Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-декабры № 599 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар иши боюнча департаментинин маселелери "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-ринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын ведомстволук подразделениелерин түзүү жана мамлекеттик иш-каналарды түзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 6-июнундагы № 211 токтомуна ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жанаспорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тиктин Жаштар иши боюнча департаменти жөнүндө тиркелген жобо бекитил-син. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жанаспорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тик өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев