КР 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 643
токмунун редакциясына ылайык
КУЧУН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-декабры № 590 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун редакциясына ылайык
2008-жылдын 6-июнундагы № 273) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактаргажана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартиралардыажыратып берүү боюнча комиссиянын иш-аракетин тартипке келтирүү макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы №82 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө-лүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан туракүйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө жобо-го төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 1-пункттун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакция-да берилсин: "Комиссияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигининстатс-катчысы же болбосо Кыргыз Республикасынын юстиция министрининорун басары жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын юстиция министрианыктайт."; - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Комиссия 5 адам курамында Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлигинин алдында түзүлөт. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-нистрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздуккомитетинен бирден өкүл кирет. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасы-нын юстиция министринин буйругу менен бекитилет."; 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2008-жылдын 1-июлуначейинки мөөнөттө Комиссиянын ишин жөнгө салуучу Жобону өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 6-июнундагы № 273токтомунун редакциясына ылайык) 3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев