана медициналык-биологиялык шарттарды камсыз кылуу керектиги.
Объекттин багытталышына жана өзгөчөлүгүнө, ошондой эле контролдогу жүктүн (товардын) жана транспорттук каражаттардын мүнөздөмөлөрүнө карата, бажы контролуна жана аны жүргүзүүнүн технологияларына болгон талаптардын АӨПтүн бажы контролунун техникалык каражаттарынын курамы Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат жана бажы контролунун техникалык каражаттарынын жаңы түрлөрү менен толукталышы мүмкүн.
Жайларга жана алардагы температуралык-нымдуулук режимге карата талаптар жабдыктарга жана тейлөөчү персоналдын санына карата бажы контролунун жайгаштырылган техникалык каражаттарынын сындуу параметрлери жана санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптары менен аныкталат.
Бажы контролунун техникалык каражаттарынын курамы, саны жана орнотулуучу орду Кыргыз Республикасынын бажы кызматы тарабынан белгиленет.
Бажы органдарынын техникалык каражаттарынын комплексине төмөндөгүлөр кирет:
- бажы контролунун техникалык каражаттарынын комплекси;
- бөлүнүүчү жана радио активдүү материалдарга бажы контролун жүргүзүүнүн каражаттары;
- интеграцияланган жана түзүмдөлгөн кабелдик система;
- локалдык эсептөө тармагы;
- байланыш системасы;
- коопсуздуктун комплекстүү системасы;
- электр менен камсыз кылуу системасы.
Долбоорлоодо имаратта төмөндөгүлөр каралашы керек;
- телекөрсөтүү;
- авариялык жана коркунучтуу абал түзүлгөндүгү жана (же) түзүлүшү мүмкүн болгондугу тууралуу персоналга үн менен кабар берүү системасы;
- диспетчердик зым байланышынын системасы;
- радиофикация (зым аркылуу берүү);
- сааттарды орнотуу.
Бөлүнүүчү жана радио активдүү материалдарга бажы контролунун ар кандай техникалык каражаттарын, байланыш каражаттарын, коргоо системасын, өрт сигнализациясын, телебайкоо, локалдык эсептөө тармактарын, электр менен камсыз кылуу системаларын ж.б. майнаптуу пайдаланууну жогорулатуу жана курулуш жана куроо иштерине кеткен чыгымдарды кыскартуу үчүн аларды бирдиктүү системага комплекстөө (интеграциялоо) каралышы керек.
Бажы контролунун техникалык каражаттарынын комплекси
Бажы контролунун техникалык каражаттарынын комплекси Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүгө тыюу салынган (чектелген) товарларды, анын ичинде куралдарды, жарылуучу жана баңги заттарды, маданий жана тарыхый баалуулуктарды табууга, ошондой эле товарлардын сандык жана салмактык мүнөздөмөлөрүн аныктоого арналган.
Бажы контролунун техникалык каражаттарынын комплексине төмөндөгүлөр кирет:
- тыкыр кароочу рентген техникасы;
- куралдарды табуу системасы.
Бажы контролунун объектисин тереңдеп тыкыр кароо жана диагностика кылуу үчүн төмөндөгүлөр каралышы керек:
- издөө каражаттары;
- идентификациялоонун техникалык (электрондук) жана химиялык каражаттары;
- алгачкы текшерүүнүн техникалык каражаттары жана контрабанда боюнча иштерди документтештирүү;
- таразага тартуу;
- көмөкчү техникалык каражаттар;
- оргтехника;
- лабораториялык жабдык (анын ичинде өткөрүлүп жаткан жүккө (товарга) карата экспресс - анализ өткөрүү каражаттары).
Тыкыр кароо рентген техникасы
Рентген контролу жүктөрдү жана кол жүктөрдү тыкыр кароо үчүн конвейердик рентгендик телевизиондук түзмөктөрдүн (түзмөктөрдүн саны суткасына 1000 жүргүнчүгө бир түзмөк болуп эсептелет), жүктүн, кол жүктүн айрым буюмдарын жана автотранспорт каражаттарынын айрым конструктивдүү бөлөктөрүн тереңдетип тыкыр кароо үчүн алып жүрүүчү рентген комплекстеринин, ошондой эле АӨПтөгү жеңил автомашиналарды жана микроавтобустарды контролдоо үчүн рентгендик телевизиондук түзмөктөрдүн базасында жүргүзүлүшү керек.
АӨПтө жүк ташып өтүүнүн көлөмү чоң болгондо өзүнчө турган курулушка, тыкыр кароо объектисинин ичиндегилердин бажы декларациясында жазылган маалыматтарга туура келүүсүнө жана ошол эле убакта мыйзамсыз кошулгандарды табууга контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, атайын радиографиялык же рентгендик техниканы: тыш өлчөмү чоң жүктөрдү (автофургондор, контейнерлер) тыкыр кароо үчүн инспекциялык - тыкыр кароо комплекстери жайгаштырылат.
Конвейердик рентгендик телевизиондук түзмөктөр бажы контролунун залдарында жайгашышы керек. Жеңил автомобилдерди жана микроавтобустарды контролдоочу түзмөк, тейлөөчү персонал жана айлана-чөйрө үчүн толук радиациялык коопсуздукту камсыз кылган атайын жайда (бокста) жайгаштырылат.
Жеке адамдар дайыма ташып өткөрүп жаткан жүктөр жана кол жүктөр рентген аппаратынын тыкыр кароо терезесинен чоң болгон учурда орточо жана чоң тыш өлчөмдүү жүктөрдүн ичиндегилерди контролдоочу рентген аппараттар колдонулушу керек. Кошумча контролдогу адамдар менен иштөө үчүн бийиктиги 90-100 см жана өлчөмү салыштырмалуу столешницадай 50 x 50 см болгон тирөөч орнотулат. Тирөөчтө декларацияларды, банктын маалымкаттарын сактоо үчүн алгыдан кем эмес чөнтөк (ящик) болушу керек.
Бир түзмөктү топтоочуларды жана өткөрүү жайларын эске албай жайгаштыруу үчүн талап кылынган аянт:
- 9 кв. м (4,5 x 2) - жүктүн жана кол жүктүн ичиндегилерди контролдоо үчүн;
- 15 кв. м (5 x 3) - орточо жана чоң тыш өлчөмдүү жүктөрдү контролдоодо колдонуу үчүн;
Түзмөктөргө электр энергиясын берүү 220 В +/- 10% кубаттуулуктагы алмашма токтун түйүнүнөн жүргүзүлүшү керек. Бир конвейердик түзмөктүн керектеген кубаттуулугу - 1,5 кВт, жеңил автомашиналарды жана микроавтобустарды текшерүүчү түзмөктөрдүкү 50 кВт.
Металл детекторлору
Куралдарды табуу системасы контроль линиясынан өтүп жаткан жеке адамдын кийиминде, бут кийиминде же денесинде катылган ар кандай формадагы жана багыттагы металл буюмдарын табууга арналган. Металл буюмдарын табуу системасы катары залдарда орнотулган металл детекторлору, ошондой эле портативдик металл детекторлору колдонулушу мүмкүн.
Тереңдеп тыкыр кароо үчүн техникалык
каражаттардын комплектиси
Бажы контролунун объектилерин тереңдеп тыкыр кароо жана диагностикалоо үчүн техникалык каражаттардын базалык (минималдуу керектелүүчү) комплекти төмөнкүлөрдү камтыйт:
- телевизиондук тыкыр кароо системасы;
- тыкыр кароо күзгүлөрүнүн комплекти;
- тыкыр кароо чырактары;
- тыкыр кароо шиштеринин комплекти;
- тыкыр кароо эндоскоптор комплекти;
- ультрафиолет чырагы;
- флуоресцент фломастери;
- баңги жана жарылуучу заттарды табуучу детекторлор;
- контрабанда детекторлору;
- тыкыр кароо шаймандарынын комплекти;
- сынамдарды жана үлгүлөрдү тандоо жана сактоо үчүн жабдыктар жана шаймандар;
- баалуу металлдарды идентификациялоо каражаттары;
- баалуу таштарды идентификациялоо каражаттары;
- баңги заттардын экспресс-анализинин химиялык каражаттары;
- банкнотторду текшерүү жана саноо прибору;
- бажы документтеринин аныктыгын текшерүүчү приборлор;
- видеокомплекттер;
- диктофондор;
- фотоаппараттар;
- аудио жана видео маалыматты документтөө жана текшерүү каражаттары;
- электрондук таразалар (тартуу чеги 3 кгдан 300 кгга чейин);
- автомобилдик таразалар;
- көчүрүп, көбөйтүүчү аппараттар;
- ТСТКнын аккумуляторлорун заряддоо үчүн универсалдуу заряддык түзмөктөр.
Бажы контролунун техникалык каражаттарын тандоо АӨПтү техникалык каражаттардын комплекси менен жабдууга техникалык имаратты иштеп чыгууда жүргүзүлөт.
Конкреттүү АӨП аркылуу өтүп жаткан негизги жүктөрдүн түрлөрүнө карата аларды бажы контролунан өткөрүү жана идентификациялоо үчүн техникалык каражаттардын курамы бажы контролунун техникалык каражаттары менен толукталышы мүмкүн (материалдарды идентификациялоо приборлору, үстүртөн зондирлөө прибору, дөңгөлөктөрдү борттон ажыратуу жана баланстоо түзмөгү, алмашып туруучу учтары жана автономдуу электр энергиясы бар электр дрели (сынамдарды тандоо үчүн) ж.б.).
Бажы контролунун техникалык каражаттарынын ар бир түрүнүн керектүү саны төмөндөгү маалыматтар боюнча аныкталат:
- пландалган жүк агымы;
- пландалган жүргүнчүлөр агымы;
- өткөрүлүүчү жүктөрдүн мүнөзү;
- жумуш режими (кезметтик);
- бажы контролунун пландалган (перспективдүү) технологиялары;
- тыкыр кароо топторунун саны жана курамы.
Товарларды жана транспорт каражаттарын радиацияга текшерүү үчүн атайын аппаратура пайдаланылат.
Радиациялык контролдун стационардык системасы
Өткөрүү пункттардын бажылык тариздөө жана контролдоо жүргүзүлүүчү орундардын кирген-чыккан жерлеринде орнотулат жана Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өтүүчү бүлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды табууга арналган.
Детектрлөө блогунун конкреттүү саны тиешелүү өткөрүү пункттарынын бажы контролунун өзгөчөлүктөрүнүн эсеби менен аныкталат.
Издөө приборлору
Бажылык тариздөө жана контролдун ар бир бөлүмү жана бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарга бажы контролун жүргүзүүчү кызматы (РМБКЖК) фотондук (гамма- жана рентгендик) нурду ченөө үчүн саны 1-4 даана өлчөмметрдик приборлордун бири менен жабдылат.
Көрсөтүлгөн приборлор тыкыр кароо рентген техникаларынын инспектор-операторлорунун жумушчу ордуларындагы жана тыкыр каралуучу объекттер жайгаштырылуучу жерлердеги радиациялык абалды контролдоого арналган.
Жеке өлчөмметрдик контроль приборлору
Универсалдуу өлчөмметр-сигнализаторлор. Көрсөтүлгөн өлчөмметрлер менен түздөн-түз жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана транспорт каражаттарды текшерүүгө жана тыкыр кароого катышкан РМБКЖК кызматынын кызматкерлери жана бажылык тариздөө жана контролдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери камсыз болушат.
Жеке коргонуу каражаттары
Ар бир өткөрүү пункту бир жолу пайдалануучу жеке коргонуу каражаттарынын 5 комплектиси менен камсыз болот.
Локалдуу эсептөө тармагы
АӨПтүн локалдуу эсептөө тармагы эсептөө техникасынын каражаттарынан (сервер, жумушчу станция), активдүү тармактык жабдыктан, активдүү тармактык жабдыкты башкаруу каражатынан жана интеграцияланган түзүмдөлгөн кабелдик системанын курамына кирген, маалымат берүүчү кабелдик тармактан турат.
Эсептөө техникасынын каражаттарына жумушчу станциялар (офистик, өндүрүштүк, локалдык эсептөө тармагынын администратору) жана серверлер (тиркемелер жана маалыматтар базасы) кирет. Эсептөө техникасынын каражаттарын тандоо АӨПтө колдонулган программалык камсыздоону эсепке алуу менен айрым техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
АӨПтүн эсептөө техникасынын каражаттары менен жабдуу локалдуу эсептөө тармагынын бирдиктүү долбоорунун алкагында дагы, өзүнчө жеткирүү түрүндө дагы жүргүзүлүшү мүмкүн.
Структураланган кабелдик тармак ар кандай багыттагы пайдаланылуучулук маалыматтык тармактардын жабдыктарынын компьютердик жабдыктардын, телефон аппараттарынын ж.б. ортосундагы аз токтуу сигналдарды берүүгө арналган.
Структураланган кабелдик тармак ар кандай багыттагы пайдаланылуучулук маалыматтык тармактарынын универсалдуу физикалык коммутациялык мейкиндигин камсыз кылуу үчүн түзүлөт, анын ичинде:
- заманбап жана келечектүү технологиялардын негизинде имараттын локалдык эсептөө тармагын куруу жана өнүктүрүү (Ethernet, Fast Ethernet, Gigabit Ethernet, FDDI, ATM);
- имараттын телефон тармактарын куруу жана өнүктүрүү;
- коопсуздуктун комплекстүү тармагын куруу жана өнүктүрүү.
Структураланган кабелдик тармак төмөндөгүдөй ченемдик документтерге ылайык түзүлөт:
МС (мамлекеттик стандарт) "Маалымат технологиясы Автоматташтырылган тутумдарга карата стандарттардын жана жетектөөчү документтердин комплекси" (МС 34.201-89, МС 34.602-89);
- ISO/IEC 11801 INFORMATION TECHNOLOGY - GENERIC CABLING FOR CUSTOMER PREMISES;
- TIA/EIA-568-SET COMMERCIAL BUILDING TELECOMMUNICATIONS CABLING STANDARDS;
- TIA/EIA-569 COMMERCIAL BUILDING STANDARD FOR TELECOMMUNICATIONS PATHWAYS AND SPACES;
- TIA/EIA-570 RESIDENTIAL TELECOMMUNICATIONS CABLING STANDARD;
- TIA/EIA-606 THE ADMINISTRATION STANDARD FOR THE TELECOMMUNICATIONS INFRASTRUCTURE OF COMMERCIAL BUILDINGS;
- TIA/EIA-607 COMMERCIAL BUILDING GROUNDING\BONDING\REQUIREMENT STANDARD;
- TIA/EIA TSB 72 CENTRALIZED OPTICAL FIBER CABLING GUIDELINES;
- TIA/EIA TSB 75 ADDITIONAL HORIZONTAL CABLING PRACTICES FOR OPEN OFFICES.
Электртүзмөктөрүн орнотуу эрежелери (ЭОЭ)
Структураланган кабелдик тармак төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
- горизонталдык кабелдик ажыратманы;
- ортодогу бөлүштүрүү түйүндөрүн;
- негизги кабелдик магистралды;
- негизги бөлүштүрүүчү түйүндү.
Горизонталдык кабелдик ажыратма бир кабаттын жабдыктарын камтып жана пайдалануучу компьютерди, телефонду же башка аяктоочу түзмөктү күйгүзгөн жерден башталып, ортодогу бөлүштүрүүчү түйүндөн бүтүшү керек.
Ортодогу бөлүштүрүүчү түйүн горизонталдык кабелдик системаны негизги магистраль менен байланыштыруу үчүн иштейт.
Негизги кабелдик магистраль бардык бөлүштүрүүчү түйүндөрдү негизги бөлүштүрүүчү түйүн менен биригүүсүн камсыз кылат.
Негизги бөлүштүрүүчү түйүн түзүмдөлгөн кабелдик түйүндүн борбору болуп эсептелет, горизонталдык кабелдердин жабдыктардын же магистралдык каналдардын порттору менен болгон кросстук бирикмелеринин каражаттарын камтыйт жана бардык кабелдик түйүндүн башкаруусун, оңдоосун жана модификациясын камсыз кылат.
Горизонталдык кабелдик ажыратма, ортодогу бөлүштүрүү түйүндөрүндөгү горизонталдык кабелдердин чектөөчүлөрү, ортодогу бөлүштүрүү түйүндөрүндөгү кросстук бирикмелер жана аяктоочу жабдыктарды күйгүзүү үчүн айры тешиктер имараттын горизонталдык кабелдик подсистемасын түзөт.
Горизонталдык кабелдик подсистема ал ортодогу бөлүштүрүүчү түйүнгө кошулган учурда аяктоочу жабдык менен активдүү түзмөктүн ортосунда маалыматтарды 10/100Мб/с ылдамдыкта берүүнү камсыз кылат.
Ар бир жумушчу орунда эки түрдүү аяктоочу түзмөктөрдү окшоштуруп кошуу камсыздалышы керек.
Розеткалар жана кабелдерди бөлүштүрүү схемасы структураланган кабелдик тармакка локалдык эсептөөчү жана телефондук түйүндөрдү, персоналдык компьютерлерди, түйүндүк принтерлерди, файлдык серверлерди, маалыматтар базасынын серверлерин жана локалдык эсептөө түйүндөрүнө кошулуу үчүн стандарттык интерфейстери бар башка компьютердик жабдыктарды, ошондой эле санариптик жана аналогдук телефон аппараттарын кошуунун кепилдигин камсыз кылышы керек.
Негизги кабелдик магистраль, негизги жана ортодогу бөлүштүрүүчү түйүндөрдөгү кросстук бирикмелер имараттын негизги кабелдик подсистеманы түзөт.
Негизги кабелдик магистраль ар бир ортодогу бөлүштүрүүчү түйүндөгү бир канча активдүү түйүндүк түзмөктөрдү кошууну камсыз кылышы керек (конкреттүү саны долбоорлоо учурунда аныкталат). Муну менен түйүндү өнүктүрүүгө жана модернизациялоого, ошондой эле негизги кабелдик бирикмелердин иштебей калган учурларына арналган, негизги кабелдик магистралды экиден резервдөө каралышы керек.
Структураланган кабелдик системанын бардык компоненттери бирдейлешилиши, бири-бири менен оңой байланышышы керек жана локалдуу эсептөө түйүнүн жана телефониянын жабдыктарынын кеңири спектринин жөнөкөй кошулушун камсыз кылышы керек.
Маалыматтык түйүндүн физикалык конфигурациясы бөлүштүрүүчү түйүндөрдөгү порттордун коммутациялар менен гана аныкталышы керек, муну менен эле коммутация процесси жөнөкөй жана көрсөтмөлүү болушу керек.
Структураланган кабелдик система пайдалануучулук маалыматтык системанын күнүмдүк жана перспективдүү муктаждыктарын камсыз кылышы керек, жаңы маалыматтык системаларды киргизүү жана иштеп жаткандарды өнүктүрүү бөлүштүрүүчү түйүндөрдөгү коммутация схемаларын өзгөртүү (толуктоо) жолу менен гана камсыз болот жана регионалдык маалыматтык - телекоммуникациялык системага интеграциялоо мүмкүнчүлүгү камсыздалат.
Активдүү тармактык жабдыктар төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- кошулган жумушчу станцияларынын, файлдык серверлердин, маалыматтар базасынын серверлеринин жана тиркемелердин серверлеринин, ошондой эле түйүндү келечекте өстүрүү мүмкүнчүлүгү менен перифериялык жабдыктардын саны көп болгондо системалык өткөрүүдөгү өндүрүүчүлүктүн 1 Гбит/с кем эмес болуусун;
- ар кандай түйүндүк протоколдорго (IP, IPX, NetBIOS ж.б.) бир убакта көмөк берүүнү;
- ар кандай өндүрүүчүлөрдүн жабдыктарын пайдалануу менен түйүндү андан ары өнүктүрүү максатында түйүндүн түзмөктөрүнүн ортосунда маалымат алмашуу үчүн стандарттык протоколдорду колдонууну;
- кошумча же бир имараттан экинчи имаратка ташылуучу жумушчу станцияларынын жана башка түйүндүн техникалык каражаттарын жеңил кошууну;
- түйүндүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн үнөмдүү өстүрүү мүмкүнчүлүгүн;
- борборлоштурулган ресурстарды түздөн-түз түйүндүн тез ылдамдыктагы магистралына кошуу мүмкүнчүлүгүн;
- түйүндүк жабдыктардын күнү-түнү иштешин, жогорку бекемдигин жана иштебей калбоосун;
- түйүндөр иштебей калгандан кийин калыбына келтирүүгө минималдуу убакыттын сарпталышын;
- түйүндүк жабдыктарды өз алдынча диагностирлөө мүмкүнчүлүгүн жана бузулган жерлерди оңой жоюуну;
- трафиктин артыкчылыктарын порттордун деңгээлинде орнотуу мүмкүнчүлүгүн;
- магистралдын жана түйүндөр аралык өз ара аракеттин бузулбай иштешин камсыз кылуу үчүн түйүндүн түзмөктөрүнүн конфигурацияларын өзгөртүүсүз калтырууга мүмкүндүк берген, негизги компоненттердин протоколдорун резервдөөгө көмөк көрсөтүүнү;
- жабдыктардын жумушчу температурасынын диапазонунун +5 ден + 40 град С. чейин.
Имараттарда кабелди тартуу үчүн жашыруун зым тартуу колдонулат (дубалдын ичинде ГТВХ-түтүктөрүндө), жумушчу кабинеттерде жумушчу столдун үстүнүн бийиктигинде айры тешиктери орнотулган парапеттик кабелдик каналдар тартылат, жалпы имараттарда (коридорлордо, холлдордо) металл түтүктөрдө фальш - шыптын үстүнөн тартылат.
Жумушчу орундардын саны имаратты пландоонун эсепке алуу менен аныкталат (бир жумушчу орунга 6 кв.м.) кошумча ар бир имаратка эки жумушчу орун.
4 x 2 x 0,5 болгон бирден кабелди төмөнкү техникалык жайларда тартуу каралат:
- электрщиттик;
- желдетүүчүлөр орнотулган жай.
V категориядагы ар кандай кабелдик бирикменин узундугу горизонталдуу кабелдик ажыратмада 90 м ашпашы керек. Муну менен кабелдин аяктоочу чекиттерин ортосунда эч кандай ортодогу бирикмелер болбошу керек (жабыштыруу, буроо ж.б.).
Түзүмдөлгөн кабелдик системанын кабелдери күчтүү токтуу кабелдик ажыратмадан тикелей жакындыкта параллель өтпөшү керек. Аз токтуу жана күчтүү токтуу кабелдер параллель тартылган учурда, алардын ортосундагы аралык ЕIА/ТIА569А стандартына ылайык аныкталат. Аз токтуу жана күчтүү токтуу кабелдер тик бурчта кайчы өтүшүнө уруксат берилет.
Жумушчу жайларда бардык жумуш орундары модулдук блоктогу айры тешиктер менен жабдылат. Ар бир блок эки КJ-45 айры тешиктерин камтыйт, алардын ар бири өзүнүн кабели менен тиешелүү бөлүштүрүүчү пункттун коммутациялык панели менен байланышат.
Бөлүштүрүүчү пункттун бардык коммутациялык жабдыктары 19 дюймдук шкафтарга жайгаштырылат жана куралат.
Бөлүштүрүүчү пункттар жабдылган имаратка кирүү чектелиши керек.
Байланыш системасы
АӨПтүн байланыш тутуму ички жана тышкы байланышты, анын жогорку турган бажы органына түз чыгууну камсыз кылышы керек. Бул максаттар үчүн коммуникациялык борбор түзүлөт, жалпы пайдалануу түйүнүнө кошулуу үчүн АӨПтүн коммуникациялык борборунун линияларын жакынкы байланыш түйүнүнө байлоонуу жана байланыш каналдарын ижарага алууну камсыз кылуу уюштурулат же жогору турган бажы органына өзүнүн байлануу линиялары тартылат.
Байланыш системасы төмөндөгүдөй каражаттарды өзүнө камтыйт:
- телефондук байланыш каражаттарын, анын ичинде ведомстволук, ички, ыкчам-диспетчердик жана жалпы пайдалануучу (шаар ичи, шаар аралык, эл аралык);
- телеграфтык байланыш каражаттары (же электрондук почта);
- факсимилдик байланыш каражаттары;
- жашырын байланыш каражаттары (мүмкүн болгон табелге ылайык);
- УКТ- радио байланышы (туруктуу орнотулган, ташылуучу, алып жүрүүчү);
- маалымат берүү каражаттары.
Керектүү курулуш - куроо иштеринин тизмесин ушул Талапка ылайык ар бир объектке өзүнчө долбоордук уюм иштеп чыгат.
АӨПтүн байланыш тутумун долбоорлоодогу негизги документ болуп, долбоордук уюм, долбоорлоого карата техникалык тапшырмаларга, кошулуучу түйүндүн операторуна (объекттин жалдоочусу) жалпы пайдалануу түйүнүнүн оператору, өкмөттүк байланыштын регионалдык борбору тарабынан берилген кошулууга карата техникалык шарттарга жана баштапкы маалыматтарга ылайык иштеп чыккан, аны уюштуруу схемасы саналат. Байланышты уюштуруу схемасы АӨПтүн муктажкери тарабынан бекитилет.
Байланыш түйүнүнүн жайы администрациялык-эксплуатациялык имаратта жайгашат. Байланыш каражаттарын оңдоо үчүн, аппаратураны жана запастык бөлүктөрдү буюмдары менен сактоо үчүн жайлар, документалдык байланыштын жайлары каралышы керек.
Байланыш түйүнүндө төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- уюштуруучулук АТТ же телефондук система;
- телеграфтык байланыш (же электрондук почта) жана факстык байланыш каражаттары;
- каналдарды түзүү жана мультиплексирлөө жабдыктары;
- киришме-коммутациялык түзмөктөр жана линиялык жабдыктар;
- кросс.
Байланыш түйүнү үчүн башка объекттерден көз карандысыз 4 Ом каршылагычтуу жерге кирүүчү орнотулат.
Автоматташтырылган телефондук түйүндүн сыйымдуулугун жумуш орду бар АӨПтүн кызматкерлеринин 50% курамынын эсебинен тандалат.
Долбоордук документациянын курамында автоматташтырылган телефондук түйүндү программалоо үчүн маалыматтар иштелип чыгышы керек. Штаттык саны 20 кишиден аз болгондо 10 номерге чейинки сыйымдуулугу бар телефондук система орнотулат, 6 кишиден кем болгондо жогору турган бажы органынын ведомстволук телефон номери менен абоненттик түзмөк.
Бардык кызматтар үчүн бирдиктүү автоматташтырылган телефондук түйүнгө АӨПтү кошууда Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ведомстволук байланыш түйүндөрүнө чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жок болгондо бажы органдарынын абоненттери ага чыгуу мүмкүнчүлүгүнө болушу керек.
Жабдыктардын курамы жана өткөрүү тутумунун каналдык сыйымдуулугу, жалпы пайдалануу түйүнүнө байлануу линиялары байланыш ишканаларынын (байланыш операторунун) техникалык шарттарын аткарууну жана байланыш каналдарынын төмөндөгү эсебин камсыз кылышы керек:
100 номердик сыйымдуулугу бар уюштуруучулук автоматташтырылган телефон түйүнүн кошуу жалпы пайдалануу түйүнүнө кошуу үчүн үч зым менен аяктаган 15 бириктирүүчү линияга чейин же 2,048 Мбит/с сандык агым (50 абоненттик номерге чейинки автоматташтырылган телефондук түйүндүн сыйымдуулугунда сегизге чейинки эки зымга чейинки абоненттик линия уюштурулат);
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ведомстволук тармагына автоматташтырылган телефон тармагын кошуу үчүн 64 кбит/с сандык канал (мүмкүн болбогон учурда - төрт зым менен аяктаган эки тоналдык жыштык) жана АӨПтүн локалдуу эсептөө тармагынан Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына бажы аркылуу маалыматтарды берүүнү камсыз кылуу үчүн 128 кбит\с чейин бир сандык канал же АӨПтү Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына жана Ведомстволук интеграцияланган телекоммуникациялык системага кошуу үчүн интегралдык бир 128 кбит/с канал;
- бажы кызматынын жашырын байланышын уюштуруу үчүн тоналдык жыштыктын эки каналы;
- бажы органдарынын абоненттерин шаардык телефондук түйүнгө кошуу үчүн эки зым менен аяктаган беш абоненттик линия;
- жалпы мамлекеттик түйүнгө кошуу үчүн АТ-50 байланышынын же электрондук почтанын эки каналы;
- шаардык жана шаарлар аралык таксофондор байланыш түйүнүн кошуу үчүн эки зым менен аяктаган эки-төрт абоненттик линия.
Киришме - коммутациялык жабдык бардык тышкы линияларды жана байланыш каналдарын кабыл алуу жана таратууну, байланыш ишканаларынан ижарага алынган жана кабыл алынган байланыш жана 25 пайыздык резерв менен контролдоону жана коммуникацияны камсыз кылышы керек.
Бажы органынын жайы ыкчам - диспетчердик телефондук байланышы менен жабдылат.
Бажы органынын телефондук байланышынын диспетчердик пульту ыкчам нөөмөтчүнүн жайына орнотулат. Пульт абонент катары бажы кызматынын байланыш түйүнүнө кошулушу керек.
Долбоорлоо учурунда пульттун сыйымдуулугу абоненттердин тизмеси жана аяктаган аппараттар орнотулуучу орундуктар боюнча аныкталат.
Атайын жашырылган байланышты уюштуруу тартиби АӨП аймагына кирген, өкмөттүк байланыштын регионалдык борборунун техникалык шарттары менен аныкталат.
Факстык байланыш аппараттары жалпы байланыш түйүнүнө чыга турган, ведомстволук автоматташтырылган телефондук түйүндүн абоненттик номерлерине кошулат.
Телеграфтык байланыштын же электрондук почтанын абоненттик түзмөктөрү байланыш операторунун техникалык шарттарына ылайык, АТ-50 түйүнүнө же башка түйүнгө кошулат.
Электрондук почтанын абоненттик түзмөгү же АТ-50 түйүнү жана факс аппараттары байланыш оператору жайда жок болгон учурда, автоматтык режимде иштеп жаткан аппараттарга түшкөн маалыматтарга оперативдүү нөөмөтчүнүн кез салып туруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен документалдык байланыш бөлмөсүнө орнотулат.
Туруктуу орнотулуучу УКТ-байланыш радиостанциясы бажы органынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн жайына, антенна - антенна фидеринин узундугун минимизациялоо талаптарын сактоо менен автобекеттин администрациялык имаратынын чатырына (керек болгон учурда - өзүнчө мачтага) орнотулат. Ташып жүрүүчү жана алып жүрүүчү радиостанцияларынын саны бажы органдарынын ички талаптарына ылайык аныкталат.
Каналдарды, документалдык байланышты жана автоматташтырылган телефондук түйүндү түзүү каражаттары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек.
Кызматтык-өндүрүштүк жайларда шаардык (шаар аралык, эл аралык) телефон байланышынын таксофондорун кошуу мүмкүнчүлүгү бар кабиналарды орнотуу каралышы керек.
Коопсуздуктун комплекстүү системасы
АӨПтүн коопсуздугунун комплекстүү системасы төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга арналган:
- АӨПтүн жайларын, АӨПтөгү бажы органынын мүлкүн, жабдыктарын жана башка материалдык баалуулуктарын коргоо;
- объекттин контролдук-өткөрүү жана ички режимин;
- бөлүмчөнүн объекттеги жумушунун коопсуздугун;
- объектке алып кирүүгө тыюу салынган буюмдарды табуу мүмкүнчүлүгүн;
- мамлекеттик жана башка мыйзамдар менен корголгон сырды түзгөн маалыматтын техникалык каналдар боюнча чыгуусунан жана санкцияланбаган кирүүдөн коргоону.
Объекттин аймагына кирген адамдар тарабынан жана объекттин абийирсиз персоналы тарабынан жасалган укукка каршы акцияларды болтурбоо, ички тартип бузуучунун факторунун таасирин төмөндөтүү максатында коопсуздуктун комплекстүү системасын түзүүнүн негизине "тоталдык ишенбөө" принциби киргизилиши керек.
Коопсуздуктун комплекстүү системасына төмөнкүлөр кирет:
- коргоонун автоматташтырылган системасы;
- оперативдүү телекөрсөтүү системасы;
- маалыматты коргоо системасы;
Бирдей милдеттерди аткарган, АӨПтөгү мамлекеттик контролдук органдардын коопсуздуктун техникалык каражаттары бирдиктүү болушу керек, милдеттерди комплекстүү чечүүнү камсыз кылышы керек.
Жабдыктар талаптарга жооп бериши жана тастыкталышы керек. Колдонулуучу жабдыктын курамы жана тиби, алар орнотулуучу орундар долбоордук-издөө иштери аткарылгандан кийин жана техникалык тапшырмалар иштелип чыккандан кийин АӨПтү долбоорлоо этабында аныкталат.
Имараттарды, жайларды жана башка курулуштарды аларды түзүү жана иштетүүнү бардык этаптарында өрттөн коргоого болгон жалпы талаптар республиканын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.
Жайлардын функционалдык багыты өзгөргөндө жаңы багытка тийиштүү иштеп жаткан ченемдик документтер колдонулушу керек.
Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук-техникалык иш чаралардын курамы МС 12.1.004-91 ССБТ "Өрт коопсуздугу. Жалпы талаптарда" камтылган:
- өрттөн коргоону уюштуруу;
- өрт коопсуздугунун ченемдерин, эрежелерин, нускамаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- өрт учурундагы коопсуздук чаралары боюнча объекттеги адамдардын санын ченемдөө;
- заттарды материалдарды сактоо тартиби;
- өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык заттарды, материалдарды жана буюмдарды паспорттоштуруу ж.б.
Имараттардагы, курулуштардагы жана жайлардагы өрткө каршы режим Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелери, ошондой эле белгиленген тартипке ылайык бекитилген жана өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган стандарттары, курулуш ченемдери жана эрежелери, технологиялык долбоорлоо ченемдери, өрт коопсуздугунун тармактык жана регионалдык эрежелери жана башка ченемдик документтер менен регламенттелет.
Өрт сигналдык системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- өрт очокторунун, түтүндүн, температуранын жогорулашынын фактыларын табууну жана белгилөөнү;
- мүмкүн болууну башкаруу системасы үчүн белгилерди түзүү;
- коркунуч аймагынын жана жакын жайгашкан аймактын телевизиондук көрүнүшүн приоритеттүү күйгүзүү боюнча коргоо телекөрсөтүүсү үчүн белгилерди түзүү;
- авариялык жарык берүү үчүн белгилерди түзүү;
- автоматтык өрт өчүргүч, түтүн кетирүүчү ж.б. түзмөктөр үчүн белгилерди түзүү;
- бардык кабыл алынган айгай белгилери тууралуу маалыматтарды күнүн, убактысын жана дарегин көрсөтүү менен белгилөө, жумуш протоколун жүргүзүү.
Коргоонун автоматташтырылган системасы өзүнө төмөндөгүдөй бири-бирине байланыштуу системаларды камтышы керек:
- коргоо сигнализациясын;
- өрт сигнализациясын;
- мүмкүндүк алууну башкаруу;
- коргоо телекөрсөтүүсү;
- коргоо жарык берүүсү;
- маалымат чогултуу жана иштеп чыгуу.
Коргоо сигнализациясынын системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- имараттардын функционалдык багыттарына карата бажы кызматынын жайларын коргоого алуу жана коргоодон алуу (жайлардагы перифериялык пульттан жана коргоо пультунан);
- коргоого алынган жайлардын ичине кирүү жана укук, тартип бузуучулардын анын ичинде жүрүшүн табуу жана белгилөө;
- АӨПтүн аймагындагы зым аркылуу жана радио сигнализациянын айгай болгондогу иштешин белгилөө;
- мүмкүндүк алууну башкаруу тутуму үчүн сигналдарды түзүү;
- коркунуч аймагынын жана жакын жайгашкан аймактын телевизиондук көрүнүшүн приоритеттүү күйгүзүү боюнча коргоо телекөрсөтүүсү үчүн сигналдарды түзүү;
- коргоо жарык берүүсү үчүн сигналдарды түзүү;
- бардык кабыл алынган айгай сигналдары тууралуу маалыматтарды күнүн, убактысын жана дарегин көрсөтүү менен белгилөө, жумуш протоколун жүргүзүү;
АӨПтүн техникалык, кампа жана кызматтык жайлары, өрт жаңыдан тутанып келе жатканда табууну жана сигнализация пультуна өрт башталгандыгы тууралуу үн жана жарык белгилерин берүүнү камсыз кылуучу өрт сигнализациясынын системасы менен жабдылышы керек. Жайларды жабдуу СНиП 2.04.09.84 "Имараттардын жана курулуштардын өрттүк автоматикасынын" талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Сигнализация пульту бажы органынын оперативдүү нөөмөтчүсүнүн жайына орнотулушу керек. Жайларда көмүр кычкыл же бромэтил өрт өчүргүчтөрү коюлушу керек.
Объекттин имаратынын курулушунун же реконструкциясынын долбоорун түзүүдө өрт сигнализациясынын системасын, өрт коопсуздугу тармагындагы жумуштарды (кызматтарды) аткарууга лицензиясы бар адистештирилген уюмдар иштеп чыгышат.
Коопсуздуктун комплекстүү системасынын колдонулган жабдыктарынын курамы жана тиби, долбоордук изилдөө иштери аткарылгандан кийин жана объекттин архитектуралык - пландоо чечимдери иштелип чыккандан кийин долбоорлоо этабында АӨПтү коргоонун техникалык каражаттары менен жабдуудагы техникалык тапшырмаларда аныкталат.
Подсистемадагы жайларды, өзүнчө объекттерди (аянтчаларды) жана аймактарды коргоону камсыз кылуучу сигналдык билгизгичтерди жана табуу каражаттарды өзүнө камтышы керек. Сигналдык билгизгичтер жана табуу каражаттары төмөндөгүлөргө орнотулат:
- корголгон жайлардагы эшиктерде, терезелерде, тосмолордо, сейфтерде;
- паспорттук контролдун кабиналарынын жана павильондорунун эшиктеринде, кабиналардын ортосундагы өтүү жайларына (нур билгизгичтери);
- радиациялык контроль аппаратурасы коюлган шкафтардын эшиктеринде;
- телекамераларды багыттоо түзмөктөрүндө;
- объекттин аймагынын периметри боюнча.
Объекттин аймагынын периметринин коргоо сигнализациясынын системасы жолдун жээгинен 15 м кем эмес алыстыкта орнотулган, сигналдык тосмо дубалдын базасында түзүлүшү керек.
Коргоонун автоматташтырылган системасындагы мүмкүндүк алууну башкаруу тутум алды төмөндөгүлөрдү камсыз кылышы керек:
- персоналды идентификациялоо системасында түзүлгөн штаттан тышкаркы абалдагы (сындырып кирүү аракети) кабарлоодо телевизиондук көрсөтүүнүн приоритеттүү күйүшүн жана объекттин аймактарына жана имараттарына мүмкүндүк алуунун ажырымдуу башкаруусун;
- автоматтык өткөрүү түзмөгүн башкаруунун борбордук пультунан жана өткөрүү түзмөгүнүн жергиликтүү пультунан башкарууну;
- коргоо сигнализациясынын подсистемасы үчүн мүмкүндүк алууну башкаруу подсистемасында штаттан тышкаркы абал түзүлгөндө (сындырып кирүү аракети) белгилерди түзүүнү;
- мүмкүндүк алууну коргоолук башкаруу үчүн белгилерди түзүү;
- маалыматтар базасындагы бардык окуялар тууралуу маалыматты күнүн, убактысын жана дарегин көрсөтүү менен белгилөө, жумуш протоколун түзүү.
Коргоо телекөрсөтүүсүнүн подсистемасы төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- коргоо жана өрт сигнализациясынан, мүмкүндүк алууну башкаруу подсистемасынан келген белгилер боюнча видеомаалыматты көрсөтүү жана автоматтык түрдө жазуу;
- объекттеги оперативдүү абалга көз салуу;
- коргоо сигнализациясынын подсистемасынын айгай белгиси боюнча телекамералардын автоматтык түрдө иштеши жана багытталышы;
- видео жазуулардын архивин түзүү.
Телевизиондук камераларды тыкыр кароо жайларында, топтоо секторлорунда, транспортту тыкыр кароо зоналарында, контролдук-өткөрүү пунктунда, объекттин аймагынын периметри боюнча кармалган транспорт токтоочу жайга орнотуу керек. Телевизиондук камераларды башкаруу аралыкта жүргүзүлүшү керек. Телевизиондук камералар орнотулуучу жерлер жана алардын саны жайлардын тизмесин эсепке алуу менен объектти долбоорлоо учурунда такталат.
Коргоо жарык берүүнүн подсистемасы буларды камсыз кылышы керек:
- объектте штаттык жана авариялык системалары менен бирге коргоо телекөрсөтүүсүнүн системасынын сапаттуу иштеши үчүн жете турган жарык берүү деңгээлин;
- коргоо жана өрт сигнализациясынын системасынан, коркунучтуу абал түзүлгөн жерлерде жана ага жакын жайгашкан аймактардагы мүмкүндүк алууну башкаруу системасынан келген белгилер боюнча, ошондой эле аларга барган маршрут боюнча шамдалдардын автоматтык түрдө күйүшүн.
Маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу подсистемасы буларды камсыз кылат:
- графикалык пландын контролдук мониторлоруна тийиштүү телекамералардан айгай белгиси чыккан жерди, аларга бара турган маршруттун видеокөрсөтүүсүн, ошондой эле коркунучтуу абалдарды иштеп чыгуу боюнча нускамаларда чыгарууну;
- коргоонун автоматташтырылган системасында болгон бардык окуялар тууралуу маалыматты талап кылынгын убакыт аралыгында архивдерди түзүү мүмкүнчүлүгү менен комплекстүү маалыматтар базасында топтоону;
- подсистемасын пайдалануунун жөнөкөйлүгүн жана ыңгайлуулугун, ошондой эле көрсөтүлгөн окуяларды бир жактуу түшүндүрүүнү. Оперативдүү телекөрсөтүү системасы буларды камсыз кылат:
- АӨПтүн режимдик зоналарында, аларга бара турган жерлердеги оперативдик абалга, жүргүнчүлөрдү өткөрүүнүн, транспортту тариздөөнүн жана тыкыр кароонун укукка каршы аракеттерди өз убагында табуунун жана аларды жоюу боюнча оперативдүү чараларды көрүүнүн технологиялык процессине контроль жүргүзүү максатында аралыкты визуалдуу көз салууну, ошондой эле күнү-түнү коргоого алынган объектке көз салууну;
- маалыматты көрсөтүүнү жана жазууну;
- видеожазмалардын архивин түзүүнү.
Тышкы телекамералар буларды камсыз кылышы керек:
- мүмкүндүк берген жөндөмдүүлүгү - 400 ТВЛ кем эмес;
- белги - ызы-чуу мамилеси - 50 дБ;
- жарыкта иштөөсү - 0,1 ден 50000 лк чейин;
- туруктуу токтун стабилденбеген булагынан энергия алуу - 18-30 В;
- керектелүүчү ток - 1000 мА көп эмес.
Жайлардагы телекамералар төмөндөгүлөрдү камсыз кылышы керек:
- мүмкүндүк берген жөндөмдүүлүгү - 400 ТВЛ кем эмес;
- белги - ызы-чуу мамилеси - 50 дБ;
- жарыкта иштөөсү - 0,1 ден 50000 лк чейин;
- туруктуу токтун стабилденбеген булагынан энергия алуу - 11-13 В;
- керектелүүчү ток - 150 мА көп эмес.
Телекамераларды багыттоо түзмөктөрү (сканерлер) төмөндөгүлөрдү камсыз кылышы керек:
- горизантал боюнча сканерлөө бурчу - 240 град. кем эмес;
- вертикалы боюнча сканерлөө бурчу - 60 град. кем эмес;
- сканерлөөнүн ылдамдыгы - секундасына 10 град көп эмес.
Видеоконтролдук түзмөктөр (видеомониторлор) төмөндөгүлөрдү камсыз кылышы керек:
- видеомаалыматты диагонал боюнча өлчөмү - 31 см кем эмес экранга чыгарууну;
- 2-3 мониторду бирдей күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн;
- алмашма ток түйүнүнө энергия алууну - 220в/50Гц.
Маалыматты коргоо системасы
Маалыматты коргоо системасы төмөндөгүлөрдү камсыз кылышы керек:
- маалыматташтыруу объекттериндеги жана техникалык каналдар боюнча маалымат чыгуусуна бөгөт болгон, бөлүнгөн жайлардагы маалыматтарды коргоону;
- автоматташтырылган системадагы жана локалдык эсептөө тармактарындагы маалыматтарды санкцияланбаган кирүүдөн коргоону;
- маалымат ресурстарын зыян алып келүүчү программалардын (вирус программалардын) таасиринен коргоону;
- телекоммуникациялык түйүндөрдөгү жана байланыш түйүндөрүндөгү маалыматтардын конфиденциалдуулугун жана бүтүндүгүн;
- АӨПтүн радиоэлектрондук коопсуздугун.
II. Чегара контролунун техникалык каражаттарын
жайгаштырууга карата талаптар жана курамы
Чегара контролунун техникалык каражаттарынын курамына төмөндөгү каражаттар кирет:
- паспорттук контролдун жана маалыматтарды каттоонун;
- транспорт каражаттарын тыкыр кароонун;
- коргоонун жана сигнализациянын;
- телевизиондук контролдун;
- байланыштын жана автоматташтыруунун.
Документтерди текшерүү үчүн автоматташтырылган система паспорттук контролдун кабиналарында жана павильондорунда жайгаштырылат. Ар бир кабинада (павильондо) булар жайгаштырылышы керек:
- жумушчу станция (компьютер "Pentium-4");
- документтерди санагыч;
- документтердин аныктыгын текшерүүчү прибор.
Жумушчу станциялар кезметтин начальнигинде жана чегара контролунун бөлүмчөсү боюнча нөөмөтчүдө коюлушу керек Документтерди тереңдеп текшерүү бөлмөлөрү документтерди изилдөө үчүн криминалистикалык блок менен, микроскоп жана көчүрүү аппараты менен жабдылышы керек. Маалыматтарды жыйноо, сактоо жана иштеп чыгуу орнотулган локалдуу түйүн аркылуу маалыматтар базасынын жана тиркеменин серверлери менен жүргүзүлөт.
Транспорт каражаттарын тыкыр кароонун техникалык каражаттары төмөнкүдөй каражаттарга бөлүнөт:
- транспорт каражаттарынын жүк салынуучу бөлүмдөрүндө (отсек) жана ташылып жаткан жүктөрдө жашынып калган укук бузуучуларды табуу;
- ташып кирүүгө жана ташып чыгууга тыюу салынган буюмдарды табуу;
- баңгизаттарды, жарылуучу заттарды табуучу детекторлор, политесттер.
Коргоо сигнализациясынын системасы - сигналдык аппаратураларды колдонуу менен курулат.
Коргоо сигнализацияларынын билдиргичтери төмөндөгү жерлерге орнотулат:
- коргоого алынган кызматтык жайлардын эшиктеринде жана терезелеринде;
- паспорт контролунун кабиналарынын жана павильондорунун терезелеринде жана эшиктеринде;
- шкафтарды эшиктеринде;
- телекамераларды багыттоо түзмөктөрүндө;
- паспорт контролунун кабиналарынын өтмө жайларында (нур);
Өткөрүү пунктунун аймагынын периметри сигналдык тосмолор менен, шлагбаумдар менен жана сигналдык дарбазалар менен жабдылат.
Сигналдык билдиргичтерден келген маалыматты чогултуучу жана иштеп чыгуучу аппаратура чегара контролунун бөлүмчөсү боюнча нөөмөтчүнүн жайларына орнотулат.
Телевизиондук байкоо системасы - өнөр-жайдык, жогорку сезгичтүү телевизиондук түзмөктөрдү колдонуу менен курулат. Системанын телекамералары абалга байкоо жүргүзүүгө мүмкүн болгон, өткөрүү пункттун имаратында жана аймагында жайгаштырылат.
Видеоконтролдук түзмөктер, телекамераларды башкаруу пульту чегара контролунун бөлүмчөсү боюнча нөөмөтчүнүн имаратына жайгаштырылат.
УКТ радио байланышынын системасы - Өткөрүү пунктунун категориясына карата УКТ-диапазонундагы туруктуу радиостанциялардын жана ташып жүрүүчү УКТ-радиостанцияларынын базасында 4-12 даана санында курулат. Туруктуу радио станциялардын антенналык түзмөктөрү өткөрүү пунктунун имараттарынын чатырларына, ал эми станциялар - чегара контролунун бөлүмчөсү боюнча нөөмөтчүнүн имаратына жайгаштырылат.
Телефондук байланыш системасы - ар кандай директордук байланыш коммутаторунун базасында чегара контролунун бөлүмчөсү боюнча нөөмөтчүнүн имаратына жайгаштырылган, 20 абоненттен кем эмес эсептөөдөн улам курулат.
Коммутаторго кошулган телефон аппараттары чегара контролунун бөлүмчөсүнүн кызмат адамдарынын кабинеттеринде жана мүмкүн болушунча чегара нөөмөттөрүнүн кызмат ордуларында коюлат.
Өткөрүү пункттарынын бардык жайларында жана автотранспортту тереңдеп тыкыр кароо бокстарында ички АТС телефон аппараттарын орнотуу каралышы керек.
Жабдыктын курамы жана маалыматтарды өткөрүү системасынын каналдык сыйымдуулугу:
- чегара контролунун локалдык түйүнүн Бирдиктүү ведомстволор аралык маалыматтар түйүнүнө кошуу үчүн 128 кбит/с 1 санарип каналы;
- шаардык жана шаар аралык таксофондорду кошуу үчүн эки зым менен аяктаган 2-4 абоненттик линия.
Өткөрүү пункттарынын технологиялык жабдыктарынын курамына төмөндөгүлөр кирет:
- өткөрүү пункттун өткөрүү модулуна орнотулуучу паспорттук контролдун кабиналары;
- бюгелдер (тосмолор);
- дарбазалар, шлагбаумдар жана светофорлор.
III. Автомобилдик таразаларга
карата техникалык талаптар
1. Жалпы жоболор
Стационардык электрондук автомобилдик таразалар (мындан ары - таразалар) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын контролдук тараза тартууга (ок боюнча динамикалык) арналган.
2. Таразага карата талаптар
1. Таразалардын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Жүк ташуучу жүрүп бара жаткан автотранспортту динамикалык (октор боюнча) таразага тартууга арналган жүк кабыл алуучу платформа;
2) Жүк кабыл алуучу платформалардын узатасынан жылып кетүүсүн чектегичтердин комплект.
3) Тараза аркылуу коопсуз өтүүнү камсыз кылуу үчүн жүк кабыл алуучу түзүлүштүн узундугу боюнча чектегичтердин комплекти (кирүүчү пандустар менен жерде чогултулган учурда).
4) персоналдык компьютерге (мындан ары - ПК) кошулуучу кабели менен RS232/RS485 интерфейси менен тараза терминалы.
5) Билгизгичтерге жана ПКга кошулуу үчүн керек болгон кабелдик ажыраткычтары бар динамикалуу өзгөрткүч (октор боюнча таразага тартуучу динамикалуу жүк кабыл алуучу түзүлүш үчүн).
6) Эксплуатациялык документтер.
7) "Windows ХР" жана таразалар үчүн программалык камсыздоо орнотулган ПК.
8) Андан ары ПК орнотуу үчүн "СD-дисктердеги" программалык камсыздоо.
9) Жерге пандустарды жана чуңкурчаларды куруу (жолдун үстүнкү бетинин деңгээлинде) түрлөрү менен таразалардын түбүн даярдоого карата техникалык талаптар.
2. Таразалар 1-таблицада келтирилген параметрлерге дал келиши керек.
3. Эксплуатациялык документтерге карата талаптар
3. Таразалардын эксплуатациялык документтеринин комплектине төмөнкүлөр кирүүсү керек:
1) Таразанын паспорту (формуляр).
2) Таразаны эксплуатациялоо боюнча колдонмо.
3) Тараза терминалынын паспорту (формуляр).
4) Тараза терминалын эксплуатациялоо боюнча колдонмо.
5) Программалык камсыздоо боюнча пайдалануучунун колдонмосу.
6) Жогоруда аталган документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде болуусу керек.
4. Таразалар милдеттүү түрдө техникалык ресурс тууралуу маалыматтарды камтуучу орус тилиндеги эксплуатациялык документ менен коштолушу керек.
5. Эксплуатациялык документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде же түп нускадан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилиши керек.
4. Программалык камсыздоого карата талаптар
6. Программалык камсыздоо (мындан ары - ПрК) төмөндө аталган талаптарга ылайык келүүсү керек:
1) Функционалдык топтолмо - меню (же алардын аналогдору) функционалдык милдеттерине жана иштөө технологияларына ылайык топтолушу керек.
2) Бир функционалдуулук - менюнун (же анын аналогунун) ар бир пунктуна аткарылуусу бир гана функция ылайык келүүсү керек.
3) Бир варианттуулук - тигил же бул иш-аракет бир гана ыкма менен аткарылышы керек.
4) Түшүнүүдөгү бир түрдүүлүк - менюнун пункттары (же алардын аналогдору) колдонуучу аларды бир жактуу түшүнө тургандай көрүнүшү керек.
5) ПрК пайдалануу программалоо тилдерин тартпастан жүргүзүлүшү керек.
7. ПрК төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) Таразага тартуунун жыйынтыктарын окуу жана эсепке алуу программаларын; Таразага тартуунун жыйынтыктарына жетүүнүн ишке ашырылышын;
2) ПКнын дисплейинде таразага тартуунун жыйынтыктарын индикациялоо үчүн өз алдынча тиркеме катары колдонулушу керек жана тышкы программаларга маалыматтарды берүү менен көп компоненттүү тиркеменин курамында колдонулушу керек.
4) 2-таблицада келтирилген параметрлерге ылайык келүүсү керек.
5. Бажы кызматынын автоматташкан маалыматтар
системасына маалыматтарды берүү үчүн таразага тартуу
жыйынтыктарынын файлына карата талаптар
8). Файл ХМL форматта болуусу керек.
9) Файл төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
1) Таразага тартуунун номери (8 ондук разряддар).
2) "ЖЖ-АА-КК: сс-мм" таразага тартуунун форматындагы күнү жана убагы:
- ЖЖ - жыл;
- АА - ай;
- КК - күн;
- сс - саат;
- мм - минута.
а) аты-жөнү - оператордун аты-жөнү.
- Салмагы килограмм менен.
- Машинанын номери.
б) Файлдын аталуусу төмөнкү форматта болуусу керек:
- NNNNNNNNN_DDDDDDDD_TTTT.XML, мында:
- NNNNNNNNN - таразага тартуунун номери (нөлдөр турган сегиз разряддуу сан);
- DDDDDDDD - ортосунда боштуктарсыз таразага тартылган күн ЖЫЛ, АЙ, КҮН;
- ТТТТ - таразага тартылган убагы ортосундагы боштуктарсыз СААТЫ, МИНУТАСЫ;
- таразага тартуунун номери, күнү жана убагы төмөнкү сызыкча белгиси менен бөлүнүп туруусу зарыл;
- ХМL - файлдын кеңейүүсү.
Файлдын аталуусунун мисалы: 00000345_20091015_1345.ХМL.
6. Башка системалар менен маалыматтык
дал келүүсүнө карата талап
10. Таразалардын программалык камсыздоо оператордун (бажы органдарынын кызмат адамынын) локалдык жумуш ордунда (бир ПК) маалымат жыйноонун жана берүүнүн башка системалары менен (автомобиль номерлерин окуу жана так көрүү системасы, жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын тыш өлчөмдөрүн аныктоо системасы, бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды ташып өтүүнү контролдоо системасы менен) интеграцияланышы керек.
11. Системанын иштөөсүнүн алкагында программалык камсыздоо тарабынан түзүлгөн отчетту (4-пунктту караңыз) башка өз ара байланышкан автоматташкан тутумга (10-пунктту караңыз) Windows стандарттык каражаттары менен автоматтык түрдө өткөрүп берүү ишке ашуусу керек.
12. Маалыматтарды жыйноону жана өткөрүп берүүнү уюштуруу аныкталган эсепке алуу мөөнөтүндө толук көлөмдө маалыматтарды жүктөөнү камсыз кылган маалыматтарды жүктөөнүн атайын утилитасы аркылуу ишке ашырылышы керек.
7. Сертификациялоо жана аттестациялоо
13. Эл аралык мыйзам чыгаруу метрология уюмунун сунуштамаларына ылайык келүүсүнө карата OIML сертификаты.
14. Өндүрүүчү-ишканалардын тараза өндүрүшүнүн ИСО стандарттарына ылайык келүү сертификаты.
8. Кошумча талаптар
15. Таразага тартуу процесси автоматташкан режимде жүрүүсү керек. Оператордун аракети автотранспорт каражатын таразага тартуу процессинин башында жана аягында шлагбаумду ачуу/жабууну жөнгө салуу менен чектелет.
16. Географиялык-климаттык шарттары оор айрым автомобилдик өткөрүү пункттарында (бийик тоолуу жана суук мезгил узакка созулган мезгилде) таразалардын жүк кабыл алуу платформасы жабдууларды жаан-чачындан жана кардан коргоо үчүн атайын ылайыкташтырылган жабык жайда орнотулат;
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 1 жана 2-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабанов
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 19-июлундагы № 511 токтомунун
редакциясына ылайык)
┌───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────────┐
│Ка-│ Параметрлердин аталышы │ Параметрлердин │
│тар│ │ чоңдугу │
│ N │ │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────────┤
│ 1. Кыймыл учурунда динамикалуу (октор боюнча) │
│ таразага тартуунун жүк кабыл алуучу түзүлүшүнө (платформасына) │
│ карата жалпы талаптар │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────────┤
│1 │Таразалардын тиби │Платформалык, │
│ │ │электрондук │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│2 │Таразага тартуу жана маалыматтарды │Көп каналдуу │
│ │өзгөртүү системасы │санарип │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│3 │Автотранспорттун реверстүү кыймылы учурунда │Милдеттүү │
│ │таразага тартуу мүмкүнчүлүгү │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│4 │Автопоезддердин автоматтык түрдө толук │Милдеттүү │
│ │массасын аныктоо │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│5 │Автомобилдин жүк кабыл алуучу платформадан │Милдеттүү │
│ │саатына 3 км ылдамдыктан саатына 10 км чейинки│ │
│ │ылдамдыкта өтүүсүнөн көрсөткүчтөрдүн көз │ │
│ │карандуу болбоосун камсыз кылуу. Ченемдин │ │
│ │салыштырмалуу айырмасы +/-2% ашпоосу керек │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│6 │Иштөө шартында белгилүү убакыт ичинде │24 саат │
│ │үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана иштетүү│ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│7 │Даана көрсөткүчүнөн кем эмес динамикалуу │1 даана │
│ │(октор боюнча) таразага тартуучу платформаны │ │
│ │кошкондо жүк кабыл алуучу түзүлүштүн │ │
│ │курамындагы жүк кабыл алуучу │ │
│ │платформалардын саны │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│8 │Метр көрсөткүчүнүн чегинде жүк кабыл алуучу │ 3-3,2 │
│ │түзүлүштүн туурасы │ │
├───┼────────────┬─────────────────────────────────┼──────────────────┤
│9 │Эксплуата- │курчап турган чөйрөнүн │-50... +50 │
│ │циялоо │температурасы, град. Цельсия │ │
│ │шарттары ├─────────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │35 град. Цельсия, температурасын-│<=98 │
│ │ │да абанын салыштырмалуу │ │
│ │ │нымдуулугу, % │ │
│ │ ├─────────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │атмосфералык басым Па карата │84-107 (630-800) │
│ │ │(мм.рт.мм) │ │
├───┴────────────┴─────────────────────────────────┴──────────────────┤
│ 2. Динамикалык таразага тартуу режиминде таразаларга │
│ карата жалпы талаптар │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────────┤
│10 │Кыймыл учурунда транспорт каражаттарын │Милдеттүү │
│ │таразага тартуучу таразалар │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│11 │Таразалар Эл аралык мыйзам чыгаруу метрология │Милдеттүү │
│ │уюмунун сунуштамаларына дал келүүсү керек │ │
│ │(ЭММУ) │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│12 │Бир окту таразага тартуунун эң чоң чеги, тонна│ 25 │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│13 │Бир окту таразага тартуунун эң кичине │ 0,5 │
│ │чеги, тонна │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│14 │Метрологиялык мүнөздөмөлөрүн сактоо менен бир │ 25 │
│ │сааттын аралыгындагы мүмкүн болгон статикалык │ │
│ │милдет, тонна │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│15 │Бир автомобилдин (автопоезддин) окторунун │<=8 │
│ │мүмкүн болгон чектүү саны │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│16 │Нөлгө автоматтык байкоо жүргүзүү функциясынын │Милдеттүү │
│ │болуусу │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│17 │Ашыкча жүк тууралуу маалымат │Милдеттүү │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│18 │Окко карата басымдын параметрлеринин ченеми │Милдеттүү │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│19 │Таразалардын тактыгынын классы │ 2 │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│20 │Эсептөөнүн дискреттүүлүгү жана көп эмес │ 10 │
│ │текшерип бөлүү баасы, килограмм │ │
├───┼────────────┬─────────────────────────────────┼──────────────────┤
│21 │Эксплуата- │курчап турган чөйрөнүн температу-│-50... +50 │
│ │циялоо │расы бузулбаса град. Цельсия │ │
│ │шарттары ├─────────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │35 град. Цельсия, температурасын-│<=98 │
│ │ │да абанын салыштырмалуу │ │
│ │ │нымдуулугу, % │ │
│ │ ├─────────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │атмосфералык басым Па карата │84-107 (630-800) │
│ │ │начар эмес (мм.рт.мамы) │ │
├───┼────────────┴─────────────────────────────────┼──────────────────┤
│22 │Таразага тартылып жаткан автомобилдин ар бир │Милдеттүү │
│ │огуна карата басым тууралуу маалымат алуу │ │
│ │мүмкүнчүлүгү │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│23 │Таразаларды алгачкы жана мезгилдүү текшерүү │Милдеттүү │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────────┤
│ 3. Тензометриялык билдиргичтер │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────────┤
│24 │Тензометриялык билдиргичтер жасалган материал │Дат баспаган болот│
│ │андан начар болбоосу зарыл │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│25 │Тензометриялык билдиргичтердин нымдуулуктан │IP 68 │
│ │коргоо деңгээли андан начар болбоосу зарыл │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│26 │Тензометриялык билдиргичтердеги чагылгандан │Милдеттүү │
│ │коргогуч │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────────┤
│ 4. Динамикалуу (октор боюнча) таразага тартуу режими үчүн өзгөрткүч │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────────┤
│27 │Корпустун тиби │Нымдан корголгон │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│28 │Коргоо деңгээли андан начар болбоосу зарыл │IP 65 │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│29 │ПКга кошулуу интерфейси │RS-232 же RS485 │
│ │ │(платформа менен │
│ │ │ПКнын ортосундагы │
│ │ │аралыкка жараша) │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│30 │ 15% │ 220 │
│ │Жыштыгы 50 +/- 1 Гц, В + 10% өзгөрмө │ │
│ │токтун тармагынан алынган чыңалуусу │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────────┤
│ 5. Кошумча каражаттар │
├───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────────┤
│31 │Автотранспорт каражаттарынын номердик │Милдеттүү │
│ │белгилерин автоматтык түрдө окуу жана алар │ │
│ │тууралуу маалымат берүү системасы │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│32 │Тараза платформасына автотранспорттун кыймылын│Милдеттүү │
│ │уруксат берүүчү жана тыюу салуучу светофорлор │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│33 │Таразага тартуу процессине видеобайкоо │Милдеттүү │
│ │жүргүзүү системасы үчүн монитор │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│34 │Бардык системасы үчүн чыңалуусунун │Милдеттүү │
│ │стаблизатору │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│35 │ПК үчүн UPS 600 V/А │Милдеттүү │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│36 │Автотранспортту таразага тартуу актыларын │Милдеттүү │
│ │басып чыгаруу үчүн лазердик принтер │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│37 │Үн күчөткүч жана микрофону бар рупор │Милдеттүү │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│38 │ПКда интерфейси бар автоматтык шлагбаум │Милдеттүү │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│39 │Шлагбаумдарга орнотуу үчүн түстүү жарык │Милдеттүү │
│ │берүүчү маяк │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│40 │Номердик белгилерди так көрүү үчүн жогорку │Милдеттүү │
│ │уруксат берүүдөгү атайын видеокамералар │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│41 │Таразага тартуу процессине визуалдуу байкоо │Милдеттүү │
│ │жүргүзүү үчүн видеокамералар │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│42 │Жүк кабыл алуучу платформага чыгуучу жол │Милдеттүү │
│ │жол белгилери менен болушу керек │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│43 │Таразага тартуу процессин башкаруу жана ага │Милдеттүү │
│ │визуалдуу байкоо жүргүзүү үчүн обочолонгон │ │
│ │оператордун кызматтык жайы │ │
├───┼────────┬─────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│44 │Жол │"Токто" │Милдеттүү │
│ │белгиле-├─────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ри │Ылдамдык 5 км/сааттан ашык эмес │Милдеттүү │
│ │ ├─────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │"Алыс жана жакын жарык берүү │Милдеттүү │
│ │ │фараларын өчүрүңүз" │ │
└───┴────────┴─────────────────────────────────────┴──────────────────┘
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 19-июлундагы № 511 токтомунун
редакциясына ылайык)
┌───┬──────────────────────────────────────────────┬──────────────────┐
│ N │ 1. Параметрдин аталышы │ Параметрлердин │
│п/п│ │ чоңдугу │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│1 │Программалык камсыздоонун тили │Орусча │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│2 │Маалыматтардын өзгөрүүсүнө карата ага │Администратор/ │
│ │жеткиликтүүлүк укугунун чектелүүсү │Оператор │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│3 │Ар бир байланыш каналын диагностикалоо │Милдеттүү │
│ │функциясынын болуусу (тензометриялык │ │
│ │билдиргич) │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│4 │Штаттан тышкары жагдай түзүлгөн учурда │Милдеттүү │
│ │көрсөткүчтөрдү кайталоо функциясынын болуусу │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│5 │Штаттан тышкары жагдай түзүлгөн учурда │Милдеттүү │
│ │көрсөткүчтөрдү өз алдынча киргизүү │ │
│ │функциясынын болуусу │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│6 │Кызматкерлердин ПрКга авторлошкон контроль │Милдеттүү │
│ │жана коргоо функциясынын болуусу │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│7 │Таразага тартуунун жыйынтыктары боюнча │Милдеттүү │
│ │отчеттук маалыматтарды генерациялоо │ │
│ │функциясынын болуусу │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│8 │Белгиленген контролдук параметрлерден ашып │Милдеттүү │
│ │кетүүсү тууралуу эскертүү функциясы │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│9 │Негизги дүйнөлүк жүк ташуучу │Милдеттүү │
│ │автотранспортторду жасап чыгаруучулар боюнча │ │
│ │массалардын маалымат базасын киргизүү │ │
│ │мүмкүнчүлүгү (КМШ жана алыскы чет өлкөлөр) │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│10 │Таразага тартуу жыйынтыктарын маалыматтар │Милдеттүү │
│ │базасына чогултуу функциясынын болуусу │ │
├───┴──────────────────────────────────────────────┴──────────────────┤
│ 2. Отчетторду түзүү │
├───┬─────────────────┬────────────────────────────┬──────────────────┤
│11 │Төмөнкүлөр боюнча│Жөнөтүүчү │Милдеттүү │
│ │топтомо отчет: ├────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │Алуучу │Милдеттүү │
│ │ ├────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │Автотранспорт каражатынын │Милдеттүү │
│ │ │маркасы │ │
│ │ ├────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │Автотранспорт каражатынын │Милдеттүү │
│ │ │номери │ │
│ │ ├────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │Автотранспорттун өтүү │Милдеттүү │
│ │ │ылдамдыгы │ │
│ │ ├────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │Автотранспорт каражатынын │Милдеттүү │
│ │ │чиркегичтин/чиркегичтеринин │ │
│ │ │номерлери │ │
│ │ ├────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │ │Таразага тартылган күнү │Милдеттүү │
├───┼─────────────────┼────────────────────────────┴──────────────────┤
│12 │ПрКдагы оператор-│ Милдеттүү │
│ │дун аракеттери │ │
│ │тууралуу отчет │ │
└───┴─────────────────┴───────────────────────────────────────────────┘